Иран “евроүчтүктүн” (Улуу Британия, Франция жана Германия) Тегеранга каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бардык санкцияларын калыбына келтирүүнү караган snapback механизмин активдештирүү демилгесине пропорционалдуу жооп берет.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдирди.
“Бул механизмди [snapback] өз кызыкчылыктары үчүн колдонууга тынымсыз аракет кылып жаткан Европа өлкөлөрү Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (өзөктүк келишим) боюнча милдеттенмелерин өздөрү одоно бузуп, аларды аткара алышкан жок, ошондуктан аларда бул механизмди ишке киргизүү үчүн эч кандай юридикалык жана этикалык негиз жок”, – деди ал жумалык брифингде.
Багаинин айтымында, эгер “евроүчтүк” бул механизмди ишке киргизсе, Иран пропорционалдуу жооп берет.
Snapback процедурасы Ирандын өзөктүк программасы боюнча Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планында каралган, ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2015-жылы өзөктүк келишимдин алкагында жоюлган Тегеранга каршы бардык санкцияларын калыбына келтирүүнү билдирет.
Эске салсак, Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрдү токтотулганына карабай, өзөктүк программа боюнча “европалык үчтүк” менен консультациялар уланууда. Акыркы жолугушуу 20-июнда Женевада Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине кол салуусу учурунда өткөн. Жолугушууда тараптар диалогду улантууга макулдашышкан.
















