• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
4248 Категория: Интервью - Published: 03/03 - 14:53

БИШКЕК, 3-март. — Eurasia Today.  Орусия армиясы Украинага кирип, согуштук аракеттерди жүргүзүп жатканына толук бир жума болду.

Бул аралыкта дүйнө мамлекеттери Орусиянын аракетин катуу сындап, экономикалык санкцияларды салып жатышат. Андан сырткары, эл аралык коммерциялык уюмдар дагы кызматташуудан баш тартышууда. Булар Кыргызстанга да терс таасирин тийгизээри бышык. Бирок көп зыян тартпай, бул көйгөйлөрдөн кантип айланып өтсөк болот? Ушул жана башка суроолорго серепчи Азамат Бакиров жооп берди. Маек ушул жылдын 2-мартында жаздырылган.

- Азамат мырза, Сиздин баамыңызда Украинадагы кырдаал Кыргызстанга кандай таасирин тийгизип жатат?

- Бул окуялар Кыргызстанга биринчи кезекте экономикалык жактан таасирин тийгизип жатат. Ага баарыбыз эле күбө болуудабыз. Эми баары бир азыр глобалдык дүйнөдө жашап жаткандыктан, биз дүйнөлүк конъюнктурага көз карандыбыз. Мисалы, ошол эле экономикабыздын долларга байланышкан көрсөткүчтөрүн айтса болот. Доллар кескин жогорулап кетти эле, кандайдыр бир чараларды көргөнгө мажбур болдук. Башкача айтканда, Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн интервенция жасады. Биз байкагандай азыр кымбатчылык башталып жатат. Көбүнчө бизге сырттан келген турмуш-тиричиликке керектүү болгон долларга байланган товарлар кымбаттады. Анча-мынча магазиндер убактылуу сатууну токтотту. Мындан сырткары, Орусия мамлекетинде жүргөн биздин миллиондой мигранттарыбыздын абалы ойлондурат. Бул дагы биздин экономикабыздын коопсуздугунун эң чоң көрсөткүчү болуп калды.

Ошого азыр кандайдыр бир кооптонуулар жаралып жатат. Каалайбызбы, каалабайбызбы бул нерсенин кесепетин көрөбүз. Орусия мамлекетине санкциялардын таасиринин астында экономикасы аябай алсырайт. Алсыраганда алар мамлекетиндеги эмгек рыногундагы конкуренция да жогорулап, жергиликүү жарандары менен мигиранттардын ортосунда атаандаштык башталат. Башкача айтканда, орустар азыркы мигранттар кылып жаткан ишти ээлешет. Мындан улам мигранттардын көбү ал жактан кеткенге аргасыз болот деп ойлойм.

- Кыргызстан Орусиянын Украинадагы согуштук аракетин колдогон позициясын көрсөттү. Мындан улам Украина Кыргызстандагы элчилисин кеңешүү үчүн деп чакыртып алды. Мындан ары окуялар кантип уланышы мүмкүн?

- Менин оюмча бул жерде кырдаал мындай болду. Президент Орусиянын агрессиясын колдогон эмес. Албетте, бул телефондук сүйлөшүүнүн демилгечиси болгон. Бирок биз билебиз, Садыр Жапаровдун саясий стили башка. Ал мисалы, Алмазбек Атамбаевдай эркин болуп, протоколдон сырткары сөздөрдү аз айтат. Ал даярданган, жазылган даяр текст менен гана сүйлөшкөн Путин менен. Ошондуктан, даярданган үчүн, ал өзүнүн сөздөрүн аябай этияттык менен сүйлөгөн деп ишенем. Бул жерде кайра эле ошол Оруссия мамлекетинин пресс-кызматынын пресс-релизи менен биздин Ак үйдүн пресс-релизинин айырмасы чоң болуп жатпайбы. Ал жерде Орусия мамлекетинин официалдуу өкүлдөрү айтып жатат, “колдоп жатат”,-деп. А биздикинде андай мааниде сөз айтылган эместигин далилдеген нейтралдуу гана сөздөр жазылган пресс- релизде.

Азыр Владимир Путин кандайдыр бир деңгээлде өзүнө колдоочуларды издеп жатат. Себеби дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Орусия мамлекетинин азыркы кылып жаткан иш-аракетерине каршы да, наразы да болууда. Бул азыр саясий колдоого аябай муктаж, мажбур болгон үчүн менин оюмча эки президенттин ортосундагы сөздү орус тарап, бир аз башкача кылып жазып койду. Анан биздикилердин кайрылуусунан кийин эле президенттин маалымат кызматы нейтралдуу түрдө жазып чыкты. Ошол эле Руслан Казакбаев ага чейин да, андан кийин да өтө этияттык менен жазып жатат. Башкача айтканда, алар президенттин сөзү бурмаланып калышын дипломатиялык риторика аркылуу оңдоп кеткенге аракет кылып жатышат. Бирок Украина мамлекети бул кырдаалды териштиргенге азыр убактысы да, шарты да жок. Алар Орусия тарап берген маалыматты кабыл алып, ошого жараша ушундай мамиле кылып жатышат.

Мен ойлойм, ошол эле Украинанын биздеги элчиси Жовтенко мырза деле аны түшүнүп атса керек. Эмне дегенде Жовтенко мырзанын Украина элчилигинин алдында колдоп барган митингдер болду. Руслан Казакбаев экөөнүн ортосунда бул окуялар башталганга чейин дагы сүйлөшүүлөр болгондо биз тууралуу эч кандай андай риторика болгон жок. Биз Орусиянын аракеттерин колдоп атабыз, аракеттери кайсы жакка кетип атат, биз кубаттап атабыз деген риториканы биз эч качан берген эмеспиз. Ошол үчүн бул жерде дизинформация болуп калды. Экинчи жагынан Садыр Жапаров: “Жок, мен антип айткан эмес элем, Владимир Путин туура эмес түшүнүп калыптыр”,-деп айта албайт да. Анда бул дипломатиялык чоң жаңылыштык болуп калат. Ошон үчүн биз айла жоок ушундай учурга кабыл болуп калдык.

Кыргызстан толук суверендүү мамлекет эмеспиз. Эмнеге дегенде биз өзүбүздүн айрыкча сырткы саясатыбыздын багыттарын аныктоодо кандайдыр бир маанилүү чечимдерди кабыл алганда, ушул багыттагы коопсуздукка байланыштуу, чоң-чоң улуттук долбоорлорго байланыштуу, биз каалайбызбы, каалабайбызбы Орусия мамлекетине кылчактап карайбыз. Алардын колдоосун эске алуу менен гана чечим чыгарабыз. Бул саясий чындык, бул нерседен биз эч жакка качып кете албайбыз. Бирок аны менен  ошол суверендүүлүгүбүз чектелгендигине байланыштуу биз кандайдыр бир жарым-жартылай мамиле кылышыбыз керек. Эркиндигибизди чектешибиз керек, этият болушубуз керек деп айткандан алысмын. Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издей беришибиз керек, көбүнчө экономикалык багытта. Экономикалык жактан биз күчтүү өнүксөк гана суверендүүлүгүбүздү жогорулатабыз. Алсыз мамлекет ар дайым күчтүү, кубаттуу мамлекеттерге көз каранды болуп жүрө берет.

- АКШ, Европа жана алардын өнөктөштөрү Орусияга болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизип жатат. Андан сырткары, эл аралык коммерциялык уюмдар дагы кызматташуудан баш тартышууда. Булар Кыргызстанга да терс таасирин тийгизээри бышык. Бирок көп зыян тартпай, бул көйгөйлөрдөн кантип айланып өтсөк болот?

- Биздин экономикалык байланышыбыз негизинен Орусия, Кытай мамлекеттери менен үлүшү аябай чоң. Товар айлантуу, импор-экспорт деген сыяктуу. Албетте, биздин демократтиялык институтубузду колдоо булактары булар Батыш мамлекеттери. Демократиялык саясий процесстерди колдоонуу көбүнчө ушул мамлекеттерден көрөбүз. Албетте, эгерде биз кандайдыр бир тарапты кабыл алып алсак, биз анын кесепетин көрөбүз мисалы, 2020-жылы бизге Америка визалык чектөлөрдү кабыл алган. Ушуга окшогон көп чектөлөргө дуушар болуп калышыбыз мүмкүн. Бирок мен түшүнүп турам биздин дипломаттар деле аны түшүнүп турат, бул жерде конфликттин бир жактуу позициясын кабыл албайбыз. Азыркы болгон катачылыкты оңдоп кеткенге аракет кылабыз. Менин оюмча, биз ошол кесепеттерди болтурбоого колдон келишинче аракет кылабыз.

- Ушул оюңузду улаган дагы бир суроо. Америка, Европа жана анын өнөктөштөрү, Орусияга болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизип жатат. Андан сырткары, коммерциялык, Эл аралык уюмдар дагы кызматташуудан баш тартып кетип жатышат. Булар Кыргызстанга да терс таасирин тийгизиши бышык. Бирок көп зыян тартпай, бул көйгөйлөрдөн кантип айланып өтсө болот?

- Биз бул кесепеттен качып кете албайбыз. Биз изоляцияда жашаган автократиялык мамлекет эмеспиз. Биз глобалдык рынокка байланган көбүнчө импортко көбүрөөк багыталган мамлекетпиз. Каалайбызбы, каалабайбызбы кесепетине дуушар болобуз. Эми кесепетин азайтуунун жолу катары деп 28-февралда президент кайрылуу жасап, антикризистик иш-чаралардын комплексин угузду. Муну өз учурунда жарыялады. Кесепетти азайтуу үчүн биринчиден, биз экономикабызды бышырышыбыз керек. Реалдуу экономика деген эмне? Бул биздин айыл чарба тармагыбыз кандайдыр бир туруктуу өнүксө биздин азык-түлүк коопсуздугубуз камсыздалат. Кризистик учурда биз биринчи мезгилде азык-түлүк коопсуздугубузду камсыздашыбыз керек. Президенттин бул багытын туура деп ойлойм. Андан сырткары, бизде чакан бизнес, ишмердүүлүк секторлору колдоого бир өзүнчө багыт болуп турат. Дагы бир багытты убактылуу болсо дагы иш менен камсыз кылуу багытында иш чаралар көрсөтүлүп жатат. Биз өзүбүздө бар азыркы финансылык колдоону туура бөлүштүрүп, алардын аткарылышын так көзөмөлдөп, аракет кылып турсак, кандайдыр бир каттуу кесепетин көрбөйбүз.

- Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын Украинадагы позициясын колдобой койсо кандай болмок?

- Бул жерде негизинен Казакстан, Тажикстан Түркмөнстан мамлекеттери эмдигиче, кырдалга байланыштуу өзүнүн официалдуу позициясын билдирген жок. Башкача айтканда, алар этияттык менен мамиле кылып жатышат. Этияттык кылуу бул акылга сыйган нерсе. Азыркы учурда этият болуубуз эң туура. Биз кичине шашылып айтып алдык эле, кесепетин көрө баштадык. Биз өзүбүздүн кошуналар катары эле этият болушубуз керек. Согуштун бир тарабын кабыл алуу дагы болбойт. Иш жүзүндө биз колдобой эле турабыз. Бул нерсени колдоо кыйын го дейм. Эмнеге дегенде, биз түшүнүп турабыз да, Украинадагы болгон көрүнүш бизге да, кандайдыр бир деңгээлде реалдуу абал болуп кайтып келиши мүмкүн. Мисалы, акыркы мезгилде байкап атасыңар, Оруссия мамлекеттинин атынан официалдуу жактар тарабынан дагы тарыхый адилетүүлүктү калыбына келтирүү деген риторика көп айтылууда. Мисалы, ошол эле В. Жириновский Казактсан жөнүндө көп айтып жүрөт. Андан башка дагы мен адашпасам С. Нарышкин айтты. Ошого эгемендүүлүккө байланыштуу маселелер реалдуу болуп чоң көйгөйгө айланып, бизге да кайтып келип калышы мүмкүн. Ошол үчүн биз бул жерде дипломатиялык иш-чараларыбызды өтө этияттык менен аткарышыбыз керек.

Мен башында айткандай, биз каалайбызбы, каалабайбызбы Орусия мамлекети менен өнөктөшпүз. Бул мамлекеттен сырткары да, ага каршы да боло албайбыз. Бул жерде жөн гана этият болуу гана дипломатиясы иштеши керек.

- Орусия Борбор Азияга үстөмдүк кылып келгени белгилүү. Ал эми азыр Украинага байланыштуу бул жактагы мамлекеттер Орусиядан баш тартып кете алабы?

- Менин оюмча ага эрки жетпейт. Мисалы, азыр Орусия менен тыгыз интеграцияга альтернатива катары кайсы реалдуу идеалар бар? Мен билгенден бул жерде биздин региондо Кытай, экинчиси Түркия. Өзүңүздөр байкагандай, акыркы мезгилде маалыматтык мейкиндикке Туран түрк тилдүү мамлекттердин элдеринин бирикмеси жөнүндө сөз активдүү айтылып жатат. Бул нерсени да түшүнүшүбүз керек. Бул дагы кандайдыр бир алыс келечекке багытталган бир саясий оюндун башталышы десе болот. Башкача айтканда, бизге Орус дүйнөсүнө альтернатива катары берилип келе жатат. Бирок азыркы реалдуулуктарга таянсак, Туран бирикмеси бул өтө эле абстракттуу нерсе. Бизге ал конкреттүү, реалду алтернатива болуп бере албайт. Бул жактан биздин коридорубуз жабык.

Эми Кытайды карап көрөлү. Кытай менен биз албетте, каалайбызбы, каалабайбызбы ал мамлекеттин дагы геосаясий кызыкчылыктарынын орбитасындабыз. Кытай менен экономикалык мамилебиздин үлүшү өтө чоң. Бирок негизинен биз 1990-жылдардан баштап эле, Батыштын моделиндеги демократияга умтулуп келе жатабыз да. Кытайдагы саясий режим, саясий инистутуттар бизден алысыраак нерсе деп ойлойм. Биз, Кытай менен кандайдыр бир экономикадан сырткары дагы бир саясий же маданий жактан жакындаша албайбыз. Эми башка кайсы алтернатива бар? Башка алтернатива жок. Мисалы, мен дагы бир нерсени айтып кетейин. Орусия мамлекети өзүнүн коопсуздугуна байланышкан чечкиндүү коргонууга даяр экенин көрүп турабыз. Орусиянын чечкиндүүлүгү биздин дагы башыбыздан өткөн. Эмнеге дегенде эгер билсеңиздер 2010-жылдагы апрель окуялары болгондо, Өзбекстандын расмий эле адамдары бул Орусия мамлекетинин диверциясы, атайын операциясы деп айтып чыккан. Көрдүңүздөрбү, керек болсо Орусиядан алыс турган биз деле Орусиянын кызыкчылыктарына дал келбей, алардын кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди кабыл алсак, биз деле ушундай бир тагдырга туш келип калышыбыз мүмкүн. Кечээги Казакстандагы окуяларга деле Орусиянын кийлигүүшүсү көрүнүп эле турбадыбы...

-Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: Асанбек Пазыл.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+29°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети