Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун “Улуу Израиль” тууралуу билдирүүсүн айыптап, Газадагы эвакуация чечимин согуш кылмышы деп атады.
“Тышкы иштер министрлиги сионисттик режимдин Газа шаарын эвакуациялоо жана анын тургундары менен жардамсыз качкындарды кайра-кайра көчүрүү чечимин катуу айыптайт”,-деп айтылат министрликтин Telegram каналында жарыяланган билдирүүсүндө.
Ирандын ТИМи белгилегендей, Израилдин Газа секторунун тургундарын күч менен көчүрүү чечими “аскердик кылмыштын жана адамзатка каршы кылмыштын айкын мисалы” болуп саналат. Бул чечимдин максаты “геноцидди аяктоо жана Палестинаны улут катары жок кылуу планын аягына чыгаруу” экени баса белгиленди.
Ведомстводон кошумчалашкандай, Иран эл аралык коомчулуктун, айрыкча ислам өлкөлөрүнүн, палестиналык элге каршы согушту жана геноцидди токтотуу үчүн шашылыш чара көрүшү зарылдыгын белгилейт.
12-августта Нетаньяху I24 телеканалына берген маегинде “тарыхый жана руханий миссиясын аткарып жатканын” билдирип, анын “Улуу Израиль” концепциясы менен байланышын сезерин айткан. “Улуу Израиль” концепциясы жөөт мамлекетинин аймагын кеңейтүүнү жактаган диний жана саясий агымдардын контекстинде колдонулат. Аталган идеологиялык концепция Израилдин аймагын Сирия, Иордания, Ливан жана Египет сыяктуу коңшу мамлекеттердин аймактарынын бир бөлүгүнүн эсебинен кеңейтүүнү, ошондой эле Палестинанын бардык жерлерин – Газа тилкесин да, Иордан дарыясынын батыш жээгин да, Чыгыш Иерусалимди да аннексиялоону болжолдойт.
Буга чейин Араб мамлекеттеринин Лигасы Нетаньяхунун “Улуу Израиль” концепциясы боюнча билдирүүсүн айыптап, аны араб өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч катары эсептеген.















