Иран быйыл россиялык туристтердин саны 50 миңден ашат деп күтүүдө. Бул тууралуу Ирандын Маданий мурас, кол өнөрчүлүк жана туризм министрлигинин эл аралык туризмди өнүктүрүү департаментинин директору Мослем Шожайи Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө (ВДНХ) эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өткөн “Эл аралык туризм. Россия жана дүйнө” пленардык сессиясында билдирди.
“Өткөн жылы бизге Россиядан 50 миң турист келди, бул көрсөткүч быйыл дагы жогору болот деп күтөбүз”, – деди ал.
Мындан тышкары, ал Россияга Ирандан 60 миң турист келгенин белгиледи.
Шожайи топтук сапарлардын алкагында россиялык үчүн виза режиминин жоюлушуна көңүл бурду.
“Топтук сапарлар – бул 5-50 адам Иранда 15 күн бою жүрө алат”, – деди ал.
Ал учурдан пайдаланып, орус тарапка бул сапарларды турукташтырууга жана уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, учурда Россия менен кызматташууга кызыкдар болгон 193 оператор туристтерге кызмат көрсөтүүдө. Россия дагы бул визасыз топтук сапарлардын алкагында иштеген операторлор менен камсыздаган.
Ал белгилегендей, Россия менен Ирандын бай маданияты, тарыхы, ошондой эле жаратылыштын кооз жерлери бар жана булар туристтерди алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.
“Ошондуктан, биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн биргелешкен кадамдарды жасашыбыз керек жана бул туристтердин агымына жардам берет”, – деп кошумчалады Шожайи.

















