• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3418 Категория: Интервью - Published: 22/04 - 17:15

БИШКЕК, 22-апрель. — Eurasia Today.  Москвада жашап, окуп-иштеген мекендешибиз Айсулуу Камытова Россияга 2020-жылы барган. Өзү Жалал-Абад шаарынан. Азыр А.С. Грибоедов атындагы Москва университетинин чет тилдер факультетинде окуп, ошол эле учурда ICAN эл аралык мектебинде англис тилинен сабак берип иштеп, ал тургай журтташтарына англис тилин акысыз үйрөтөт.

Ал Россияга жаңы барганда кыйналган күндөрүн,  келечекте мыкты котормочу болгусу келерин айтып, «Eurasia Today» агенттигинин кабарчысына кыялдары менен бөлүштү.

-  Айсулуу, алгач өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз

-  Мен 1997-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлүп, 4-класска чейин чоң апамдын колунда чоңойдум. Кийин Бишкекке ата-энемдин жанына келип, № 68 мектепти бүтүргөм. Андан соң англис тилин тереңирээк үйрөнүп, Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында IELTS тестин тапшырдым.

Чакан жана мыкты үй-бүлөдөнмүн: ата-энем, иним, синдим жана өзүм. Үй-бүлөнүн улуусумун.  Кичинемден эле стол тенниси, шахмат жана чет тил курстары сыяктуу ар кандай ийримдерге катышчумун. Мага бала кезимден эле эмгекчилдик жана жөнөкөйлүк сыяктуу  сапаттар сиңирилген.  Ал эми амбициялуулук жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон умтулуу менин ички аң-сезимим жана жеке өсүүм менен келди.

-  Москвага качан, кандайча барып калдыңыз эле?

-  Биринчи жолу Москвага 2013-жылы, ата-энем менен конокко келгем. Бирок бир күнү бул шаарга кайтып келип, бул жерде жашап калам деп эч ойлогон эмесмин. Алгач АКШга баргым келген, бирок тагдырдын жолу башка экен Россиянын ЖОЖуна тапшырып калдым. 

Өз алдынча окуп, иштөө үчүн Москвага 2020-жылдын январь айында келгем. Ошол күн азыр да эсимде. Кыш айлары болчу, Москванын, чоң мегаполистин жашоосуна көнүү мен үчүн абдан кыйын болду. Ал тургай, бир учурда баарын таштап, мекениме кайтып келгим келген. Мени бир гана кыялдарым жана бийик максаттарым алаксытты. Анын үстүнө, Москвага келгенден эки айдан кийин карантин башталды. Пандемиянын биринчи толкуну кантип башталганы баарыбыздын эсибизде. Баарыбызга, өзгөчө эмгек мигранттарына өтө кыйын болгон.

-  Англис жана француз тилдерин билет экенсиз. Чет тилдерин өздөштүрүүгө болгон кызыгууңуз кантип пайда болгон?

-  Бала кезимден эле чет тилдерин жакшы көрчүмүн. Мектептен француз тили боюнча шаардык олимпиадаларга катышып, “Aliance Français de Bishkek” курсуна да бардым. Тил үйрөнүүгө болгон кызыгуумду француз маданиятына болгон сүйүүм жаратты деп ойлойм.

2013-жылы ата-энем менен Москвага биринчи жолу келгенде поездден эки тилде сүйлөгөн канадалык жаран менен таанышып калгам. Ал Канада университетинин профессору экен. Аны менен Москвага чейин баарлашып бардык. Ал менин чет тилдерди билгениме бир аз таң калды. Анан өзү жазган француз жана англис тилдериндеги эки китебин мага белекке берген.

Поездегилердин көбү мени таң калуу менен карашты. Ал тургай бир орус аялдын баласына мени көрсөтүп, “Көрдүңбү, тил үйрөнүшүң керек”,- дегени эсимде. Анын бул сөздөрү мага жагымдуу болгон. Ошондо мен тилдерди эркин билүү чет өлкөдө окууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берерин жакшы түшүндүм.

-  Азыр кайда окуйсуз, эмне менен алектенесиз?

-  Учурда А.С. Грибоедов атындагы Москва университетинин чет тилдер факультетинде окуйм. Буга чейин Москвадагы алдыңкы   делген чет элдик 10 мектептин бири "Start Talk" окуу жайында иштегем, учурда ICAN эл аралык мектебинде англис тилинен сабак берем. Ошол эле учурда онлайн сабактарды да өткөрөм.

-  Мугалимдик кесип сизге эмнеси менен жакты?

-  Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам эмеспи. Мен үчүн туура кесипти тандоо абдан маанилүү болду. Бирок келечектеги кесибим тилдерге байланыштуу болорун дайыма билчүмүн. Чынында мугалимдик кесип – өтө түйшүктүү жана ошол эле учурда эң ардактуу кесип.

Бул кесип окуучуларым менен өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды бөлүшүп жатканым менен жагат. Анын аркасы менен дүйнөгө пайда келтирип жатканымды түшүнөм. Мен өз ишимди сүйөм, анткени мен үйрөтүүнү жана үйрөнүүнү жакшы көрөм, анткени сабак учурунда мен дагы көп жаңы нерселерди үйрөнөм. Ошондой эле менин бардык окуучуларым менин жеке өнүгүүмө жана көз карашыма чоң таасир этти деп ойлойм.

-  Бир эле убакта окууга да, иштөөгө да кантип жетишип жатасыз? Кыйынчылыктар болобу?

-  Менимче, бул өзүңдүн кесибиңдин тармагында иштегениңе жараша болот. Эгер өз кесибиң менен иштесен, анча деле кыйынчылыктар болбойт, тескерисинче пайда гана берет. Бирок, ошентсе да, окуу менен ишти айкалыштыруу бир аз кыйын. Анткени тил билүү менен башкаларды үйрөтүү ар башка нерсе.

Анын үстүнө орус тили менин эне тилим болбогондуктан, орус тилдүү адамдарга англис тилин орусча үйрөтүүнүн да өз кыйынчылыктары бар. Бир тилден экинчи тилге өтүү кыйын, лингвистикада муну тилдин интерференциясы деп аташат. Бирок каалооң күчтүү болсо жана жалкоо болбосоң, жакшы натыйжага жетишсе болот.

-  Москвадагы кыргыздарга англис тилин бекер үйрөтүү идеясы кантип пайда болду эле?

-  Жогоруда белгилегендей, Москвада адегенде абдан кыйын болду. Бул жакка келгенден кийин алгачкы айларда бул жакта иштеген  мекендештерибиз менен чогуу жашадым. Орусияда турмуш кыйынчылыгын эрте таткан жаштар көп эмеспи.

Мен ошондо эле жаш мекендештериме кандай пайда алып келсем болот деп ойлоно баштагам. Акыры аларга кичине болсо да жардам кылайын деп аларга англис тилин акысыз үйрөтүүнү чечтим.

Англис тилин үйрөтүүнү алгач өзүм менен чогуу жашаган мекендештеримен баштадым. Аларга күнүнө бир нече саатымды бөлүп, көбүнчө эртең менен жана кечинде сабак өтө баштадым. Кийин англис тилин үйрөнүүнү каалаган кыргызстандыктар көбөйө баштап, алардын үйлөрүнө чейин барып курстарды өтө баштадым.

Муну менен мен Москвадагы журтташтарыбыз кара жумуш менен гана чектелбей, алардын өнүгүшүнө  таасир этип, аларга дем берип, билим жашоодо өтө керек экендигин түшүндүрүп, коомго пайда келтиргим келди.

-  Сиздин акысыз курстарыңызды мекендештер кандай кабыл алышты?

-  Алгач, «Эмне үчүн бекер?» деп шектенип сурагандар болду. Көпчүлүгү бекер эч нерсе болбойт деген ойдо. Бирок жумуштан кийин курска убакыт таап, талыкпай окуган окуучуларым көп. Бул мени абдан кубандырып, мотивация берет. Мындай окуучуларың үчүн ар дайым алдыга умтуласың.

-  Чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек кыргызстандыктарга кандай кеңеш бере аласыз?

-  Өз алдынча изденип, жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылуу керек.  Изденүү ар дайым алдыга жетелеп, кыялдарга жеткирет. Бардык пландарды ишке ашырып, өзүн-өзү өнүктүрүүнү унутпай, кыйынчылыктардан коркпош керек. Анткени, көптөр, күнүмдүк турмуш деп жүрүп, өздөрүнүн өнүгүүсүн унутуп калышат. Ар дайым жакындарыңа жардам берип, өзүңдүң билимиң менен бөлүшүп турууну унутпоо керек.

Башка мамлекетте жүргөндө бөтөн маданиятка толеранттуу болуп, сабырдуу болууга аракет кылуу керек. Үй-бүлөңдөн кеткенде үй-бүлөңдүн жүзү, чет жака барганда өз өлкөңдүн жүзү болосуң деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан  бардык жердештериме өз өлкөсүнө татыктуу болушун каалайм!

-  Окуп, иштегенден тышкары эмне менен алектенесиз? Эс алганга убактыңыз болобу?

-  Бош убактым өтө аз, бирок ошентсе да өзүмө убакыт бөлгөндү унутпайм.  Маселен, пианинодо ойнойм, китеп окуйм, саякаттап кооз жаратылыш пейзаждарын кадрга түшүрүп турам.

-  Келечекте кандай пландарыңыз бар?

-  Менин келечекке койгон чоң жана негизги максатым – ооз эки жана жазуу түрүндө котормо  жаатында чоң тажрыйбага ээ болуу. Алдыда билимимди өркүндөтүп, өз кесибим боюнча профессионал болгум келет.

Анан, албетте, чоң тажрыйба топтогондон кийин өз мекениме кайтып келем. Ар бир адам өз мекенинин өнүгүшүн каалайт да, ошол сыңары мен деле Кыргызстандын билим жаатына колумдан келген салымымды кошсом деп ойлойм.

Маектешкен Айзат Асанакунова

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети