Иран менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимди Иран парламенти ратификациялады жана ал март-апрель айынын аягында ишке ашырылат.
Бул тууралуу Өнөр жай, тоо-кен жана соода министри Мохаммад Атабак билдиргенин “Mehr” агенттиги жазды.
Анын айтымында, ЕАЭБ мүчө өлкөлөр да келишимди аягына чыгарышып, парламенттери тарабынан бекитилди.
Иран менен ЕАЭБдин ортосундагы эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге токтолгон министр 14-өкмөттөгү жагымдуу нерсе – соода мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган эл аралык келишимдердин түзүлүп жатканы деп кошумчалады.
“ЕАЭБ менен эркин соода келишими биздин товарлардын 87 пайызын бул биримдикке мүчө өлкөлөргө нөлдүк тариф менен экспорттоого, ошондой эле бул өлкөлөрдөн товарларды нөлдүк тариф менен импорттоого мүмкүндүк берет. Бул биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдүн жалпы калкы 240 миллион адамды түзөт, ошондуктан аны пайдаланууга боло турган чоң рынок”, – деди Атабак.
Январь айында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин күчүнө киргизүү үчүн ЕАЭБде зарыл болгон бардык процедуралар аяктагшанын, жакын арада бул процесс Иранда да аяктайт деп күтөрүн билдирген.
Эске салсак, 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербургда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Бул документ 2019-жылдан бери күчүндө болгон убактылуу келишимдин ордун басат. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өткөн.















