• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
695 Категория: Интервью - Published: 22/07 - 17:37

БИШКЕК, 22-июль. — Eurasia Today.  Ирандагы органикалык айыл чарба жер семирткичтерин өндүрүүчү  «Kelaterin Technology» компаниясынын коммерциялык менеджери Мехди Афшар компания Кыргызстанда органикалык жер семирткич чыгаруучу ишкана курууга кызыкдар экенин «Eurasia Today» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Мехди мырза, Сиздердин Кыргызстанга келгеңиздердин максаты эмнеде?

- Биздин максат, Кыргызстандын бизнес коомчулугу менен мамиле түзүү, бул өлкөнүн рыногун изилдөө жана айыл-чарбасын өнүктүрүүгө инвестицияларды салуу мүмкүнчүлүгүн кароо болуп саналат. Эгер кыргыз тарап бизге жардам берсе, анда биз бул жерде өкүлчүлүк ачып, ишкана курууга даярбыз.

- Ирандык ишкерлер Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы рыногуна канчалык кызыкдар?

- Биздин компания Кыргызстанга биринчи жолу келди. Рынокту изилдеп жатабыз. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл-чарба Кыргызстандын экономикасы үчүн негизги чөйрөлөрдүн бири болуп саналат. Ошондуктан биздин продукция республиканын дыйкандары үчүн суроо-талапка ээ болот деп ишенебиз. Биринчи келген күнү Бишкектеги ЭЭА (СЭЗ) барып, анын  ишмердүүлүгү менен тааныштык.

- Сиздердин продукцияңыздардын артыкчылыктары эмнеде?

- Биздин жер семирткичтер табигый органикалык болуп саналат. Такыр жерди минералдар менен байытат. Химиялык жер семирткичтер колдонулгандан кийин жердин күчү кетет эмеспи, ал эми биздин продукция тескерисинче канчалык көп колдонулса, ошончолук жерди байытат. Биз продукцияны сатууда алгач жерде кандай көйгөй бар экенин изилдеп чыгабыз. Андан соң жер семирткичтин керектүү түрүн тандап беребиз. Анткени бизде жер семирткичтин түрлөрү бар: кургак жерге, туздуу жерге, нымдуу жерге жана башка. Ошондой эле ар кандай айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн ар түдүү жер семирткичтер бар.

- Ирандан тышкары чет өлкөлөрдө ишке ашкан кандай долбоорлор бар?

- Биздин компания Оманда бир долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Оманда көбүнчө жерлер туздуу экенин жана ал жерде бир нерсе өстүрүү кыйын экенин көрдүк. Ал жакта биз жер семирткичти дароо колдонбостон, алгач жерди изилдеп көрдүк.  Андан соң ал жерде эч нерсе өспөгөн туздуу жерди биздин жер семирткичтер менен эки жуманын ичинде жапжашыл минералга бай жерге айланттык. Мындан тышкары, Арменияда бир нече долбоорлорду ишке ашырдык , эми ал жака биздин продукциялар экспорттолууда.

Белгилей кетсек, Бишкектеги “Дамас” мейманканасында Иран — Кыргызстан бизнес-форуму өтүүдө. Ага катышуу үчүн Ирандын айыл чарба, өнөр жай, курулуш материалдары, тоо-кен, фармацевтика жана медициналык шаймандарды өндүрүү жаатындагы 40 ири компаниянын өкүлдөрүнөн турган ири делегация келген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети