Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырбайт

  • Башкы жаңылыктар
  • 07.10.2025 16:28

Loading

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдиргендей, үч европалык өлкөнүн ядролук маселе боюнча жүрүм-туруму келечектеги сүйлөшүүлөрдүн нугун өзгөрттү жана азыркы этапта Тегеран АКШ менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзүүнү пландаштырбайт.

Дүйшөмбү күнү өткөн жума сайынкы маалымат жыйынында Эсмаил Багаи ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан үч европалык өлкөнүн (Улуу Британия, Франция жана Германия) акыркы аракеттерин “жоопкерсиз жана бузук позиция” деп сынга алды.

Анын айтымында, бул өлкөлөр СВПД (Ирандын ядролук келишими) алкагындагы талаштарды жөнгө салуу механизмин кыянаттык менен колдонуп, АКШнын талаптарын БУУнун Коопсуздук кеңешине таңуулагысы келген. Муну менен катар, алардын Иранды сүйлөшүүлөргө катыштырууга койгон шарттары такыр негизсиз болгон.

Тема боюнча

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026

Багаи белгилегендей, Иран МАГАТЭ (Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттик) менен кепилдик милдеттенмелердин алкагында конструктивдүү диалог жүргүзүп, агенттик канааттанган жаңы кызматташтык чегин түзгөн. Башында Европанын өзү бул кадамдарды колдогон, бирок кийин үч өлкө өз позициясынан баш тарткан.

«Европалыктардын негизсиз талаптары алардын сүйлөшүүлөрдөгү өнөктөш катары ролун аткаруусуна жол берген жок. Ошондуктан келечектеги сүйлөшүүлөр мурдагыларына салыштырмалуу таптакыр башкача болот», — деди ал.

Пресс-катчы кошумчалагандай, үч европалык өлкөнүн аракети АКШнын кызыкчылыгын коргоого болгон умтулуу менен түшүндүрүлөт, ал эми акылга сыярлык же укуктук негиздерге негизделген эмес. Бул өлкөлөр СВПД келишиминин катышуучулары катары өз кызыкчылыктарын жана аброюн эске алышкан эмес.

Ирандын бул позициясын Кытай менен Россия да колдой турганын белгилеп, Багаи мындай деди:

«Россия, Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары, бул аракеттердин мыйзамсыз экенин ачык билдирди. Иран да өзүнүн нааразылыгын расмий түрдө билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жүрүм-турумун сынга алды».

Ал мындан ары мындай деп кошумчалады:

«Үч европалык өлкөнүн мындай кадамдары БУУнун мүчө-мамлекеттери үчүн эч кандай укуктук милдет жаратпайт. Ошондуктан өлкөлөр БУУнун Уставына ылайык, бул мыйзамсыз жана таңууланган чечимди ишке ашыруудан баш тартуусу керек».

Багаи ошондой эле Иран делегациясынын Нью-Йоркко болгон жакындагы сапарын эске алып, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагындагы жолугушуулар тууралуу айтты. Анын айтымында, алар БУУнун Башкы катчысы менен маанилүү жолугушуу өткөрүшүп, анда үч европалык өлкөнүн мыйзамсыз аракеттери жана СВПД механизмин бузуп колдонуу фактылары кеңири талкууланган.

Ал мындай деп белгиледи:

«2006–2010-жылдары Иран боюнча кабыл алынган бардык резолюциялар консенсус аркылуу же болбосо Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн каршы пикирисиз кабыл алынган. Бирок азыр эки туруктуу мүчө санкцияларды кайра жандандырууга каршы чыгып, консенсустун жоктугун көрсөттү. Демек, Коопсуздук кеңеши эч кандай мыйзамдуу чечим кабыл алган жок».

Багаи үч европалык өлкөнүн санкцияларды калыбына келтирүү аракетин “бир тараптуу кадам” деп мүнөздөдү.

Анын айтымында, БУУнун 2231-резолюциясына ылайык, Ирандын ядролук программасына байланышкан бардык чектөөлөр 18-октябрда жоюлушу керек болчу жана бул маселе Коопсуздук кеңешинин күн тартибинен чыгарылышы зарыл эле.

Өз сөзүнүн башка бөлүгүндө Багаи АКШ жана Израилдин июнь айындагы Иранга каршы агрессиясын эскерип, бул чабуулдар Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк объектилерине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы мыйзамсыз аракеттер болгонун айтты.

Анын айтымында, МАГАТЭнин баяндамасы жана аны АКШ менен үч европалык өлкөнүн саясаттык максатта колдонушу бул чабуулдарга шылтоо болгон. Ал андан ары мындай деп баса белгиледи:

«МАГАТЭнин эч бир баяндамасында Ирандын ядролук программасы тынчтык жолунан четтегенине далил жок. Агенттик Израил менен АКШнын мыйзамсыз аракеттерин дароо айыпташы керек эле».

Ошондой эле Багаи мындай деп баса белгиледи, БУУ жана МАГАТЭнин резолюцияларына ылайык, тынчтык максаттагы өзөктүк объектилерге кол салууга тыюу салынат.

«Биз үмүттөнөбүз, акыркы окуялар агенттик үчүн сабак болуп, техникалык ыйгарым укуктарды саясий максатта колдонууга жол бербейт», — деди Багаи.

Ал дагы бир жолу баса белгилеп:

«Иран ар дайым МАГАТЭни өзүнүн техникалык милдеттерине жана ыйгарым укуктарына гана көңүл бурууга, ал эми АКШ же Батыш өлкөлөрүнүн таасиринен качууга чакырып келген».

Маалымат жыйындын жыйынтыгында Багаи:

«Азыркы этапта Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырбайт. Биз европалык “үчтүктүн” жана АКШнын аракеттеринин кесепеттерин талдоого көңүл буруп жатабыз. Дипломатия – бул байланыш жана кеңешмелерге негизделген процесс жана эгер Иран дипломатияны натыйжалуу деп тапса, бардык чечимдер улуттук кызыкчылыктар менен артыкчылыктарды эске алуу менен кабыл алынат», — деди.

Ошондой эле ал АКШнын расмийлери тарабынан айтылган, Иранга каршы “мактануу мүнөзүндөгү билдирүүлөр” АКШнын эл аралык жоопкерчилигин күчөткөнүн белгилеп, мындай деди:

«АКШ өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин моюнга алганы менен, бул аларга эч кандай легитимдүүлүк бербейт. Тескерисинче, бул дүйнөлүк коомчулукка жана иран элине АКШнын мыйзамдарды жана эл аралык нормаларды бузуп жатканын гана көрсөтөт».

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШираниран-америка тирешиИсмаил Багаиөзөктүк келишим
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

19.11.2026
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.