• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
177 Категория: Интервью - Published: 28/04 - 18:08

БИШКЕК, 28-апрель. — Eurasia Today. Бишкек шаарында биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү өттү. Иш-чара экологиялык таза транспорт каражаттарын сүйүүчүлөрдүн башын бириктирди. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, “Ecobike” компаниясынын ээси Анвар Чукубаев Кыргызстан эмне үчүн транспорттун бул түрүнө өтүшү керектиги жөнүндө редакциянын корреспондентине айтып берди.

- Бул жүрүш кандай максатта уюштурулгандыгын айтып берсеңиз?

- Бул иш-чараны өткөрүү менен биз коомчулуктун, прессанын, муниципалдык кызматтын жана  мамлекеттик структуралардын көңүлүн электр транспортуна өтүү зарылдыгына буруп, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолдорунун бири жөнүндө айткыбыз келди.

- Сиздин компанияңыз жөнүндө айтып кетсеңиз.

- “Ecobike” компаниясы транспорттун бул түрүн сатуу менен алектенет. Биз айдоочуларга транспорт каражаттарынын ушул сыяктуу түрү да бар экендигин жана жол кыймылынын катышуучуларын урматтоо керектигин көрсөткүбүз келет. Акыркы эки жылда биз экобайктардын  70ке жакынын саттык. Электромобилдерге токтолсок, Бишкек шаарында алардын саны 150гө жакын. Анын кытайлык, европалык жана япониялык моделдери бар. Анын ичинен - 3 - 4 автоунаа ​​"Tesla" үлгүсүндөгү унаалар. Жакынкы келечекте Бишкек шаарынан тышкары, Ош шаарында электротранспорт дүкөнүн ачууну пландап жатабыз. Жалпысынан, мындай байктарды  Кыргызстанда чогултуу (Made in Kyrgyzstan) кыялыбыз бар. Келечекте, биз Кыргыз Республикасынын ар бир аймагында болгубуз келет!

- Транспорттун бул түрүнүн кадимки транспортко салыштырмалуу кандай артыкчылыктары бар?

Баарыдан мурда, бул үнөмдүү. Бензиндин жана дизелдик отундун баасы тынымсыз көтөрүлүп жаткандыгын өзүңүз көрүп турасыз. Электр энергиясына болгон баа азырынча бир азга гана кымбаттап жатат. Экобайкты бир ирет кубаттоо 10-20 сом турат. Электромобилде ал болжол менен 20-30 сом турат. Анын үстүнө, бир жолу кубаттоо менен 60 км ден 100 км ге чейин жетет. Мындай техниканы тейлөөгө кеткен чыгымдар минималдуу. Мындан тышкары, транспорттун бул түрү экологиялык жактан таза. Бишкекте көптөгөн автоунаалар катализаторсуз жүрөт, ошону менен атмосфераны булгап жатышат. Катализаторлор - көмүр кычкыл газынын жана зыяндуу заттардын атмосферага бөлүнүп чыгышын бир аз да болсо чектеген система. Ал эми бизде аны сатып же ижарага берип жатышат.

- Бул унаанын кандайдыр бир кемчиликтери же ыңгайсыздыктары барбы?

- Ооба, албетте бар. Транспортту башкарууда түшүнбөстүктөр бар. Бара турган жерине жетесинби  же жокпу, дайыма эле ишене бербейсин. Бирок унааны бир аз колдонгондон кийин, аккумуляторду (батарея) канча жолу кубаттоо керектигин, канча убакыт кубатталарын, кайсы жерден кубаттоо керектигин ж.б. түшүнөсүз.

- Техниканын бул түрүнө суроо-талап өсүп жатабы?

- Ооба, албетте! Андан артык! Өткөн жылы экобайктарды сата баштаганда биз кыргызстандыктарды бул транспорттун түрүнө өтүүгө чакырдык. Бирок, азыркы кардарларыбыз: "биз экологиянын бир бөлүгү болуп, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин өнүктүрүүгө салым кошкубуз келет" деп билдиришет.

- Экобайкты кубаттоо керекпи?

- Ооба, албетте. Ал кадимки розеткадан кубатталат. Бир жолу кубаттоо менен 60 чакырымга жакын жолду басып өтөт.

- Биздин мамлекетте тиешелүү инфраструктура жетиштүүбү?

- Электротранспорт үчүн инфраструктура - бул кубаттоо станциялары. Бир гана розетка. Электромобилдерде унааны кыска убакытта кубаттоого мүмкүнчүлүк бере турган туташтыргыч бар. Ал эми кадимки розеткалар бизде көп. Электробайкты каалаган розеткага айдап барып, туташтырса болот. Электромобил менен дагы ушундай кылса болот. Бул бир аз убакытты талап кылат, бирок кадимки транспортто болгондой эле натыйжалуу. Ошол эле учурда, Бишкек шаарында 3 тез электр кубаттагычын орнотуу пландаштырылууда. Ошондой эле, жакынкы келечекте аккумулятордук батарейкаларды оңдоо/алмаштыруу боюнча жаңы кызматтар түзүлөт.

- Бишкекте транспорттун бул түрүн өнүктүрүүгө эмне тоскоолдук кылууда?

- Маданият, түшүнүктөр. Бишкек шаарынын ар бир жашоочусу ал үчүн экология эмне экенин ойлонушу керек жана албетте, бул кыймылды жайылтуу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасашы керек!

- Электротранспорт менен бензин же дизелдик кыймылдаткыч менен жүргөн кадимки автоунаанын баасы кандайча айырмаланат?

- Бир экобайктын баасы болжол менен 1000-1200 доллар турат. Ал эми электромобилдерге токтолсок, колдонулган унаанын баасы 10 миң долларга чейин болсо, жаңы унаалардын баасы 20 миң доллардан жана андан жогору болот.

- Мындай түрдөгү транспорт канчалык көп бузулат?

- Негизи электромобил деген эмне? Бул батарея, электр кыймылдаткыч. Калгандары зымдар, дисплейлер, лампалар ж.б. Ошондуктан, эң башкысы, аккумуляторду тейлөө жана аны кышка туура сактоо керек. Аккумуляторлорго келсек, алардын түрлөрү көп. Гелий жана литий аккумуляторлору бар. Байк үчүн гелий батареясы 15 миң сом турат. Литий-ион аккумуляторлору 400-500 доллар турат. Унааларга келсек, бул жерде кубаттуулукка жараша болот, анткени алар киловатт менен өлчөнөт. Орточо алганда, аккумулятордун баасы унаа баасынын 20-30%ын түзөт.

Материалды Евгений Коротовских даярдады

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети