• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3853 Категория: Интервью - Published: 31/01 - 14:26

БИШКЕК, 31-январь. — Eurasia Today. Тажикстандын армиясы 2021-жылдын апрель айындагы согуштук агрессиясынын жарааты айыга электе, быйыл  27-январдын кечинде кайрадан кол салып, алгач Төрт-Көчө жолун бир тараптуу жаап, андан соң армиясы кыргыз жарандарын аткылай баштады.

Кошуна мамлекет эмне үчүн ортодо кол коюлган баардык келишимдерди бузуп, кайрадан кол салып жатат? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде ЖКнын экс-депутаты, профессор, саясатчы Каныбек Осмоналиевге бир нече суроолор менен кайрылдык.

– Каныбек агай, 27-январдын кечинде, караңгы кирип калган учурда Тажикстандын жарандары алгач Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө жолунун 275 метрин  бир тараптуу жабышып, андан кийин күтүлбөгөн жагдайда биздин аскерлер менен тынч жарандарга ок атылды. Алардын мындай аракетинин себеби эмне болушу мүмкүн?

- Тажик кошуналар ушуну менен канчанчы жолу биздин чек араларыбызда чагымчылдык кылышып, тынч жашаган кыргыз элин убайымга салып келет? Аларга эмне жетишпейт? Биз менен араздашуудан башка кылаар жумуштары калбай калганбы? Мындай суроолорду көптөн бери эле берип келебиз. Жооп жок. Бирок, анализ кылып көрсөк, тажиктердин "кутурма тышкы саясатына" бир топ эле айкын баа берип койсок болчудай. Эң башкысы, "Фергана картасын" ойноп жатышкан ири империялык өлкөлөр. Бул азгырыктуу саясат акыркы 2 кылым бою  бирде күчөп, бирде басаңдап келет. СССРдин учурунда катуу аракет менен кан буугандай токтоп калган болчу. Аттиң  акыркы 30 жылда "фергана синдрому" кайрадан жанданып баштады. Азыркы учурда бул тирешүүлөр тымызын ойноо же көшөгөнүн аркасындагы "келин кылык" шартынан өтүп, ачык эле аракеттерге өтө баштагандай.

Россия, Кытай, Еврокошуун, АКШ жана Түркия  өздөрүнүн тышкы саясаттарынын жол карталарын так ушул Борбордук Азия менен чиймелеп киришти. Биринчи кадам АКШнын алысты көздөгөн "афган секириги" болду. Янкилер 2001-жылы Нью-Йорктогу террористтик чабуулду шылтоолоп Кабулду көздөй согуштук-баскынчылык  максат менен секирсе, 2021-жылы болсо, кайра артты көздөй "качып" жөнөдү. Бул сапар жөн секирген жок! Абдан чоң митайымдык пландар менен качымыш болду. Калп эле жоо куугансып, апыл-тапыл болуп бүт курал-жарактарын, согуштук учактарын, оор техникаларын талибдерге белек кылып таштай "качышты".

Ал турсун алардын көздөй "Кедейканы" болгон президент Ашраф Ганини чемодандар толгон акчалары менен кошо ала кетишти. Караңгычылыктын кучагына малынган талибдерди укмуш куралдандырып коюшуп баса беришти. Натыйжада, талибдер өлкө ээлери катары согушсуз эле ийгиликтерге жетишти. Алардын азыр ич ара түйшүктүү маселелери толтура. Сырткы кошуналарга кол сала коёлу деген деле ниеттери азырынча жоктой. Бирок, алардын дароо эле Паншер капчыгайындагы этникалык тажиктер менен болгон кандуу кагылышуулары абдан резонанстуу болду. Талибдер тажик сепаратисттерин тез эле  күч менен  басып койду. Муну көрүп, келечегинен чочуй баштаган Тажикстандын "падышасы" опкоолжуп, ар кандай жан сактоо аракеттерине өтө баштады. ЖККУну шылтоо кылып Россияга белин ийип жүгүнүп, кол кушуруп кошомат кыла баштады. Орустар мындай мамилени "жылуу" кабыл алышты. Таянаар тоосуна ишенген эргул, а дегенде эле талибдерге кыр көрсөтүп, бир топ  резонанстуу билдирүүлөрдү таратып жиберди. Бирок, талибдер азуусун көрсөтүп, чек-арага миңдеген баш кесерлерин жайгаштырып салышты. Рахмон жоошуй түштү. Кремлди кылчактап карап турат.

Анын үстүнө анын өз элине болгон тирандык, жосунсуз жоруктары дагы тажиктердин кыжырын көптөн бери эле келтирип жаткандыгы жашыруун эмес.  Кыргызстандын аймагындагы өз учурунда мыйзамсыз түзүлүп калган Ворух анклавы президент Рахмонго эң ыңгайлуу саясий "союл" болуп калды. Өз мекенинде экономикалык жана саясий кризис орун ала баштаганда бул "эрен" кыргыз-тажик чек арасына от жагып жиберип жатпайбы! Канча чагымчыл аракеттер болду?. Биздин мурдагы президенттерибиздин дээрлик баары эле Рахмонду "кашылап" жоошутуп, убактылуу эле алаксытуу менен күн кечип келишти. Эң көрүнүктүү жасалма дипломатия кезектеги чырдан кийин, 3 жыл мурдагы Рахмон менен ошол кездеги биздин башчыбыздын алгачкы ирет чырлуу айылда, андан кийин Ысык-Көлдө кучакташып бүткөн соң, анан колтукташып эс алып жүргөн күндөрү болбодубу?! Ал спектакль баарыбыздын эсибизде го. Жыйынтыгы эмне болду? Нөл. Ал турсун бир аз мезгилден кийин эле тажиктер бизге кайрадан кол салып киришти. Чек араны демаркация жана делимитациялоо боюнча бир дагы олуттуу, алгылыктуу иштерди жасай алышкан жок. Ошондой эле "кылыктуу" чагымчыл аракеттер, мына үстүбүздөгү жылдын 27-январында кайра кайталанды.  "Көк-Таш" айылындагы 275 метр чырлуу тилке - бул тажиктердин жөн эле шылтоосу. Эми кезектеги "дипломатия" башталды. Бул сапар чечкиндүү аракет менен чек-араны бир жаңсыл чечип коюшса экен!

– Тажикстан өткөн жылы 28-апрелде да алгач Баткен районунун ушул Көк-Таш айылынан, андан кийин Лейлек районунун Максат, Арка, Достук айылдарына куралдуу кол салып, болгондо да тик учак, гранатомётту колдонуп, жерибизге басып кирип, жаш балдар менен кары-картаңдарды атып, жүздөгөн үйлөр менен дүкөндөрдү өрттөп, өлкөбүзгө миллиарддаган сом материалдык зыян келтирди эле. Бул окуядан кийин кыргыз бийлиги болбосо да, айрым жеке адамдар, жарандык коомдор биригип, Э. Рахмонду эл аралык Гаага сотуна беришкен. Эмне үчүн Рахмон жана анын бийлиги бөтөн өлкөгө кол салып, согуш ачкандыгы, адамзатка каршы кылган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен коркпойт?

Ооба, өткөн 2021-жылдын апрель-май айларындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кан төгүлгөн, тажик тарабынан бир жактуу уюштурулган чагымчылдыктын натыйжасында биздин Көк-Таш, Максат, Арка, Достук айылдарынан 36 бейкунө жарандарыбыз каза болушту. Бул - биздин эң чоң улуттук трагедиябыз! Кан кусуп жарадар болгон мекендештерибиз канча болду. Жүздөгөн үйлөр тонолуп, өрттөлүп, миңдеген малдар  уурдалды. Наристе балдардын кутурган тажик баскынчыларынын колунан өлгөндөрү - бул чыныгы фашисттик айбанчылык болду го! Ар бир эл аралык конфликттин келип чыгуу себептери бар. Бул жерде деле ошондой.   Тажиктердин кийинки кездердеги капсалаң кадамдарын мен тээ акаевдик бийликтин учурундагы кетирилген чоң жаңылыштык менен байланыштырат элем.

Анын өзүнчө тарыхы бар. Күнү бүгүнкүдөй эле эсимде турат. Ошол кезде тажиктер энергетикалык кризистин чеңгээлинде калышкан. Ишканалары иштемек турсун, жөнөкөй эле кунүмдүк электр жарыгына муктаж боло башташкан. Тажик элинин кыжырдануусу күчөп, Рахмондун айласы кетип турган. Мен азыр аки-чүкүсүн айтып отурбайын, анткени ар бирибиз соцжелелерге кирип, керектүү документтерди, макалаларды, аналитикалык изилдөөлөрдүокусак болот. Иши кылса Рахмондун ыйлактаган суранычына эрип кетип, макул болгон биздин "демократ" президентибиз Акаев аларга "Айгүл-Таш - Канибадам" электр чубалгысын тартып алууга керек болгон кыргыз жеринен тилке берүүгө макул болгон.

Мындай "берешендикке" жооп кылып тажиктер дагы баткендиктердин көйгөйүн жеңилдете турган чек-ара тилкелерин берүүгө кам урган деген маалыматтарды эстеп отурам. Анан, 2004-жылы Ходжент шаарында эки өлкөнүн өкмөт башчылары келишим түзүшкөн. Ошол келишимге ылайык, биз тараптан 104,4 га жер, ал эми тажиктер болсо, Ош-Исфана жол участогуна зарыл болгон 5 га гана жерди берүүгө макул болот. Мындай осол келишим эки өлкөнүн парламенттеринен бекилип, ошол кездеги эки президент Эмомали Рахмон жана Курманбек Бакиев тарабынан 2008-жылы кол коюлат.

Бирок, бекер жерди оңой эле алуунун кыныгына кирип алышкан тажиктер ошондон бери улуамдан-улам аппетиттери ачылып, кыргыздын жерлерине көз артып келишет. Мурда дипломатиялык, бирок көз боёмочулук жолдор менен тилектерине жетишип келишсе, кийинбулар ачык эле агрессияга өтүп алышты. Ал турсун биздин Кыргызстандагы либералдык жана плюралисттик маанайыбыздан пайдаланышып,дал ушул чек-ара менен байланышкан псевдо келишимдерди бетке кармап, көрүнүктүү саясатчыларыбызды бири-бирине каршы коюу ыкмаларын терең өздөштүрүп алышкандай. Биз мындай айла-амалкөйлүү душмандарга баш бербешибиз керек! Биздин жарандык институттарыбыздын активдүүлүгү дагы өзүнүн ролдорун ойноп жатат.

Тилекке каршы, анын оң жагына караганда терс жактары көп болууда. Кээ бир ММК каражаттары өтө эле ашыкча ой-жүгүртүүлөргө азгырылышса, бир нече башка тилдүү "масс-медиалар" болсо, ачык эле чагымчылдык маалыматтарды бере башташканы өкүнүчтүү. Азыр кырдаалды оң жагын көздөй сактап калуу аракети менен гана болуп, баарыбыз "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу керек" - деген аталардын принциби менен жашоого өтүүбүз абзел. Ошондо гана бир эле Гаага эл аралык соту эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук дагы кыргыздарды сезип калат! Рахмондун бийлиги кимге ишенбесин, өзү эле дүйнөлүк изоляцияда калып, агрессор-баскынчы катары бааланмак!

– Кыргызстан да, Тажикстан да ЖККУга мүчө, эмне үчүн бир уюмдагы бир мамлекет кошунасына кол салып, куралдуу агрессия жасап жатса, башка мүчөлөр ортого түшүп,  жок дегенде ынтымакка чакырып койбойт? Казакстандагыдай аскердик жардам бере алышпаса да, ошол тажик тарап чегараны шылтоо кылып жаткан маселелерди чечүү үчүн укуктук, юридикалык документтерди көрсөтүп, чыр-чатакты тынчтык жол менен да чечүүгө кызыкчылыгы жок болууда.

- Кептин баары 1990-жылдарда карпа-күрпө түзүлө калган ЖККУнун Уставында болуп жатат. Ал кезде саясий кырдаал такыр башкача болчу. Анын үстүнө бул аскердик келишимдин мүчөлөрүнүн ортосундагы паритеттик жагдайларга дагы көп дооматтар артылып келет. Кийинки кезеңдерде  сырттан келген коркунучтарга караганда, ошол эле ЖККУнун эки мүчөсүнүн ортосундагы араздашуулар опурталдуу болуп бара жатпайбы? Кээде мындай абал атайылап жасалып жатабы деген дагы ойлор келип кетет.

Ылайым эле андай болбосун! Өткөн жылдагы Азербайжан (ЖККУнун мүчөсү эмес) менен Армениянын (ЖККУнун мүчөсү)  ортосундагы "Кара-Бак согушу", Казакстандагы кандуу кыргын табияттары боюнча такыр эки башка окуялар болчу. Бирок, ЖККУ ал эки кыргынга эки башка мамиле кылды го? Куралдуу күчтү пайдалана турган жерге (Кара-Бакка) эрки жетпеди, ал эми кирүүгө акысы жок учурда (Алматыга) 4 миң ЖККУ армиясы кирип кетти!  Ал эми биздеги Ош-2010 апаатына сурансак дагы ЖККУ кашайтып туруп көңүл бурбай койду го?! Бул эмне? Кош стандарттуулукпу? Менимче, ошондой! Дипломатиялык жана юридикалык ресурстарды пайдаланып, кыргыз-тажик чек-ара араздашууларына эмнеге жардам берүүгө болбосун? Же бири-бирин кыра беришсин деген максаттар барбы? Түшүнүксүз! Андай болсо, Кыргызстан менен Тажикстандын саясий башчыларынын өз ара тынчтык жолуна түшүүгө багытталган аракеттери гана биринчи орунга чыгуусу зарыл. Бул эки кошунанын гана колунан келет. Андай болсо  эч кандай ЖККУнун кереги жок болуп калат!

– Эгер ЖККУ тажик бийлигине карата чечкиндүү чара көрө албаса, кыргыз бийлиги Гаага соту, Түрк мамлекеттеринин уюму, керек болсо БУУнун өзүнө кайрылса болобу?

- ЖККУ азыркыдай ойноп туруп алса, ал жолдорго деле барса болот. Биз баардык эл аралык институттардын татыктуу мүчөсүбүз. Толук кандуу субъект катары БУУда өз ордубуз бар. Айтмакчы тажиктер деле ошондой. Гаага сотуна кайрылып, Түрк мамлекеттеринин уюмуна деле маселе койсок болот. Бирок, дагы бир жолу кайталап коёюн. Бул конфликт эки өлкөнүн гана аракети менен толук чечилет. Башка уюмдарга экөөбүз тең жем гана болобуз.

Борбордук Азияны курчап турган ири империялар өз оюндарын баштап жаткан учурда кыргыз-тажик конфликттеринин эч кандай кереги жок. Биз муну бекем эстеп, акыл калчап саясат жүргүзүүбүз керек!

– Тажикстандын бийлигинин абалы ансыз деле азыр ары жагынан “Талибан” чек арага миңдеген согушкерлерин алып келип, кылдын учунда турат. Кыргызстан апрелдеги кол салуудан кийин сырткы дүйнөгө чыга турган жолдорун жаап салгандыктан, мөмө-жемиши сатылбай, керектүү азыктарды сырттан ташып келе албай, кымбатчылык менен жокчулук элин кыйнап жатканда алардын улам эле бизге агрессивдүү аракеттеринин максаты эмнеде?

- Кыргызстан менен Тажикстандын окшошкон бир көгөйлөрү бар. Эки өлкөнүн тең ачык деңизге чыгуу мүкүнчүлүктөрү жок. Бул көйгөй бир караганда анча билинбегени менен, бирок, эл аралык карым-катнашта, соода-сатык иштеринде, экономикалык  байланыштарда өтө зор кыйынчылыктарды жаратып келет. Ошондуктан, биз жана тажиктер  жер бетиндеги жолдор (шоссе, темир жол) жана аба каттамдары  аркылуу гана "транзиттик" көз карандылык коммуникациялар менен оокат кылып келебиз.

Бул аргасыздын иши. Анан калса, акыркы 30 жылда эки мамлекеттин калкы дээрлик түрдө 2 эсе өстү. Аны багуу үчүн жер-суу, энергетика жана коммуникация көйгөйлөрү дагы ошончо эсе көбөйдү да! Айла табуу керек. Эки өлкөдө тең экспорт/импорт сальдосу терс болуп келет. Жумушчу мигранттарынын саны күн санап өсүүдө. Социалдык жарылуулар заматта орун алып кете турган жагдайлар реалдуу. Тажикстанда болсо, президент Эмомали Рахмондун авторитардык жана үй-бүлөлүк, тууган-уруктук башкаруусу өзүнүн апогейине жетип турган кези. Элинин чыдамы түгөнүп бара жатканын Рахмон өзү эле эмес, анын кошуналары болгонбаардык өлкөлөр сезип турушат. Экинчи жактан, аларды талибандар "жакалай" башташты.Тажикстан изоляцияда калды. Кымбатчылык кекиртектеп, жумушсуздук күчөп,кийинки айларда тажик эли эмгек миграциясында кул катары оокат өтөп келишкен уул-кыздары жиберген каражаттар менен гана күн көрө баштады.

Өздөрү катылгандан кийин биз, кыргыздар,жолдорду жаптык. Өзбекстан болсо, Ислам Каримовдун доорунда эле тажиктерге өтчү темир жолдорду талкалап, көпүрөлөрдү бузуп салышкан. Президент Мирзиёевдин тушунда деле тажиктерге арналган оңдуу бир да өзгөрүүлөр боло элек. Бул өтө жаман абал! Ошондуктан, тажик бийлиги жаралуу жырткычтай болуп, айлана-чекесине каарын төгө баштагандай. Дагы бир жагдай. Тажикстанда наркокартель укмуш күч алган. Аны башкарган талаа командирлери дагы деле кубаттуу. Тилекке каршы, тажик наркобарондору расмий бийлик менен дагы тил табышып алгандай деген пикирлер бар. Алардын кылмыштуу өнөктөштөрү бизде, Кыргызстанда дагы бар экенидигин байма-бай айтып келишет. Анан, эң башкысы, Рахмонду күндүр-түндүр ойлонткон - бул бийлик трансформациясы. Ал өзүнүн жалгыз уулу Рустамга бийликти мурастап берүү кыялынан кайта албай келет. Кечээги Казакстандагы бийлик трансформациясынын күтүүсүз фиаскосу Рахмонду убайымга салып койду. Ошондуктан, ал карапайым элдин алдында "крутой хан" болуу картасын ойной баштады. Ушундай оорукчан кыялдын бири кыргыздарды кысуу болуп жаткандай! Эл алаксый түшсүн деген амалы го?

– Бул ирет тажиктер менен кошуна жашап, алардын психологиясы менен сырын жакшы билген айрым баткендик активисттер “Бул Эмомали Рахмондун бийлигинин Кыргызстандын жерине, суусуна, кен байлыктарына көз артып, аны кандай гана мыйзамсыз, согуштук жолдор болбосун тартып алуу...”,- деп айтып жатышат. Сиз ушул пикирлерге кошуласызбы?

- Баткендик туугандарыбыздан айланып кетсек болот. Алар мээнеткеч, таза жашаган, карапайым мүнөздүү, патриот жарандар болушат. Чек-араны көздүн карегиндей сактоого далаалат кылышып, канча бир туугандарыбыз каза болуп кетишти. Ооба, алар кошуна тажиктердин кулк-мүнөздөрүн, адаттарын жана тилин жакшы билишет. СССРдин учурунда аралаш жашап өзүнчө эле  саясий жана экономикалык укладдары бир болуп калган эл. Анан кийин эле душман болуп чыга келбедикпи. Бул да болсо эл аралык геосаясат менен кээ бир жарма патриот жана жаны жок митайым саясатчылардын азабы! Эми бул абалды оңдоонун бир гана жолу бар. Бул - тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар. Эки тарап тең сабырдуу болуп, кризистен чыгуу жолун издейли. Элчиликтердин күнү-түнү тынбай аракеттенген кылдат ишмердүүлүктөрү зарыл болуп турат. Агартуу иштеринин маанилүү экендигин дагы сезип турабыз. Болбосо, караңгылык капшабы дагы эки элди каршылаштырып жаткандай!

– Ошол эле учурда айрым Тажикстандын жарандары “Биз кыргыздар менен урушмак турсун, жаман сөз айтышкыбыз келбейт. Бул Рахмондун элди алагды кылып, кыргыздарды душман көрсөткүсү келген жана анын эл аралык баңги бизнеси менен алектенген күйөө балдарынын “соодасы токтоп калгандыгына” ичи ачышкан өч алуусу”,- деп айтып жатышат. Мындай сөздөрдүн да чындыгы болушу мүмкүнбү?

- Карапайым тажик элинде эмне айып?  Алар кээ бир жүзү кара саясатчылардын эле курмандыктары болуп келишүүдө. Ооба, мен дагы жөнөкөй  тажик элинин өздөрүнүн президентине болгон нааразычылыктарын көп окуп,  видеолордон көрүп жүрөм. Президент Рахмон жүргүзгөн непотивизм саясаты чоң термелүүнү жаратып, анын амплитудасы абдан чоңоюп кетти. Бул жакшылыкка алып келбейт. Кечээ эле Казакстандын Элбашысы Назарбаевдин трагедиялуу мисалында көрдүк го? Азыр Орто кылымда жашап жаткан жерибиз жок го, акыры? Өз доорунда дуулдаган Түкмөнбашыны азыр ким эстейт? Тирандардын доору кыска жана аянычтуу болот. Байлык жана бийлик үчүн өз элин жана кошуналарын азапка салган өкүмдарлар деле кайгылуу күндөрдү көрүп калышат.

– 1991-жылы августта СССР жоюлуп, анын курамындагы 15 союздук республикалардын жетекчилериошол эле жылы августта Алматыда жолугуп, чек араны акыркы мезгилдеги географиялык бөлүнүү боюнча чечүү тууралуу документке кол коюшкан. Бирок Тажикстандын бийлиги бул документти тааныбай, 1924 жана 1936-жылдардагы жана башка документтер боюнча чек араны бөлүшүүнү талап кылышы канчалык мыйзамдуу жана эл аралык документтерге ылайык келет?

- СССРдин мезгилсиз кыйрашы дүйнөлүк геосаясаттык окуя болду. Өз ара тирешип келген социализм жана капитализм ситемаларынын согушу акыркысынын толук жеңиши менен аяктады. Социалисттик лагердин таш-талканы чыгып,"муздак  согушту" айыгышкан күрөш аркылуу жүргүзгөн  Варшава келишими НАТОго багынып берди. СССРдин 15 союздук республикалары "ай талаада" калышып, журтта калган баладай болушуп ар өлкөнүн жетегине түшүп кетишти. Прибалтика өлкөлөрү гана тез эле өз оокаттарын тыңдап алып кете алышса, калгандары куп эле кордук көрүштү.

Россия өзү эбегейсиз зор жаратылыш ресурстары болгондугуна карабастан аз жерден мамлекет катары жок болуп кете жаздады. Кудайдан болуп, президент Владимир Путин баштаган жаң көз караштагы лидерлер орус элин сактап калышты. Борбор Азия өлкөлөрүчү? Жараткан жалгап, КМШ өлкөлөрүнүн президенттери  Алматы Декларациясына кол коюшуп, өз аймактарына дооматсыз мамиле кылууну кабыл алууга жетишишти. Ооба, биз тажиктерден башка кошуналар менен тынчтык жолунда эле чек-араларыбызды тактап алдык. Анча-мынча мүчүлүштүктөр болду. Аны билебиз. Айрыкча, Үзөңгү-Куушка окшогон жерлерибиз боюнча, ж.б. маселелер. Бирок, ушул тажиктер менен эле жалпы пикирлер орун албай келет. Буга, негизинен тажик тарап күнөөлүү. Себептерин мен башында айттым. Өз ара макулдашууларды тез арада эле бузуп турган калк экен. Айрыкча, байлык менен  бийликке тойбогон, өтө эле амбициялуу "чоңдору". Эми мунун дагы сааты чыгып келе жаткандай. Элибизге сабыр, башчыларыбызга кайрат жана эрк тилейли!

Тажиктердин Алматы Декларациясын тааныбай келиши өздөрүн эле жарга такап коюшу мүмкүн. Мындай кадам алардын караңгылыгы менен эле түшүндүрүлөт. Изоляцияга андан бетер батышат. Керек болсо, 1924- жана 1936-жылдардагы келишимдер бизге жакшы шарттарды берет. Ал документтерге ылайык, биз тескерисинче, Мургаб менен Жерге-Тал райондорубузга ээлик кылууга акыбыз бар! Ошондуктан, тажик тарап көп эле ойдолоктой бербей, акылга келип, тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөргө  макул болушса өздөрүнө эле  жакшы болмок. "Мүйүздүү болом деп кулагынан айрылганы турушат"! Эл аралык мамилелерди чеберчилик жана акылмандык менен гана түзгөн пайдалуу болот.

Жогоруда ири империялардын "фергана өрөөңү боюнча" геосаясаттык чоң оюндары жөнүндө кеп учугун улабадык беле? ооба бул маселе азыр абдан актуалдуу боло баштады. Мына, эң акыркы жаңылык. Өткөндө, б.а. 25-январда бир  зор эл аралык он-лайн форматындагы саммит болду. Расмий аталышы  - Борбордук Азия-Кытай" делинип, бул иш-чара ал өлкөлөрдүн, б.а. Борбордук Азия мамлекетеринин - Казакстан Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын   Кытай менен дипломатиялык мамиле курууга 30 жыл толгондугун белгилөөгө арналды. Аталган өлкөлөрдүн лидерлери узак жана жакшы сүйлөшүп алышты. Эң башкысы "Борбордук Азия-Кытай" форматындагы жаңы саясий аянтча пайда болду.  Кытайдын Төрагасы жолдош Си Цзиньпин өтө аракет кылып, Борбордук Азия өлкөлөрүн ШКУнун ичинен дагы өзгөчө форматта кароого убакыт жеткендей ойлорун билдиргендей болду. Бул - абдан күчтүү саясий кадам. Бул жерде  Россиянын кызыкчылыктары кандай болду экен? Суроо азырынча ачык калып турат. Ушундай кырдаалда Кыргызстан менен Тажиксатндын ортосундагы чек-ара тирешүүлөрү кандай нукта чечилиши мүмкүн? Айтуу кыйын. Кандай болгон күндө дагы, жаңы чакырыктар пайда болду!

Кытай өзүнүн "Интеллектуалдык Жибек жол" аттуу бирдиктүү жана амбициялуу долбоорун өздөрүнө гана тиешелүү болгон жылма жүрүш менен Борбордук Азия өлкөлөрүн арбап кирип келе жатат! Анын алкагында кандай гана долбоорлорду ишке ашырышпады? Мисалы: Казакстан-Кытай нефть магистралы, Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай газ түтүктөрү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автожолу, Кытай-Өзбек "Пэншэн" индустриялык паркы, Кытай-Тажикстан-Өзбекстан автожолу. Булар толук бүтүп, азыр киреше берип иштеп жаткандары. Аз убакыттын ичинде долбоордук көрсөткүчтөрүн толук аткарышат. Эми болсо, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынып башталат. Кечээги саммитте, Кытайдын лидери Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн айыл-чарбаларын модернизациялоого жакынкы жылдар ичинде 75 млрд $ сарптоого убада берди! Борбордук Азияны "кичинекей Кытай" кылып койгону турушат! Россия болсо, Украинага алаксып НАТО менен алпурушуп журөт. Мына бүгүнкү күндүн геосаясаты. Ошондуктан, биздин расмий бийлик белди бекем бууп, кадр маселесин биротоло оң жагына чечип туруп, чапчаң кыймыл менен эл аралык оюндарга туруштук бере турган аракеттерге өтүүсү зарыл! Кыргыздын пассионардык касиети эми ойгонуусу абзел. Колубуздагы байлыкты, жерибизди башкаларга эч качан ыраа көрбөшүбүз керек! Бул колубуздан келе турган эле жумуш. Аталардын рухтары колдосун!

Маектешкен Эмилбек Момунов, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети