• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
111 Категория: Интервью - Published: 19/06 - 13:39

БИШКЕК,19-июнь. — Eurasia Today. 18-июнда Иран Ислам Республикасында Президенттик шайлоо болду.

Бул ирет ирандыктар 13-ирет өздөрүнүн президенти үчүн добуш беришти. «Eurasia Today»  агенттиги өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү ирандыктар президенттик шайлоого кандай катышышкандыгы тууралуу Ирандын Кыргызстандагы Консулу  Маджид Тамизифар менен кыскача маектешти.

- Урматтуу Консул мырза, алгач Сиз кыргызстандыктарга өзүңүңүздү тааныштырып, кыскача өмүр баяныңызды айтып берсеңиз.

- Кутман күнүңүздөр менен. Менин аты-жөнүм Маджид Тамизифар. Мен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Консулу болуп иштеймин жана эки жарым жылдан ашык убакыттан бери Ирандын Бишкектеги Элчилигинде иштеймин. Иран Ислам Республикасынын жарандары үчүн да, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн да кызмат көрсөтүп келатам.

Бул мезгилге чейин мен Германияда иштегенмин жана азыркы жумушум бул жерде, Кыргызстанда.

- Айрым маалыматтарга ылайык, бул ирет Ирандын жарандары добуш берүүгө өтө жигердүү катышпай тургандыгы күтүлүүдө. Андыктан биз Сизден мурдагы президенттик шайлоолорго канча ирандыктар катышып, канчалык жигердүү эле?

- Учурда мен шайлоо участогунун кызматкери жана байкоочу болуп эсептелгендиктен, биздин жарандардын шайлоо процессинде канчалык катышкандыгы тууралуу айта албаймын. Бул мыйзам боюнча тыюу салынган. Анткен менен бул ирет да ирандыктар шайлоого жогорку деңгээлде катышышат деп ишенем.  

Ирандыктар шайлоого өз өлкөсүнүн аймагынан тышкары дүйнөнүн 133 мамлекетинде ачылган 234 шайлоо участогунда добуш бере алышат. Иран Ислам Республикасынын президенти кызматына жети талапкер ат салышууда.

Бирок азыркы учурга карата алардын үчөөсү шайлоого катышуудан баш тартышты. Балким, кийин да башка өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн.

- Сиз Кыргызстанда үч жылга жакын иштеп жаткан мезгилде кыргызстандык жарандар өздөрүнүн өлкөсүндөгү шайлоолорго өтө деле жигердүү катышпай жатышкандыгынан кабарыңыз болсо керек. Мисалы, Кыргызстандагы акыркы президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 30%ы гана катышышты. Андыктан Сиздин ИИРдин жарандары үчүн президенттик шайлоого катышуусу үчүн кандай сунуш берет элеңиз?

- Кыргызстандагы жарандардын өз өлкөсүндөгү шайлоолорго карата мамилеси тууралуу мен эч кандай сунуш жана жеке пикиримди айта албаймын. Ал эми ирандыктардын добуш берүүсү тууралуу көпчүлүк учурда эки эки идея менен көз караштардын карама-каршылыгы болуп келүүдө.

Ирандын жарандары ар дайым эле баардык шайлоолорго жигердүү катышып, добуш берүү да жандуу өтүп келүүдө. Ошондуктан шайланган президенттин легитимдүүлүгү жогору жана өзү күчтүү болуусуна негиз түзүлөт. Албетте, мен ирандык жарандарга сөзсүз шайлоого катышып, өздөрүнүн добуш берүүсүнө чакырат элем. Ошондо ал кийин өзү шайлаган президентке талап да койгонго акылуу болот. Башкача айтканда, “Биз Сизге добуш бердик, ишеним көрсөттүк, демек, Сиз бизге берген убадаңызды аткарууга милдеттүүсүз”,- деп айта алышат. Андыктан шайлоого катышпай койгондон катышкан туура болот.

- Ирандагы президенттик шайлоодон кийин добуштардын жыйынтыгы аймактагы жана кошуна өлкөлөр менен өз ара мамилелерге кандай шарт түзүшү мүмкүн?

- ИИР негизги артыкчылыктуу багыт катары карманган сырткы саясаттын негизги принциптери бар. Ал эми ошол курс кантип, кандай деңгээлде иш жүзүнө ашары түздөн-түз бийликке келген саясый лидер жана анын командасына көз каранды. Эл аралык чөйрөдө иштеген топтор башка мамлекеттер менен болгон сырткы саясый мамилелерге таасир эте алышат.

- Азыркы учурда ИИРдин Кыргызстандагы жарандары канчалык добуш беришүүдө? Сиз шайлоонун жүрүшүнө ыраазысызбы?

- Жалпысынан биз өз өлкөбүздүн Кыргызстандагы жарандарынын  шайлоого катышуусуна көңүлүбүз толуп турат. Өзүңүздөр көрүп тургандай, мен шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп саналам. Биз алдын ала уюштуруучулук иштерине даярдык боюнча жыйын өткөрүп, жумушчу тобун түзгөнбүз.  

Шайлоо участокторунда кызматкерлер өз эрежеси менен түзүлөт. Бир нече адам жергиликтүү администрация жана райондордон, мындан тышкары жашаган жеринен ишеним көрсөтүлгөн адамдар. Бул адамдардан участкалык шайлоо комиссиясы түзүлөт.

Комиссия 9 адамдан турат, бешөө – бул Кыргызстанда жашаган Ирандын жарандары (элчиликте иштебеген жана мамлекеттик кызматкерлер эмес),  үчөө – элчиликтин кызматкерлери жана бирөө шайлоо участогунун төрагасы, байкоочу комиссиясынын өкүлү болот.

Чындыгында мамлекеттик кызматкерлер макулдашуучу жана колдоочу орган болуп саналат. Шайлоо эл үчүн өтөт жана эл шайлоону өзү өткөрөт. Шайлоо участогунун комиссия мүчөлөрүн да эл шайлайт.

Эгер жаңылбасам, Иранда жана ИИРдин элчиликтери бар баардык өлкөлөрдө шайлоо жигердүү өтүүдө. Мен азыр бул процесске ыраазымын. Бүгүнкү күндө коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда ирандыктардын саны аз экендигине карабай, шайлоо жогорку деңгээлде өтүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин саны демилгелүү топтор тарабынан шайланган жарандарга салыштырмалуу шайлоо участогунда азыраак. Бул Иран Ислам Республикасы менен ИИРдин элчиликтери жайгашкан өлкөлөрдө демократиялуу шайлоо өтүп жаткандыгын көрсөтөт.

Маектешкен Каныкей Жаманкулова.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+14°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети