Тажикстан менен Ирандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча 23 жаңы документке кол коюлду.
Бул тууралуу Иран президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюу иш-чарасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкяндын катышуусу менен өттү.
Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнүн астына Рахмон менен Пезешкияна кол коюшту.
Кол коюлган документер:
- Тажикстан менен Ирандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасы;
- Тажикстандын Транспорт министрлиги менен Ирандын Порттор жана дарыя кемелери уюмунун ортосундагы Чабахар порту аркылуу жүк ташууну өнүктүрүү боюнча кызматташууну ишке ашыруу программасы;
- Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты ишке орноштуруу министрлиги менен Ирандын Маданий мурастар, туризм жана кол өнөрчүлүк министрлигинин ортосундагы улуттук жана заманбап кол өнөрчүлүк жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Тажикстан менен Иран өкмөтүнүн ортосундагы 2025-2027-жылдарга өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу боюнча Меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
- Тажик улуттук университети менен Ирандын Генетикалык инженерия жана биотехнология институтунун ортосундагы меморандум;
- Тажикстандын Шириншо Шохтемур атындагы агрардык университети менен Ирандын Генетикалык инженерия жана биотехнология институтунун ортосундагы меморандум;
- Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги менен Ирандын Жыргалчылык уюмунун ортосундагы социалдык чөйрөдө жана калктын аялуу катмарын коргоодо кызматташуу жөнүндө меморандумга Биргелешкен аракеттер программасы;
- Абу Али ибн Сино атындагы Тажикстан мамлекеттик медициналык университети менен Ирандын Генетикалык инженерия жана биотехнология институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Тажикстандын Республикалык илимий кан борбору менен Ирандын кан куюу уюмунун ортосундагы меморандум;
- Тажикстандын Азык-түлүк коопсуздугу комитети менен Ирандын Айыл чарба жихад министрлигинин ортосундагы жаныбарлардын саламаттыгы жана ветеринария маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Тажикстандын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитети менен Ирандын аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президентинин ортосундагы аялдар жана үй-бүлө жаатында кызматташуу боюнча меморандум;
- Тажикстандын Мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги менен Ирандын Башкы инспекциясы уюмунун ортосундагы коррупцияга каршы күрөшүү жаатында кызматташуу боюнча меморандум;
- Тажикстандын Инновациялар жана санариптик технологиялар боюнча агенттиги менен Ирандын Байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Тажикстандын Статистика агенттиги менен Ирандын Статистикалык борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Тажикстандын Стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо жана соода инспекциясы боюнча агенттиги менен Ирандын Стандартташтыруу боюнча улуттук уюмунун ортосунда стандартташтыруу жана метрология жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Тажикстандын Байланыш кызматы менен Ирандын Маалымат жана телекоммуникациялык технологиялар министрлигинин ортосундагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Тажикстандын Бажы кызматы менен Ирандын Бажы башкармалыгынын ортосундагы окутуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Тажикстандын Улуттук илимдер академиясы менен Ирандын Генетикалык инженерия жана биотехнология институтунун ортосундагы меморандум;
- Тажикстандын Башкы архив башкармалыгы менен Документтер уюму менен Ирандын Улуттук китепканасынын ортосундагы меморандум;
- Тажикстандын стратегиялык изилдөөлөр борбору менен Ирандын Ислам кеңешинин изилдөө борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Тажикстандын Ислам изилдөөлөр борборунун мамлекеттик мекемеси менен Ирандагы ислам масхабдарын жакындаштыруу боюнча дүйнөлүк ассамблеянын илимий изилдөө борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Ирандын Эл аралык көргөзмөлөр акционердик компаниясынын ортосунда көргөзмө тармагында кызматташуу боюнча меморандум.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Ирандын президенти Масуд Пезешкян алгачкы мамлекеттик сапары менен Душанбеде жүрөт.


















