• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6828 Категория: Интервью - Published: 04/02 - 14:37

БИШКЕК, 4-февраль. — Eurasia Today. Кыргызстан  менен Россиянын «Росатом» мамлекеттик атомдук энергия боюнча корпорациясынын ортосунда  кичи АЭС куруу боюнча меморандумга кол коюлушу коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Ал тургай бул маселеге айрым эл аралык уюмдар да аралашып, каршы пикирлерин билдиришти. Биз энергетика  боюнча адис, атомдук энергия боюнча аналитик Абдыкеримова Алтынай Рысбековнага айрым суроолор менен кайрылдык.

- Алтынай Рысбековна, өткөндө Дубайда өтүп жаткан “Экспо-2022” эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын экономика министри Д. Бекмурзаев «Росатом»  корпорациясы менен АЭС куруу боюнча меморандумга кол койгондугу боюнча маалымат тарады. Бул долбоор канчалык деңгээлде реалдуу жана ишке ашабы?

- Ооба, мен деле бул маалыматты интернеттен окудум. Негизи эле АЭС биздин өлкөгө керекпи жана пайдалуубу? Мына аз эле күн мурда бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирген энергошакекчеде авария болуп, энергетикалык коопсуздуктун канчалык маанилүү экендигин баарыбыз сездик. Ошон үчүн биз энергетикалык жактан коопсуз  жана өз алдынча болушубуз керек. Андыктан АЭСтин курулушу бул жагынан керек жана алгачкы кадам болууга тийиш. Азырынча “Росатом” менен меморандум эле түзүлдү. Бул деген алгач изилдеш керек, Кыргызстандын кайсыл жерине, кандай болуп жайгашат? Ага да бир топ убакыт керек болот. Ошол эле учурда кошуна өлкөлөрдө АЭС куруу демилгеси көтөрүлгөндө, алар да кантип, кандай жол менен курууну изилдеген өзүнчө агенттик ачышкан. Айтор, энергетика министрлигинин бул кадамы туура жана керектүү деп эсептеймин.

Мындан тышкары элге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Себеби атомдук станция дегенде эле көз алдыбызга терс жагдай, радиация, Чернобыль, Хиросима, Фукусима деп, жаман нерселерди ойлоп кетебиз. Анткен менен өнүккөн мамлекеттердин баарында эле атомдук станциялар бар.

Эгер АЭС курулуп калса, биз бир гана энергетикалык көйгөйдү чечпестен, медицина тармагын да өнүктүрө алабыз. Аны менен кошо тиешелүү адистер даярдалып, адам ресурсунун өнүгүүсүнө шарт түзүлөт. Балким, медицинабызды да ядролук медицинага өткөрүп алабыз. Мисалы, рак сыяктуу дарттарды дарыланбайт деп эле крест коюп койбостон, айыктырып алсак болот. Өнүккөн мамлекеттерде болсо, ядролук медицинанын жардамы менен рак жана башка оорууларды сакайтып алып жатышат. Мындан тышкары нанотехнология да өркүндөйт эле.

Канткен менен биз деле алдыга кадам таштап, өнүгүшүбүз керек да. Албетте, мунун баары изилдөө менен болот жана элге ушул жагдайларды туура түшүндүрүүдөн иш баштоо зарыл. 

- АЭСтин курулушу менен медицина тармагы өнүгүп, рак сыяктуу дарыланбас оорууларды сакайтса болот деп, кызыктуу маалымат бердиңиз. Ушул боюнча кененирээк айтып өтсөңүз, рактан башка да оорууларды айыктырса болобу?

- Абдан көп оорууларды айыктырат экен. Мен өзүм изилдеп көрдүм. Мисалы, рентгендин, УЗИнин түрлөрү чыгат.Эгер өзүбүздө сырьёбуз болсо, мурдагы жылы уран өндүрөбүз деп, аны да токтотуп коюшту го. Элди да туура түшүнсө болот. Себеби жергиликтүү калкка алгач түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй туруп эле ишти баштайбыз деп чыгышкандыктан, ага каршы радиация жүрүп кетери тууралуу маалымат болуп кетпедиби. Бүгүнкү күндө технология аябай өнүккөндүктөн, эч кандай айлана-чөйрө менен адамдардын ден соолугуна зыяны тийбей турган кылып, чаңытпай, кийинки жашоого да пайдалуу боло турган кылып иш жүргүзсө болот. Балким, жергиликтүү эле же сырткы компаниялар бул ишти жасай алат. Ниетибизди койсок эле маселе чечилет деп ойлоймун. Медицинада операциясыз, кеспей эле лазерди колдонуп, операцияларды жасап койсо болот. АЭСтин курулушу энергетикалык каатчылыктан тышкары башка да тармактарды өнүктүрөт дегеним ушул.

Өзбекстанда АЭС курабыз деген демилге башталганда Узатом деген мекеме ачылыптыр. Ага кошумча Россиянын илим изилдөө институтунун филиалы да ачылды. Аларга кызыгып, изилдеп көрсөм, багыты көп тармактуу экен. Медицинадан тышкары технология, жабдыктарды чогултуу, алардын түрлөрү боюнча, космостук изилдөөгө чейин жетип атышат. Эмнеге биз деле ошондой иш жасай албайбыз? Эмнеге жакшы максат менен башталган демилгенин аягына чейин түшүнбөй туруп эле крест коюп салабыз?

- Мына акыркы 1-2 жылда мурда болуп көрбөгөндөй энергетикалык каатчылыкка кабылдык. Баарыбызды электр энергиясы менен камсыз кылган Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд. кубометрге түшүп кеткендигин айтып, энергетиктер коңгуроо кагышууда. Эгер 8 млрд. кубометр чекке түшсө, авариялык абал жаралат экен. Президентибиз өзү бул кризистен жыл жакшы болгондо гана 5-6 жылдан соң чыгабыз деп айтууда. Ушундай жагдайда АЭСтин курулушу энергетикалык тартыштыкты канчалык деңгээлде жоё алат?

- Эң биринчиден, АЭСте үзгүлтүксүз энергия болот жана ал эч нерсеге көз каранды эмес жана байланышы болбойт. Ооба, биз гидроресурстарга байбыз. Бирок  жок дегенде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп,  электр энергия менен ички керектөөбүздү да камсыз кыла албадык. Бул өзүбүздүн шалаакылыгыбыздан болду. Туура, Токтогул суу сактагычында суу өтө аз калды, аны бир жылда эле толтура албайбыз. Ал үчүн башка шарттар түзүлүш керек болчу. Анын ордуна болгон  кубаттуулукта иштетип атабыз. Атомдук станциянын үзгүлтүксүз иштеши климатка, күнгө, шамалга  байланышы жок. Башка альтернативалуу энергия булактары болсо күнгө, аба райына, шамалга көз каранды. Мисалы, ошол эле күндөн бекер энергия алат деген генераторлор күн тийбесе, караңгы кирсе же суук болсо, токтоп калат. Эгер күн болбосо да энергия алуу үчүн кошумча батареяларды орнотуу керек. Бирок бул өтө эле кымбат жана өз баасынан да ашып кетет. Балким, бул жерде да көп изилдөөлөрдү жүргүзүш керектир. Мен ага да каршы эмесмин. Азырынча эң эле үзгүлтүксүз жана арзан энергиянын булагы атомдук электростанция болуп саналат.

- Бул багытта АЭСти колдонгон кайсы мамлекеттерди айта аласыз?

- Дүйнөдө АЭС курган көп эле мамлекеттер бар, жалпысынан 190 атомдук станция бар экен. Ошол эле АКШ, Франция, Япония, Россия колдонот. Менин билишимче Россияда он станция, отуз реактор бар. Өнүккөн Европа өлкөлөрү баары эле атом менен жашап жатпайбы. Чакан мамлекеттер деле АЭСке өтүүдө. Эң негизгиси бизге адистер керек. Тиешелүү адистерибиз болгон менен аз болгондуктан, ишибиз башталбай атат.

«Росатом»  жөнүндө:

Атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорация – атомдук энергия тармагындагы 400дөн ашык ишкананы бириктирген мамлекеттик холдинг корпорациясы.

Негиздөөчүсү: Владимир Путин, 2007-жылы түзүлгөн, жылдык акча жүгүртүүсү 1 151,9 млрд. рубль. Таза кирешеси – 64,5 млрд. рубль. 266,4 миң адам иштейт.

Көп профилдүү  «Росатом»  холдинги электр энергиясын иштеп чыгуудан тышкары машина куруу, курулуш тармактарында да ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Келечекте шамалдан да энергия алуу долбоорлору бар. Россиянын электр энергиясына болгон керектөөсүнүн 20%ы  «Росатом» тарабынын өндүрүлөт. Ал эми АЭС куруу боюнча дүйнө жүзүндө лидерлик позицияны ээлейт. Азыркы учурда 12 мамлекетте 35 энергоблоктон турган долбоорлордун курулушу жүрүүдө. «Росатом» дүйнөдөгү табигый уран өндүрүүдөн тартып, атомдук объектилерди толук пайдаланууга тапшырган лидер компания болуп саналат.

- Эл аралык Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүнө багытталган уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко Кыргызстанда Орусиянын «Росатом»   ишканасынын атомдук электр станциясын курууга багытталган долбоорун сындап,  Россиянын Кыргызстанга карата энергетикалык үстөмдүгү катары баалады. Мындан тышкары  АЭС суу менен иштегендиктен, акыркы жылдары дүйнөлүк масштабда суу тартыш болуп жаткандыгы бул долбоордун келечеги бүдөмүк деген ойду айтыптыр.

- Көпчүлүк реакторлордо мурда суу муздатуу процессине колдонулчу. Албетте, кандай гана өндүрүш болбосун, суу керектелет. Мен Ольга айымдын пикирине кошулбаймын, анткени күндөн, шамалдан энергия алганда деле кандайдыр бир деңгээлде климатка таасирин тийгизет. Россия менен биргелешип АЭС курууну саясый максат деп деле ойлобоймун. Алгачкы кадам меморандумга кол коюудан башталды. Бул мамлекетибиздин, президентибиздин чечкиндүү кадамы болуп калды. Алдыда бир топ башка, кошуна мамлекеттердин бул багыттагы иштерин изилдөө иштери турат. Демек, биз эң ыңгайлуусун тандап алабыз. Азыр алгачкы өнөктөш катары «Росатом»   чыкты.

- Ошол эле Ольга Бойко АЭСтин курулушу өтө кымбат жана узак убакытты талап кылат деп да айтыптыр. Эгер ушундай болсо, Россиянын эмне кызыкчылыгы бар. Россия Иран жана башка мамлекеттерде АЭСтерди куруп, биргелешип да иштетип жатат.

- Чоң ГЭСтер деле бир нече, кичи ГЭСтер жок дегенде эки жылда курулат. Ооба, АЭСке изилдөө үчүн көп убакыт талап кылынат. Менимче бир АЭСтин курулушуна бир чоң ГЭСке жумшалгандай эле каражат талап кылынат. Эң негизгиси, күндөн, суудан же башка табигый булактардан көз каранды болбой, түбөлүк иштей тургандыгына көңүл бурушубуз керек. Болгону уран же башка реактордон турган сырьё талап кылынат. Эртең суу болобу, болбойбу деген суроо тургандыктан, алдыга кадам жасашыбыз зарыл. Туура, биз Борбор Азияда сууга өтө бай өлкөбүз. Эгер АЭС болсо, кайра Токтогулга сууну топтоп ала турган мүмкүнчүлүк жаралат. Бир чети климат да баланс болот.

- Эгер Кыргызстанга АЭС курулуп калса, электр энергиясын чет жакка сатканга да мүмкүнчүлүк жаралат экен да.

Ооба, болот. Бирок азырынча 55 мегаваттык кичи атомдук станция курулат деп атышат. Менимче ал аз. Балким, бул алгачкы изилдөө. Сыноо иретинде курулуп, келечекте чоң АЭС куруш керектир. Мен бул маселени толук изилдеш үчүн, радиациянын деңгээлин, калдыктарды кантип жоготуунун жолдорун билип, россиялык окумуштуулардан керектүү суроолорго жооп алыш максатында Россиянын АЭС боюнча билим берген жогорку окуу жайы болуп саналган  «Росатомдун» техникалык академиясынын «Атомдук энергияны пайдалануу тармагында иш жүргүзүүдө ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуудагы заманбап талаптар» деген багытына атайын тапшырдым.

- Кыргызстандын кайсыл аймагына АЭС курса болот?

- Бул суроого азырынча жооп берүү кыйын. Кандай болгон учурда да коопсуз, эл жашаган аймактан алыс болгону жакшы го. Негизи АЭСтин аянты көп эле жерди ээлебейт. Ошол эле учурда ГЭС, ЖЭБ куруу үчүн чоң жерлер керектелет. Бул багытта Казакстан менен Өзбекстанда бир топ иштер жасалып жатат. Андайдын бетин ары кылсын, кокус аларда бир кырсык болуп кетсе, ал тобокелчиликке биз да киребиз. Эми биз аларга курбагыла деп айта албайбыз да. Чоң мамлекеттер өздөрү сунуш кылып аткан соң, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек.

- Мындан бир нече жыл мурда, А. Атамбаевдин тушунда Россия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курабыз деп, бирок токтоп калды эле. Бул ирет андай болбойбу?

- Сыягы, ГЭСтерге байланыштуу кадам саясатка байланышып кетти окшойт. Ал эми азыркы кыргыз бийлиги чечкиндүү кадамга барып, чындап киришти деп ишенем.

Маектеш тууралуу:

Абдыкеримова Алтынай Рысбековна, 1987-жылы туулган, 2005-жылы Бишкектеги №66 мектепти аяктаган, 2006-2012-жылдары К. Карасаев атындагы БМУнун Экономика жана Менеджмент факультетинин “Дүйнөлүк экономика” адистигин аяктаган. 2019-2021-жылдары К. Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академиянын Юриспруденция факультетинде билим алып, Эл аралык укук, юрист адистигине ээ болгон. 2021-жылдан баштап азыркы учурга чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Электроэнергетика, электротехника жана электротехнология факультетинде билим алууда. Мындан тышкары учурда Москвадагы М. Ломоносов атындагы университеттин “Отун-энергетика ресурстарын башкаруу” факультетинде квалификациясын жогорулатууда. 2022-жылы Россиянын “Росатом” корпорациясынын Техникалык академиясында «Атомдук энергия тармагында иш жүргүзүүдө ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуудагы заманбап талаптар” адистиги боюнча» да билим алууда.

2021-жылдын январь айынан тартып “Токтогул ГЭСин реаблитациялоо (№4 гидроагрегатты алмаштыруу)” долбоорун ишке ашырууда гидроагрегатты монтаждоо жана демонтаждоо жумуштарын жасаган компаниянын юрист-консультанты болуп иштөөдө. 2020-жылдан тартып “Борбор Азия Консалтинг Группасы” ЖЧКнын башкы директору. Ошондой эле эки жылдан бери CASA-1000 долбоорунун жергиликтүү мыйзамдар жана салыктар боюнча консултанты. 2018-жылдан тартып  “Өзбекстандын Когон суу курулуш” коомдук бирикмесинин Талас облусундагы узундугу 10 км. 5 млн. АКШ долларына бааланган долбоорунун жетекчиси.

Маектешкен Эмилбек Момунов.

Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+39°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети