• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3186 Категория: Интервью - Published: 21/04 - 16:54

БИШКЕК, 21-апрель. — Eurasia Today. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имараты Ош мамлекеттик университеттин балансына өткөрүлдү.

Мындай жарлыкка 13-апрелде президент Садыр Жапаров медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешмеде кол койду. Анын алкагында эми университет клиникалык инфраструктуралык объектилерин куруп, имараттарды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо, заманбап системасын киргизүү иштерин баштайт. Ушул жаатта сөз кылуу үчүн Ош МУнун ректору Кудайберди Кожобековду кепке тарттык.

-Шаардык оорукананын эски имаратынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну жана клиникалык базасын кеңейтүүгө 3 жыл мөөнөт коюп атасыздар. Бул аралыкта кандай жумуштар жасалат? Ушунун баарына окуу жайдын каржысы жетеби? Же грант тартасыңарбы? Айтайын дегеним, башка иштериңер калып кетпейби?

-13-апрель күнү Перезидент Садыр Нуркожоевич атайын кеңешме өткөрүп, Жогорку медициналык кесиптик билим берүүнү реформалоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында бир топ маселелерди ортого салды. Ошонун негизинде президенттин указы менен шаардык ооруканасынын эски имараты жайгашкан аянтты Ош МУга өткөрүп берүү боюнча чечими кабыл алынды. Биз түштүк регионундагы, Ош шаары жана облустагы “Сапатуу медициналык билим берүү жана сапатуу медициналык кызмат көрсөтүү” деген долбоорду баштап жатканбыз. Бул долбоорго ылайык, ошол аймак бизге бериле турган болсо, жакынкы үч жылда заманбап инфраструктура, Эл аралык стандарттарга жооп берген клиникалык база куралы деген пландарды жылдыра баштадык. Андан сырткары, ушул клиникалык базанын ичинде эң акыркы заманбап техникалык, санариптик жабдуулар менен жабдыйбыз деп турабыз. Себеби, медициналык билим берүүдө баардык дүйнөлүк медицина жаңы технологиялар менен ишке ашып калды. Ошондуктан студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн заманбап технологияларды үйрөтүү учур талабы болуп калды.

Бул үч жылдык программанын алкагында кандай иштерди аткарабыз? Биринчи жылы курулуш иштерине 9 млн сом акча карайлы деп атабыз. Андан сырткары, биринчи кадамыбыз шаардык мэрия менен биргеликте бардык иштерди мыйзамдаштырып, документтерди өткөрүп алуу. Андан соң заманбап институттарды таап, чет өлкөдөн тажрыйбаларды алып, пландык архитектурасын түзүп чыгабыз. Жалпысынан шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоого, ошондой эле окуу жайдын клиникалык базасын кеңейтүүгө жалпы 1 млрд. 891 млн. сом каражат сарптала турган болууда. Курулуш иштер ушул жылдын июнь айында башталып, толук 3 жыл ичинде бүткөрүлүшү пландалып жатат.

Универстетте билим берүүнү сапаттуу кылуу үчүн медициналык адистиктерде окуп жаткан студенттерден түшкөн каражаттын эсебинен өнүктүрүүгө материалдык техниканы жаңылоого жумшашыбыз керек. Ошол эле иш-аракеттерди уланта беребиз, болгону мамлекет бизге ар жерге лаборотория, корпус курбастан, бир аймакты берип жатат. Ошол жерде 3 жылда заманбап комплекс курулуп, биринчи кезекте элибиз эң мыкты медициналык жардам ала ала турган жерге келип калат деген максатыбыз бар. Жерди мамлекет берди, каражатты өзүбүз табабыз. Мындан сырткары, донорлорду, гранттарды тартышыбыз мүмкүн. Ошентип бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен максатка жетишибиз керек.

-Негизги эскилиги жеткен имаратты өткөрүп алууга эмне зарылчылык жаралды?

-Жалпысынан шаардык орукана жаңы курулуп, башка жакка көчүп кеткенден кийин, ал жердеги территория бош калган. Бул жер каражаттын жетишсиздигинен шарттары начар болуп калган. Шаардын так ортосундагы аймак болгондуктан, керексиз курулуштарды алып, ал жерлерге бүгүнкү дүйнөлүк стандарка жооп берген курулуштар менен толуктап, шаардын көркү үчүн дагы медициналы билим берүү үчүн заманбап кызмат көрсөтүү үчүн ошол жерди эффективдүү пайдаланалы деген ой болду. Азыр билесиздер универстеттин мүмкүнчүлүгү болгон менен жер маселеси татаал. Ошондуктан биз мамлекет тарабынан жер берилгени жалпы түштүк регионунун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болду деп ойлойм.

-Негизи Ош МУнун медициналык окуу корпустарында техникалык база, студенттердин практикалык көндүмдөрүнө шарттар кандай?

-Бүгүнкү күндө Түштүк регионунда медициналык факультет Ош МУда эле болгондуктан, шаардагы баардык ооруканалар менен буга чейин деле кызматташып келебиз. Студенттер, ординаторлор ошол жерге практикага чыгат. Мамлекеттин “ар бир медициналык билим берген окуу жайда жеке клиникасы болуш керек”,-деген талабы бар. Ошого ылайык, мындан 5 жыл мурун универстеттин жеке клиникасы салынган. Анда акыркы бир жылда жаңы форматка өзгөртүп, кадимкидей 6 бөлүм иштей баштады. Кадимки ооруулар келип даарыланып, студенттерибиз алган билимдерин ал жерде практикалык негизде бышыктап келишет. Андан сырткары, биз дагы эмнени көрсөтө алдык? Ал жерге заманбап анализ чыгарган аппараттардан баштап, бардык жабдуларды койгонго жетиштик. Студенттер келген оорулууларды башынан аягына чейин карап, анализ чыгарып бере турган мүмкүнчүлүктү жасадык. Ошол жерде иштеп жаткан врачтардын айлыгы жеке ооруканадагыдай. Керек болсо, 100 миңге чейин айлык алган врачтарыбыз пайда болуп калды. Бул мүмкүнчүлүктү көзүбүз жеткенде гана мамлекетке сунуштарыбызды айтып жатабыз.

-Эми азыр шаардык оорукананын эски имаратынын аймагына жаңы салына турган клиникада иштеген кызматкерлердин айлыгы эң аз дегенде 65 миңден эң жогорусу 115 миңге чейин көтөрүлөт деп жатыпсыздар. Ал каражаттар кайдан табылат?

-Биздин универстеттин клиникасы Саламаттыкты сактоо министирлигинин ооруканасы катары эле иштейт. Бүгүнкү күндө мамлекет ошол жердеги иштеп жаткан бөлүмдөргө канча акча бөлүп аткан болсо, ошону улантып бөлө берет. Аз камсыз болгон, пенсия курагындагы, жаш балдар, студенттер деген бөлүмдөрдүн баардыгы ошол категориялар ошол режимде кете берет. Ошол эле учурда акы төлөп сапатту медициналык кызмат көрсөтө турган ар түрдү класстагы мүмкүнчүлүк коюлат. Мисалы: жарандар жеке клиникаларга барып акы төлөп дарылангандай мүмкүнчүлүктү жасадык. Мамлекетте иштеген врач алаган айлыгынан сырткары төлөнүүчү керебеттин эсебинен айлыгы көтөрүлгөндөй таза механизм жасайбыз.

-Эми силерге берилген жерге медициналык имараттарды эле эмес, Ош МУнун башка факультеттерине да имарат сала аласыңарбы?

-Пландаштырылгандай, ал жерге башка имараттар салынбайт, толугу менен медициналык лаборотория курулат. Мурда медициналык лобороторияларды универстеттин башка жерлерине курууга туура келип жаткан. Ал жак бошосо жаңы имараттарды курууга мүмкүнчүлүк жаралат.

-Өлкөдө ЖОЖдордон башка билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин дээрлик бардыгынын айлыгы 100 пайызга чейин көтөрүлдү. Эми сиздерде да 80 пайызга чейин көтөрүлөт деген сөздөр айтылып жатат. Бул чынбы? Чын болсо айлыктын кайсы бөлүгүнө кошулат? Мисалы 20 миң алган окутуучу мындан ары канча сом алат? Жалпак тил менен түшүндүрүп берсеңиз?

-Мамлекет тарабынан мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн мезгилде көбүнчө мектепке тиешелүү болуп, өзгөчө жогорку кесиптик оку жайларга тиешеси жок болуп калган учурлар болчу эле. Биринчи жолу мамлекет тарабынан айлык жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын баардыгына көтөрүлдү. Мектеп мугалимдерине 80 пайыз деген болсо, бизге да ошондой эле кошулуп атат. Университеттердин дагы бир өзгөчөлүгү атайын каражаттардын эсебинен мамлекеттин берген акчасынан сырткары ар бир окутуучуга материалдык стимул катары кошумча айлык берилет. Буйрук чыккандан кийин бюджеттик негизде окуган студенттерди сабаттуу окуткан мугалимдерге 80 пайыздан көбөйүп атат. Ал эми контрактын эсебинен айлык кылганда дагы башталышы бир стафка дегенге оклад катары мамлекет бюджеттен берген суммадан бөлүнөт. Демек ошол сумма атайын каражаттан алган айлыгы дагы көтөрүлмөкчү.

-Ош МУнун бюджети сыртка канчалык көз каранды? Б.а. сырттан студенттерди тартып келүүдө, инвестор таап, имарат салууда, кайсы бир долбоорлорду ишке ашырууда дегендей?

-Университет дээрлик 100 пайыз өзүнүн тапкан каражатынын эсебинен жашайт, ошонун эсебинен айлык берет. Албетте окуу жайдын жакшы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири бул курулушка башка боюнча тармактарга сырттан инвестициялардын көп келгенин айтса болот. Ошол эле учурда чет өлкөлүк студенттер, бюджетти толуктаган адистиктердин эсебинен жыл сайын акчанын запасын кармап отуруп, анын эсебинен биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз кеңейди. Көз карандыбыз деп айтканга болбойт, түшкөн акча каражаттардын бардыгы ошол финансы министирлигинин казынасында сакталып турат. Биз аны мыйзам боюнча дагы студенттердин, биздин инфраструктуранын өнүгүүсүнө гана жумшаганга укуктуубуз . Ошонун негизинде акча каражат алып келип аткан медициналык адистиктер, чет өлкөлүк медицинада окуган студенттер болгондуктан, мамлекетке кайрылган себебибиз да ошодон болду.

Маектешкен Асанбек Пазыл.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети