Иран Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гроссини уюм менен кызматташууну жандандыруудагы «негизги көйгөй» деп эсептейт. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Атомдук энергия уюмунун (ОАЭИ) жетекчиси Мохаммад Эслами билдиргенин ТАСС жазды.
«ТИМ менен агенттик өкүлдөрүнүн эки жолу жолугушуусу болду, үчүнчү жолугушуу да пландалган. Биздин МАГАТЭге болгон башкы дообуз – анын башкаруу системасы гегемониялык тартиптин таасиринде экендиги, ал эми негизги көйгөй башкы директордун өзүндө», — деди ал.
28-августта Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади, эгерде «евроүчтүк» (Улуу Британия, Германия жана Франция) тарабынан Иранга каршы БУУнун санкцияларын кайра иштетүү механизми ишке киргизилсе, анда Тегеран МАГАТЭ менен кызматташуудан баш тартышы мүмкүн экенин билдирген.
13-августта Улуу Британия, Германия жана Франция БУУга кат жөнөтүп, эгерде Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырбаса, Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр экенин айткан.
Буга чейин ШКУ Израил менен АКШнын Иранга жасаган соккуларын айыптаган.















