Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин Эр-Рияддагы жыйынынын жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Иранга байланыштуу айрым пункттарды айыптап, аларды кайталануучу, конструктивдүү эмес жана жемишсиз деп мүнөздөдү.
Насер Канани Перс булуңундагы Иран аралдарына байланыштуу пункттарды четке кагып, Перс булуңундагы Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдары Иран Ислам Республикасынын аймагынын ажырагыс жана түбөлүктүү бөлүгү экенин баса белгиледи.
Иран Ислам Республикасы турак жай куруу, чиновниктердин Иранга тиешелүү аралдарга баруусу ошондой эле анын аймактык чек араларында аскердик машыгууларды өткөрүүгө байланыштуу ар кандай билдирүүлөрдү анын эгемендүү иштерине кийлигишүү катары эсептеп, аны айыптай турганын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ошондой эле бул жыйында Кувейттин Араш газ кени боюнча бир тараптуу дооматын четке кагып, кайталанма билдирүүлөр жана бир тараптуу дооматтар эч кандай юридикалык мааниге ээ эмес экенин жана Кувейт тараптын эч кандай укуктарын далилдей албастыгын белгиледи.
Анын айтымында, Араш жерине байланыштуу бирден-бир логикалык жана жемиштүү чечим – жакшы коңшулукка жана жалпы кызыкчылыктарды урматтоого негизделген туруктуу келишимге жетишүү үчүн техникалык жана укуктук сүйлөшүүлөр жана эки тараптуу диалог үстөлүнө кайтуу.
Канани ошондой эле Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселеге токтолуп, Иран Ислам Республикасы ар дайым эл аралык мыйзамдарды жана милдеттенмелерди карманып келгенин, ошондуктан тынчтык максаттагы өзөктүк программасына байланыштуу негизсиз билдирүүлөрдү эч нерсеге арзыбайт деп эсептеди.
Белгилей кетсек, Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин министрлери 9-сентябрда Эр-Риядда өткөн жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жарыялаган билдирүүсүндө Перс булуңундагы Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдарынын статусун сөз кылышып, Ирандын өзөктүк программасынын өнүгүшүнө тынчсыздануусун билдиришкен.















