• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
628 Категория: Интервью - Published: 27/02 - 14:11

Белгилүү актёр, кинорежиссёр Бакыт Мукул менен өзүнүн чыгармачылыгы, бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун абалы жана жалпы эле маданият тармагынын түмөн-түйшүктүү,  көйгөйлүү маселелери тууралуу маектештик.

- Бакыт мырза, Сиз кыргыз маданият, кино өнөрү тармагына актёр жана кинорежиссёр катары таанымалсыз. Тасмаларыңыз эл аралык сыйлыктарга ээ болуп жаткандыгын угуп жүрөбүз. Андыктан алгач өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз, акыркы кезде аткарган ролдоруңуз менен тарткан тасмаларыңыз тууралуу окурмандарга өзүңүз айтып берсеңиз.

- Рахмат, жакшы болот. Чыгармачылыкка ар бир адам жөн келбейт эмеспи. Кээ бирөөлөр айтышат, бала кезден эле ушуну кыялданчумун деп. Ошол сыңары эле, баары коомго, айлана-чөйрөгө да жараша болот деп ойлойм. Мен азыркы  жашымда ойлонгонум бала кезимдегиден такыр эле бөлөк болуп жатпайбы. Биздин учурда коом башкача болчу. Биз артисттердин баскан-турганындарын, кийингендерин көрүп, көз айнек тагынып кетип баратса аларга таңгалып, - Мен дагы ушулардай  артист болсом - деп таасирленип, суктанып өскөнбүз да. Биздин муун маданияттуу адамдарды көрүп түздөлүп чоңойгонбуз. Мен мисалы, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадыловдордой артист болсом деп кыялданчумун. Кийин ошол кыялыбызга жетип, актёрдук окуу жайынан билим алып, артист болуп иштеп жүрөбүз. Жогоруда айтып кеткендей, жаш кезде ойлонгонуң менен, азыркы жашыңдагы ойлонгонуң башка болуп жатпайбы. Мурун жакшы актёр болсом экен десең, азыр болсо, ички дүйнөңдөгү адамзатына болгон, коомчулука болгон көз карашты чагылдыргың келет экен да. Ал ойлорду чыгарыш үчүн эмне кылыш керек?.. Эмне болуу керек. Режиссер болуш керек...

Ал эми бүгүнкү өсүп келе жаткан жаштар артист болсом, роль жаратсам, башка бир каармандын кейпин кийип алып терс көрүнүштөрдү чагылдырсам дебейт. Себеби бар. Отуз жылдан бери башка артисттер пайда болгон. Алар телевидение, радио, интернет булактарынын баарын ээлеп алган. Алар кимдер? Депутаттар, саясатчылар, салыкчы, бажычы, сот, прокурорлор, айтор жалаң жегичтер. Биз отуз жылдан бери турмуш сахнасынан жалаң ушулардын “оюнун” көрүп келатабыз. Уурдап чогулткан машиналарын, заңгыраган кабат-кабат үйлөрүн... Алар жаштардын табитин бузуп жатышпайбы. Келечек муундар ушунун баарын көрүп жатат. Ушуларды туурап, чоңойуп жашап жатпайбы!.. Ошентип маданиятыбыз көмүскөдө калып жатат... Азыркы элдин баары саясатчы. Билгени-билбегени деле ажылдап кыжырыңды кайнатат. Ушул көрүнүш бизге тарбия эмес да, туурабы?..

Бүгүнкү коомду оңдош үчүн мамлекет чыгармачыл адамдарды колдош керек. Көтөрүш керек! Сыйлаш керек! Ишине жараша баа бериш керек! Баалаш керек! Анан ошого карата чыгармачыл адамдар – Мен дагы ушулардай чоң ийгилике жетейин деп иштеп умтулушу зарыл.

Бир чети ата-энелерди түшүнсө болот. Балдарына “Артист болуп эмне кыласың?”,- деп калышпадыбы. Себеби артисттердин маянасы канча экенин көрүп-билип турбайбы. Мисалы, театрда иштеген жаңы баштаган актёрлордун айлыгы 2500 сом... Ыя айланайын!.. Буга эмне дейсиңер... Башкасын айтпай эле коёлу. Эгер маданият кызматкерлерин коом, мамлекет колдоп турса кандай болот эле. Азыр ашмалтай болуп калган. Тойлордо артистпи, артист эмеспи, кыскасы бүт эле артист аралашып калган. Таланты барлар, өнөр ээлери кол жеткис болуп турса, маданиятыбыз өспөйт беле...

- Эми жеке чыгармачылыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз

- Мен ошол бала кездеги кыялыма жетип, 50дөн ашык тасмада ойнодум. Анын ичинде ар кандай ролдор бар. Башкы роль, чоңураак, орточо, эпизоддук ролдор да бар. Артисттин канчалык чыгармачылык дарамети бар экендиги кичинекей ролдон деле көрүнөт. Бирок чоңураак рол көбүрөөк ачып берет деген ойдомун.

- Бирок кино тармагына кантип өтүп кеттиңиз?

- Эмнегедир 2014-15-жылдары өзүм да кино тарткым келди. Себеби биздин кинолор эмнеге жогорку деңгээлдеги дүйнөлүк фестивалдарга жетпейт деген ой жаралды. Ошентип Дастан Жапар уулу экөөбүз 2014-жылы сценарий жазып баштадык. Сценарийибиз оюбуздагыдай болду. Азыркы учурдун талабына ылайык драматургияга ылайык жазылды. Анан “Атанын керээзи” деген аталышта кино тартууга кириштик. Бирок алгач көптөгөн кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болду. Анткени сценарийиңер жакшы экен деп эле уруксат бере коюшкан жок. Себеби: Мен актер болсом, Дастан оператор болсо, ким бере коет. Т. Океев аттынданы кыргызфильмдин башкы редактору, сценарист, жазуучу Талип Ибраимовго окутуп көрдүк. Ал кишиге сценарий аябай жагып калыптыр. Анан бизге жолугуп айтат. Сценарийиңер жакшы экен! Мага аябай жакты! Эми муну Актан-Арым Кубатка же Темир Бирназаровго тарттырыш керек деди. Анан мен дароо эле айтым. Алар тартып эле жүрүшпөйбү... Өзүбүз жазган сценарийди өзүм эле тартам дедим. Талип байке мени жактырбай,- Ой атаңдын оозун урайын!.. Эми ушунтесиңер да!.. Кинону бир оңой ойлойсуңар! – деди. Беш-алты күндөн кийин Талип байке бизге келип, сен тарта турган болсоң кандай тартат элең,- деп сурады. Анан кинонун жалпы стилистикасы мындай болот. Режиссерасы мындай болот - деп раскадровкасына чейин көргөзүп бердик. Ошонтип ал киши булар тарта алат экен деп тыянак чыгарды. Анан берки режиссёрлор карандай каршы чыгышты. Ошентип бир жыл акча издедик. Акыры айланып келип "Кыргызфильмдин" акчасы менен тартылып бүттү.

Бул кинонун темасы миграция тууралуу да. Бүтөрү менен эле 2016-жылы Канададагы А класстагы Монреал Эларалык кинофестивалына катышууга жолдомо алдык. Бирок өзүбүз виза ала албай, ал жакка баралбай калдык. Ошентип өзүбүз баралбасак да тасманы ал жактагы Кыргызтандын дипломатиялык өкүлчүлүгү барып тартуулады. Бактыга жараша башкы байгени утуп алдык ”Золотой зенит” деген. Кызык жагдай, сыйлыкты алууга эч ким чыкпай койгон экен, үч ирет кайталап айтканда гана биздин атыбыздан катышып отурган өкүлүбүз үчүнчү ирет түшүнүп, чыгып алыптыр.

Кубанычтуу кабарды эртең менен таңга маал уктук. Уктап жатканыбызда Канададан телефон чалып, сүйүнчүлөштү. Андан ары деле “Атанын керээзи” жолдуу болуп, дүйнөнүн беш континентин, 30дан ашык өлкөнү кыдырып, 37 фестивалга катышып, башкы байгелерин жеңип, Мекенибизге жакшы аброй алып келдик. Мен мактанып коем кээде. Кыргызстандаүч эле алтын бар деп. 1- си Каныбек Осмоналиев, 80- жылкы Олимпиядадан штанга көтөрүп алган. 2- Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу 2016-жылы Монреалдан “Золотой зенит“ кино боюнча. 3 - Темир Бирназаров 2018-жылы Таллинден “Тёмные ночь” сыйлыгын алган деп.

- Эми азыркы учурга кайрыла турган болсок, бир жылдан ашык убакыттан бери коронавирус пандемиясынан улам маданият тармагы көбүрөөк жабыркады. Ал эми кыргыз киносунун, дегеле маданият тармагынын кызматкерлеринин бүгүнкү абалына кандай баа бересиз?

- Мен азыркы учурга мындай баа берем. Согуш учурунда деле маданият токтогон эмес да. Эмне деген кинолор тартылып, ошол учурдагы окуяларды тартышып, тарыхка калтырышкан. Андыктан азыр экономикабыз начар, пандемия токтосун деп, кино тартууну да токтотуп коюш керек эмес. Бирок бизде түшүнүк башка да. Мисалы, Быйыл маданият жылы деп койсо, баары ырдап кетиште эмес да. Бизде 6 миллион адам болсо, баары ырдап кетишпедиби. Маданият бул жүрүм - турумуң, адамга болгон мамилең, коомчулукта кандай өзүңдү алып жүрөсүң... Кыскасы, маданиятты ырдайт деп эле түшүнбөш керек.

Дагы бир учурдан пайдаланып айтып кете турган жагдай, бизде маданият министрине көпчүлүк учурда бул тармакка тиешеси жок, искусствону түшүнбөгөн адамдар таңууланып дайындалып келди. Эмкисинде, 10-январдан кийин (маек президенттик шайлоого чейин алынган – редакция.) министрди өзүбүз шайлайлы деп турабыз. Эгер өкмөт татыксызын сунуш кылса, алып кет деп эле айтабыз. Негизинен маданият министрлигине башкаруунун, мындай кыл, андай кыл дегендин кереги жок.

Дагы бир айта кетейин дегеним, биздин министрликте жанагы “маалымат, туризм” деген тармактарыбызды башка министрликтерге бериш керек.

Ушул маданият министрлигинде канча киши иштейт, билбейм, алардын түштөнүүгө барганын гана көрөм. Бир жакшы идея менен барсаң, колдогон эч ким жок. Андыктан министрден тартып, катардагы кызматкерлерге чейин маданиятка тиешеси барлар гана иштөөгө тийиш. Мына, азыр кызматкерлердин санын кыскартып, бюджетти үнөмдөйлү деп жатышпайбы.

Щубин, Абдраев, Бейшеналиева, Консервотория, музыкалык окуу жайларды, искусство академиясын бүтүргөндөргө жумуш жок.  Ал эми  телевидениенин бетин бербегендер, булар кимдер?  Ушинтип отурсак маданиятыбыз качан өнүгүп, чыныгы таланттар кантип бааланат? Эгер телевизорго, радиого жандуу ырдагандар гана тандалып алынса, ошондо чыныгы таланттар иргелип, бааланат да.

Телеканалдар да өз багытын тандап алышы керек. Бизде кандай? Байлар саясый максатта жеке менчик телеканал ачат да, өзүнүн пропагандасын жүргүзүп, калган убакытты жанагы шарлатан ырчылардын мээни маң кылган ырлары менен толтурат. Мен бул фонограммисстерди көрө албай жатканым жок. Бир өзүнүн тубаса үнү, ырдын уйкаштыгы жок, компьютер менен баарын жасашат. Сөзүнүн да маани, мазмуну жок, поэзия, поэманы айтпай эле кой. Аларды көргөн жаштар кандай болуп чоңоёт? Бул келечекти ким бузуп атат деген кеп да.  Алтын фондуга жазылган гана чыгармалар эфирден берилип, кыргыздын улуттук колоритине төп келиши зарыл. Керек болсо бул улуттук идеология болуп саналат. Башка улуттардын обонуна салып алып эле улуттук колоритти, табитти бузгандарга чек коё турган мезгил келип жетти деп ойлоймун.

- Сөзүңүзгө аралжы, булар автордук укукту да бузуп атышкан жокпу?

- Эң туура. Жанагы Сыймык Жапыкеев ушуларды да текшериш керек. Азыр ырдалган ырлардын гонорарын авторлор албай эле, аткаруучулар алып жатышат. Эмне үчүн автордук укук дейт, өзү эле айтып турбайбы. Кыргызпатент буларды өкүртө текшериш керек. Мисалы, мен бир сатиралык чыгарма жазсам, аны  башка бир шылуун пайдаланып, акча жасап жатпайбы. Ушундайларды текшерип, качан биздин укугубузду коргойт билбейм. Анан айта кетчүү нерсе, эл ушуну угат деп эле табитти бузган чыгармаларды жарата бербей, элди тарбиялоо жагына көңүл буруш керек. Бул да бизге министрди жогор жактан маданияттан ат чабым алыстагы адамдарды дайындай бергендигинин кесепети, алар тажатып бүтүрүштү. Көзөмөл керек бизге.

- Бүгүнкү кыргыз киносунун абалына кандай баа бересиз? Короновариус пандемиясы менен кымбатчылык шартында артисттер кантип жашап жатышат.

- Тилекке каршы жакшы деп айта албаймын. Акыбал жаман. Карантин учурунда көпчүлүгүбүз ачка калдык. “Бизге деле гумжардам бергиле”,- десек, “Силер эмнеге кыйналмак элеңер...”,- деген жооп болду. Чыгармачыл адамдардын бизнеси болбосо, эптеп жанын баккан театр, кинолор жабылып, көрсөтүлбөй калса, кантип жашаш керек? Ага карабай эптеп карантинден биз да ачка өлбөй чыгып кеттик. Бир чети чыгармачыл кишилер тартынчаак болобуз. Эл да атактуу болсо эле бай деп ойлошот экен. Көпчүлүгү өмүр боюу беш сотых жерге, үйгө жетпей эле жүрүшөт. Жеке өзүбүз болсо “Атанын керээзи” менен 37 мамлекетке барып, эң негизгиси Кыргызстанга  аздыр-көптүр аброй алып келгендигибизди айтып өттүм. Эми ушуну да баалаган эч ким болбой жатпайбы. Азыр эми ушул кинону өзүбүздө кантип элге кеңири жеткиребиз деп ойлонуп атабыз. Негизи эл аралык аренада киносатык деген болот. Бизде бул тармак да такыр жок. Кошуна Казакстанда жылда ондогон кинолорго акча каражатарын кеңири берип тарттырып жатат.  Бизде болсо бир, болбосо жок. Айлык маянаны айтпай эле коёюн, канча экендигин укканда ыйлап ийесиң.

- Сөзүңүзгө аралжы, былтыр Россиянын президенти Владимир Путин кино тармагында иштеген  кызматкерлер менен жолукканда “Жылына силерге өтө көп акча бөлүп атабыз, анын баарын эле пайдаланбай жатасыңар...”.- деген сын-пикирин айтты эле. Бизде мамлекеттен кино тартууга канча акча бөлүнөт? Деги эле бөлүнөбү?

- Ой, канча экендигин деле так билбеймин. Менимче он миллион сомго жакын акча келет. Аны бир нече сценарийге бөлүп берип, аягына, калганына өзүң табасың деп коёт. Мисалы, “Атанын керээзине” бюджеттен 1 миллион 700 миң сом берген. Калганын өзүбүз таап тартканбыз. Муну да эл аралык фестивалдарга барганда айткандан уялып, 80 миң доллар десек  күлүшөт. Аларда биздин кыска метраждуу дегендей кинолорду беш миллион долларга тартышат экен. Ал эми мисалы, Батыш өлкөлөрүндө "Атанын" кэрээзи" тартылган 80 миң доллар бир актёрдун бир эле айлык маянасы экен.

- Эми биздин өкмөттүн абалы түшүнүктүү, кино эмес, башка тармакты эмне кыларын билбей эси ооп отурат. Ошондуктан дүйнөлүк практиканы колдонуп, прокатка чыгарууга мүмкүнчүлүк барбы? СССРдин учурунда деле Т. Океевдин “Ак илбирстин тукуму” сыяктуу тасмалары тартылып, “кыргыз керемети” деген атак-даңкка ээ болуп, бир канча мамлекеттерде коюлуу менен экономикалык жактан деле киреше алып келди болуш керек.

- Сурооңузду түшүндүм. Бул жагы мындай да. Мисалы, “Атанын керээзине” өкмөт акча берди деп айткандан деле уяласың, болгону 1 млн. 700 миң сом бериптир. Калганын өзүбүз таап тартпадыкпы. Бирок биз чет өлкөдөгүдөй массалык көрүүчүлөрдү өзүнө тарта турган урушкан, бири-бирин өлтүргөн, өбүшүшкөн, жылаңач жүргөн кино тарткан жокпуз да. Бул кино кыргыз элинин каада-салтын, нарк-насилин дүйнө жүзүнө тааныткан тасма болду. Мен бул сурооңузга мындай салыштыруу менен жооп берейин. Мына, Ала-Тоо аянтына Манас атабыздын эстелиги тургузулду. Бери жагында Чыңгыз Айтматов турат. Алар акча тапсын деп орнотулган жок да. Ошол сыяктуу Кыргызстанды, кыргыз элин даңазалап, каада-салты менен нарк-насилин эл аралык деңгээлге тааныткан кинолор да тартылыш керек го. Балким, Сиз айткандай акча тапкан деле кинолор келечекте тартылып калар.

- Сиздер тарткан, эл аралык фестивалдарга катышкан кинолор менимче тойдогу камералар менен эле тартылбаса керек. Эми мамлекеттин жок дегенде ушул жагынан жардам бергенге мүмкүнчүлүгү барбы?

- Кайдан. Андай жогорку сапаттагы, кымбат камералар бир-экөө гана жана коммерциялык кинолорду тартканга берилип, бизге келгенде эле жок болуп калууда. Ошондуктан биз мамлекет тарабынан бөлүнгөн аз гана акчаны Казакстандан ижарага алынган камераларга төлөп эле отуруп калуудабыз. Мисалы, акыркы ирет “Акыркы көч” деген тасманы жеке компаниянын камерасы менен тартып бүттүк. Монтаж убагына келгенде карантин башталып кетип, токтоп калдык. Тамак ичип, кийим кийбесек да дүйнөгө бардар кишидей көрүнөлү деп, болгон каражатыбызды ушул киного жумшадык. Анан эле ошол тасмаң эл аралык деңгээлдеги сыйлык алса бүттү, Кино департаменти же министрликтегилер жогор жакка өздөрү жасаган иштей отчёт берип калышат экен. Кинонун аягына чейин бүтүргөн сен. Мактанган алар. Ошентип өздөрүнүн креслолорун сактап келе жатат. Сенин  өмүрүң тууган-туушкандарга оорчулук салып, демөөрчү издөө менен өтөт.

- Мамлекетибиздин абалы кандай экендиги белгилүү го. Эми алар деле бар акчаны бербей койбосо керек...

- Жок, андай эмес экен. Биз ойлогондон көбүрөөк эле акча бөлүнөт экен. Анан булар бир нече тасмага жарым-жартылай бөлүп берет. Калган каражат Кыргызстандагы бир нече кинопрокатчыларга бөлүнөт.  Бирок алардын пайдасын эл деле, биз деле көрө элекпиз.

Мына, 40 райондо 40 кинотеатр бар. Кинотеатрларда иштегендерге маяна, имаратты оңдоого деп эле натыйжасы жок акча берилип жатат. Бирок ошол кинотеатр иштегенин көргөн адам жок. Дагы бир нерсени айткым келет, Союздун учурундагы композитордун музыка жазгандыгы үчүн төлөнгөн 42 рубль болгон экен, ошол боюнча калып калган. Килейген бир киного ушул акчага ким музыка жазмак эле? Ал эми ролду аткарган артисттер күнүнө 1000 сом алып, анын 300 сому салыкка кармалат. Мен бул тууралуу мурдагы маданият министри Азамат Жаманкуловго айтсам, “Кино канча күн тартылат?”,- дейт, 30-40 күн десем, “Байке, жакшы эле акча алат турбайсыңарбы”,- дейт. Мен айттым. Эми угуп тур. Мисалы, ал артистти бир жыл даярдайсын да. Сакалыңды кой деп. Анан кинонун башында бир күн, аягында бир күн түшөт. Болгону эки күн.Сакал койгону бир жыл. Алганы 2000 сом, 600 сом салык төлөйт. Анан өзүнө эмнеси калат. Эми 1400 сом үчүн ал тартылмак беле. Ашатып сөгүп туруп базарга басып кетпейби...

- Эмнеге “Атанын керээзин” айылдык, шаардык кинотеатрларда коюп, акча жасаса болбойт?

- Антип да көрдүк. Ошол эле кинопракатчылар кинону элге көргөзүштү, бирок акча келбей койду. Бизде бирөөнүн эмгегин жеген, калп айтып, алдамай өнөрү ушунчалык өнүгүп кетиптир...

- Анда акыркы суроо, жогоруда акыркы ирет “Акыркы көч” деген тасма тарттык дедиңиз. Ушул кинонун мазмуну тууралуу айта кетсеңиз.

- Бул тасма кыргыз элинин каада-салтына, азыр дүйнөнү каптап келаткан глобалдык цивилизация темасына арналган. Ошол улуттук уңгубузга кандай таасир тийгизет деген өңүттө. “АКЫРКЫ КӨЧ” тасмабыз дагы  “А” класстагы Таллиндеги эл арлык кинофестивалдан премьерасы болду, буюрса. Ошондой эле Бангладеште өткөн “ДАККА” эл аралык кинофестивалынын Башкы байгесин жеңип алдык...

Маектешкен Эмилбек Момунов.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+22°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети