1-апрель Иранда эң маанилүү жана тарыхый күндөрдүн бири. Бул күнү ирандыктар 1979-жылы шахтын режими кулатылгандан кийин Ислам республикасын түзүү үчүн добуш берген жалпы элдик референдумдун жылдыгын белгилешет.
1979-жылдын 11-февралында Ирандагы Ислам революциясынан кийин, 30-31-мартта өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы 1-апрелде жарыяланып, анда Иран жарандарынын 98,2%ы өлкөдөгү саясий системаны өзгөртүүнү жактап, өлкөнүн башкаруу формасы “Ислам Республикасы” деп белгиленген. Андан бери 1-апрель “Ислам Республикасынын күнү” катары белгиленип келет.
Быйыл да АКШ менен Израилдин чабуулдарына карабастан 31-март күнү өлкө боюнча, анын ичинде Тегеранда Иран жетекчилигин колдоо жана Ислам Республикасынын күнүн белгилөө үчүн негизги аянттарга жүз миңдеген адамдар чогулушту.
Майрамдык иш-чараларга президент Месуд Пезешкиан жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи да эл менен катар катышты.
Борбор калаанын тургундары “Ынкылаб” аянтына чогулуп, Ирандын желектерин көтөрүп, АКШ менен Израилге каршы ураандарды чакырышты.
Батыш өлкөлөрүнүн Иранга карата басымы, январь айындагы толкундоолор жана АКШ менен Израиль 28-февралда баштаган агрессия өлкө ичинде күтүлгөндөй бөлүнүүнү эмес, тескерисинче, мурдагыдан да бекем биримдикти жаратты. Согуш башталган бир айдан бери Иран эли бир муштум болуп биригип, күн-түн дебей өлкөсүн, бийликти жана коргоо күчтөрүн колдоо максатында көчөлөргө чыгып жатышат.


















