Иран АКШнын USS Abraham Lincoln аскердик учактарды ташуучу кемесинин кыймылын тыкыр көзөмөлдөп жатканын жана ал иран ракеталарынын жетүү аймагына кирген сайын сокку уруларын билдирди.
Бул тууралуу Иран армиясынын деңиз күчтөрүнүн командири Шахрам Ирани айтты.
Анын сөзүнө караганда, душман кемелеринин тобунун бардык аракеттери жана жылышы дайыма көзөмөлдө турат. «USS Abraham Lincoln» ракеталык системалардын жетүү зонасына кирген учурда, ал деңиз күчтөрү тарабынан күчтүү соккулардын бутаасына айланат», — деп билдирген ал.
Маалыматка ылайык, бул билдирүү АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп жаткан шартта жасалды.
















