• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
329 Категория: Интервью - Published: 23/04 - 16:22

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. 24-апрелде "Текстиль транс" компаниясы "Бишкек Парк" соода борборунда Кыргызстанда биринчи ата мекендик "MENIKI" брендинин ачылышын жасайт.

"Текстиль транс" компаниясынын башкы директору Мышыев Нургазы Алимбаевичтен Кыргызстандагы жалпы үй-бүлө үчүн саркеч кийимдердин масс-маркети "MENIKI" брендинин ачылышы тууралуу интервью алдык.

- Текстиль транс компаниясы качан негизделген? Кыскача токтоло кетсеңиз.

-  Алгач 2008-жылы байпак фабрикасы негизделген. Ошондон бери 13 жыл аралыгында кийим тигүүчү “Салкын”, “кездеме өндүрүүчү”, “жип өндүрүүчү” фабрикалары ишке киргизилди. Буйруса, 24-апрелде биринчи ата мекендик "MENIKI" брендинин ачылыш аземи өтөт.


- Бул брендди ачуу идеясы эмнеден улам келип чыкты?

-  Учурда Текстиль транс компаниясынын негизги багыты болгон класстердик долбоор ишке ашырылып жатат. Кыргызстандагы биринчи ата мекендик жалпы үй-бүлө үчүн саркеч кийимдердин масс-маркети "MENIKI" бренд дүкөнү ачылганы турат. Бул идея компаниянын негиздөөчүсү Абдраев Алмаз Кошоевичке таандык жана аны ачуу идеясы элге табигый сырьедон өндүрүлгөн кездемелерден сапаттуу ата мекендик кийимдерди сунуштоо максатынан келип чыккан. Элдер башка чет өлкөлөрдүн ар кандай сапаттагы кийимдерин арзан-кымбатына карабай алып кийип жатышат. Биздин максаттарыбыздын бири-  өлкөбүздүн жарандарын сапаттуу саркеч кийимдер менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу болуп саналат.

- Кыргызстандагы биринчи ата мекендик брендди ачууга көп эмгек талап кылынып жатса керек?


-  Ооба, мунун үстүндө канча айдан бери иштеп келе жатабыз. "MENIKI” масс-маркети Кыргызстандагы биринчи ата мекендик бренд болуп эсептелет. Анын үстүндө чоң команда иштеп жатат. Өндүрүш үчүн керектүү жабдыктар, атайын станоктордун бардыгы чет өлкөлөрдөн алынып келинди. Биздеги жетишкен мүмкүнчүлүк менен мындай масс-маркетти ачпай коюу кечирилгис болмок.

- "MENIKI" брендинин башка чет өлкөлүк бренддерден өзгөчөлүгү барбы жана баасы боюнча дагы салыштырмалуу айырма болобу?

-  "MENIKI" брендинин өзгөчөлүгү өзүбүздөн өндүрүлгөн кездемелерден, жакшы сапатта тигилет. Ал эми кездемелер дагы өзүбүздөн өндүрүлгөн жиптерден токулат. Ал эми баасына токтоло кетсем, албетте, башка жактан келген кийимдерге салыштырмалуу арзан болот.

- Компаниянын алдыдагы пландары тууралуу айта кетсеңиз?


-Алдыда пландар көп. Буйруса, Кыргызстан боюнча "MENIKI" брендинин дүкөндөрү ачылат. Андан кийин чет өлкөлөрдө, атап айтканда Казахстан, Орусияда дагы ачуу пландалууда.

2024-жылга чейин Чүй областында 10000 га жерде пахта өстүрүп, андан 12 миң тонна пахта буласын, 16 миң тонна малга жем, 40 миң тонна пахта майын, 1,5 миң тонна самын жана 1,5 миң тонна пахта уругун өндүрүү пландалууда.

Бул жылы 300 га жерге пахта айдалды. Жакынкы пландарда пахта тазалоочу жана иштетүүчү фабрика ачуу, учурдагы өндүрүштүк базаларды кеңейтүү, 18 миң кошумча жумуш орундарын түзүү маселелери бар.

Кластердик долбоордун жалпы суммасы 73 млн. доллар болсо, бүгүнкү күнгө чейин 21,5 млн. долларлык план ишке ашырылды. Учурдан пайдаланып, аталган долбоорду ишке ашырууга көмөктөш болом деген инвесторлорду кызматашууга чакырып кетмекчимин.

Даярдаган: Доктурбек кызы Альбина.

"Текстиль транс" компаниясынын Токмок шаарында жип өндүргөн фабрикасынан сүрөттөр:

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети