Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу Борбор Азияга кандай таасир этет?

  • Эксперттин пикири
  • 25.02.2026 10:40

Loading

Акыркы кезде Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу курчуп, согуш чыгып кетүү да коркунучу жаралууда. Бирок эки өлкө ядролук жана башка келишимдерге жетишпей, кырдаал согуштук жол менен чечилсе, анда анын кесепети Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай болот? “Евразия Бүгүн” маалымат агенттиги бул суроого жооп алуу үчүн эксперттерге кайрылды:

Канатбек Мурзахалилов, эл аралык  маселелер боюнча эксперт:

Иран менен АКШнын ортосунда жаңжал чыгып кетсе, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү радикалдык топтор баш көтөрүшү мүмкүн

Тема боюнча

Иран АКШга Ормуз кысыгы боюнча планын сунуштады

Иран АКШга Ормуз кысыгы боюнча планын сунуштады

25.09.2026

– Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгыштагы абал чындап эле курчуп баратат. Бул АКШнын Иранга жакынкы күндөрү аскердик сокку урушу мүмкүн деген коркунуч менен байланыштуу. Эгерде мындай сценарий ишке ашса, анда тиреш эки өлкө менен гана чектелбейт. Кырдаал дүйнөдөгү энергетикалык рынокторго, соода агымдарына жана аймактык коопсуздукка чоң зыян алып келет. Борбор Азия түздөн-түз согуш талаасына айланбаса да, кагылышуунун толкундары сөзсүз түрдө аймакка жетет.

Иран дүйнөлүк мунай агымынын стратегиялык чекитинде жайгашкан мамлекет. Андагы Ормуз кысыгы аркылуу күн сайын 20 миллион баррелге чейин мунай ташылат. Чыңалуу күчөп, кысык коркунучка кабылса, мунайдын баасы 20–50%га көтөрүлүшү мүмкүн. Бул күйүүчү майдын кымбатташына алып келет. Транспорттук чыгымдардын өсүшү менен азык-түлүк, курулуш материалдары жана күнүмдүк товарлардын баасы да жогорулайт.

Баанын өсүшү Борбор Азия өлкөлөрүнө ар түрдүүчө таасир этет. Казакстан мунай экспорттоочу өлкө катары кыска мөөнөттө кирешесин көбөйтө алат. Бирок узак мөөнөттө логистикалык тоскоолдуктарга жана инвестициялык тобокелдиктерге кабылуу ыктымалдыгы жогору. Түркмөнстан газ экспорттоочу катары жаңжалдан пайда көрүшү мүмкүн. Бирок санкциялар төлөм жүргүзүүчү каналдарга таасир этип, сооданы кыйындатуу коркунучу бар. Ал эми Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу мунай импорттоочу өлкөлөр үчүн инфляция өзүнүн терс натыйжасын берет. Айрыкча Кыргызстан менен Тажикстан үчүн күйүүчү майдын кымбатташы экономикага олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, Иран аркылуу өткөн Кытай–Европа транзиттик коридорлорунда да тоскоолдуктар пайда болот. Транзиттик чыгымдардын өсүшү көмүр, металл, текстиль сыяктуу товарлардын экспортун кымбаттатып, инфляцияны күчөтүп, аймактык өлкөлөрдүн экспорттук атаандаштыгын алсыратуу коркунучу жогору.

Экономикалык кыйынчылыктар менен катар эле, жаңжал радикалдуу идеологиялардын күчөшүнө да түрткү берет. Согуштук риторика, экстремисттик чакырыктар социалдык тармактар аркылуу жайылып, айрым радикалдуу топтор бул кырдаалды пропагандалык максатта пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн.
Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук эл аралык көңүлдү Афганистан факторунан башка жакка бурат. Борбор Азия мамлекеттери үчүн чек ара коопсуздугу, транзит жана мыйзамсыз агымдар маселеси кайра күн тартибине чыгат.

Мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү көп векторлуу саясатты карманышат. Бир тарапты ачык колдоо экинчи тарап менен мамилени начарлатышы мүмкүн болгондуктан, нейтралдуулук эң оптималдуу стратегия болуп саналат. Аймактын глобалдык процесстерге түз таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан мамлекет лидерлери эл аралык уюмдардын алкагында дипломатиялык жана гуманитардык демилгелерди көтөрүп, тынчтыкка чакырууга умтулушат.

АКШ–Иран тиреши Борбор Азия үчүн түз согуш коркунучун жаратпайт. Бирок ал экономикалык жана саясий сыноо болуп калат. Жаңжалдын ыктымалдуулугу шартында Борбор Азия мамлекеттеринин алдында бир катар маселелер турат. Аларга мунай резервдерин көбөйтүү, инфляцияны көзөмөлдөө, ички жана тышкы коопсуздукту чыңдоо, нейтралдуу дипломатияны улантуу кирет. Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы регионалдык кызматташтыкты күчөтүү зарыл. Мындай кадамдар тобокелдиктерди азайтууга жардам берет.

Уланбек Тотуяев, эл аралык маселелер боюнча эксперт, Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси:

АКШ Иранды бомбаласа, анын кесепети бүтүндөй Түштүк Азия аймагына тиет

– АКШ жакынкы күндөрү Иранга сокку урат деген сөздөргө мен мындай деп айтат элем, мындай сөздөр көптөн бери дүйнөлүк маалымат булактарына чыгып жатат. Америка тарап да сокку уруу боюнча маалыматтарды таратып жатышат. Эки мамлекеттин ортосундагы чыңалуунун болушу жана кесепети Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөзсүз болт. Себеби Борбор Азия мамлекеттери менен Ирандын ортосундагы байланыштар соода, логистикалык, транзиттик жагынан караганда, экономикалык таасири тийиши мүмкүн. Себеби дегенде Түркмөнстан, Борбор Азиянын башка  мамлекеттери соода жүгүртүүнү Ирандын порттору аркылуу жүргүзүп келет.

Андан тышкары экинчи маселе, бул эгерде ошондой окуя боло турган болсо, Ирандан көзөмөлгө алынбаган миграция болуп кетиши мүмкүн, Борбор Азия мамлекеттерине. Анын ичинде ар кандай террордук уюмдар да колдонуп кетиши мүмкүн деп эсептеймин. Ошол себептен Борбор Азиядагы ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы ошол региондогу стабилдүүлүк өтө маанилүү. Себеби ошол эле учурда бул согуштун кесепеттери Түштүк Азия мамлекеттерине да тийиши мүмкүн. Себеби бул мамлекеттердин да Иран менен соода, экономикалык, маданий, гуманитардык карым-катнашы бекем.

Ошол себептен ар бир Борбор Азия мамлекети маселени тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүү сунушун билдирет деп ойлоймун. Бул улуттук кызыкчылыктын негизинде келип чыгат. Албетте, бул маселе деле БУУнун Коопсуздук Кеңешинде каралышы керек. Себеби бул жагдай өтө орчундуу маселе болуп турбайбы.

Андан тышкары акыркы күндөрү айрым Борбор Азия мамлекеттеринин Трамптын чакыруусу менен АКШга барышты. Менимче алар деле Трамп менен жолугушууда өздөрүнүн позициясын билдирди деп ойлоймун.

Албетте, биз Кыргызстан дипломатиялык жолдор аркылуу бул маселени чечүүнүн зарылчылыгын билдиришибиз керек. Себеби биздин деле Иран менен логистикалык, экономикалык кызыкчылыктарыбыз бар. Акыркы кезде Тажикстандын Иран боюнча билдирүүсүн билем, андан тышкары деле Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин расмий эки тараптуу билдирүүлөрү болду окшойт.

Даярдаган Эмилбек Момунов

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Иран-АКШ тирешүүсүОмандагы Иран-АКШ сүйлөшүүлөрүЭксперттин пикири
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Галибаф Рубиого жооп кайтарды: «Силерди Валериандын тагдыры күтөт, тизе бүгүүгө аргасыз болосуңар»

Галибаф Рубиого жооп кайтарды: «Силерди Валериандын тагдыры күтөт, тизе бүгүүгө аргасыз болосуңар»

10.10.2026
Иран АКШга Ормуз кысыгы боюнча планын сунуштады

Иран АКШга Ормуз кысыгы боюнча планын сунуштады

25.09.2026
Доллардын ордуна улуттук валюталар: Ирандын БРИКСтеги жаңы натыйжалуу стратегиясы

Доллардын ордуна улуттук валюталар: Ирандын БРИКСтеги жаңы натыйжалуу стратегиясы

12.09.2026
Al Hadath: Иран менен АКШ өз ара агрессиядан баш тартууга макулдашты

Al Hadath: Иран менен АКШ өз ара агрессиядан баш тартууга макулдашты

21.07.2026
Жакынкы Чыгыштагы кризис жана Евразиянын коопсуздугу: Бишкекте эксперттер Ирандын айланасындагы согуштун кесепеттерин талкуулашты

Жакынкы Чыгыштагы кризис жана Евразиянын коопсуздугу: Бишкекте эксперттер Ирандын айланасындагы согуштун кесепеттерин талкуулашты

14.03.2026
“Израиль менен АКШнын жеңилүүсү айдан ачык”. Тажик дипломаттары Ирандагы согуш тууралуу эмне деп ойлошот?

“Израиль менен АКШнын жеңилүүсү айдан ачык”. Тажик дипломаттары Ирандагы согуш тууралуу эмне деп ойлошот?

13.03.2026
Оман жана Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдө «олуттуу жылыш» болгонун ырасташты

Оман жана Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдө «олуттуу жылыш» болгонун ырасташты

27.02.2026
Иран ракеталарынын учуу аралыгын атайылап 2000 км. менен чектеди

Иран ракеталарынын учуу аралыгын атайылап 2000 км. менен чектеди

26.02.2026
Иран АКШ менен Женевада тең укуктуу келишимге жетишүү мүмкүн деп эсептейт

Иран АКШ менен Женевада тең укуктуу келишимге жетишүү мүмкүн деп эсептейт

26.02.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.