Иран АКШнын коркутууларына жооп кайтарды.
Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасы Эбрахим Азизи агрессорлорго катуу сокку урулаарын билдирди.
🗣 «Эгерде кандайдыр бир баскынчы Ислам Республикасынын ыйык жерине кадам таштаса, биз ал бутту кесип салабыз!» – деп билдирди Азизи IRNA агенттигине берген интервьюсунда.
🔺 Негизги билдирүүлөр:
✅ Иран эч качан согуш баштабаганын, бирок баскынчыларга каршы катуу каршылык көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
✅ АКШ жана Израиль Ирандын коопсуздугуна шек келтирсе, алар өздөрүн дүйнөнүн эч бир жеринде коопсуз сезе алышпайт.
✅ АКШ же Израиль менен кызматташкан өлкөлөр да согуш талаасындагы бута катары каралат.
🔴 Бул билдирүү Иран менен Батыштын ортосундагы чыңалуунун күчөгөнүн көрсөтүүдө.















