Эксперт:ТыюусалынгандинийуюмдардынсоцтармаккатаратканмаалыматтарынITадистерблоктоптурушкерек
- Подробности
- Просмотров: 549
БИШКЕК, 3-март. — Eurasia Today. Диний серепчилердин баамында, азыр Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана терордук уюмдардын идеологиясы менен күрөшүү салыштырмалуу жакшы жүрүүдө. Анын натыйжасында андай айрым топтордун катарынан чыгып жаткан жарандар да бар.
Ошол үчүн ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдар менен күрөшүүдө профилактика иши өзгөчө мааниге ээ. Ушул жааттагы бир канча суроолор менен коопсуздук жана дин таануу боюнча адис Икбол Мирсаитовду кепке тарттык.
- Икбол мырза саламатсызбы? Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик уюмдар менен күрөш кандай жүрүп жатат деп ойлойсуз?
- Саламатсыздарбы? Биринчиден Кыргызстанда азыркы мезгилде 21 экстремисттик-террористтик уюм бар. Алардын ичинде экстремисттик дагы топтор бар. Нукура террористтик уюмдар бар. Бирок ошол уюмдардын ичинде азыр активдүү радикалдуу ойлорду таратып, жаштардыни арасында же элдин арасында иш жүргүзгөн уюмдар азыр аз. Дээрлик жок десек деле болот. Себеби дегенде бул жерде бүт дүйнөдө ушул уюмдарга каршы иштер, иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Бирок менин оюм боюнча азыркы мезгилде биз күрөш эмес, профилактика жүргүзүшүбүз керек. Себеби дүнүйөлүк тажырыйбада бир уюмду жок кылса, анын ордуна башка пайда болуп атпайбы. Ошондуктан биздин негизги максат, дегеле өкмөттүн, бийликтин максаты – ал уюмдардын идеологиясына каршы атайын иш-чараларды көрүш керек.
Башкача айтканда аларга каршы позитивдүү нарративдерди жүргүзүш керек. Ошентип жаштардын арасында профилактикалык иштерди алып барышыбыз керек. Мечиттерде, медреселерде мектептерде, ЖОЖдордо. Анткени ошол экстремисттик уюмдардын баары жаштарга таратат. Анан алардын материалдары көбүрөөк интернетке чыгууда. Азыр социалдык тармактар жакшы эле көзөмөлдөнүп жатат десек болот. Анан буйруса андай жаман нерселер жаштардын арасында да азыраак эле тарап жатат.
Бирок биз профилактика иш-чараларын өтө жакшы жүргүзүшүбүз керек. Усулдук колдонмолорду таратып, мүмкүнчүлүк болсо, мектептерде, ЖОЖдордо кандайдыр бир предмет катары киргизип, же факультативдик саат кылып өтсөк да болот. Себеби жаштарды биз эмитен даярдап коюшубуз керек. Эгерде алар соцтармактарда жана башка жерлерде бир нерсени көрүп калса, улууларга, имамга же мугалимдерге кайрылып, "бул эмне, түшүндүрүп бергиле?", – дегендей болуш керек да.
Анткени азыркы мезгилде айрым жаштар өлкөдө тыюу салынган уюмдардын материалдарын билбей эле соцтармактарда таратып коюп, же бөлүшүп, лайк басып коюп күч органдарынын көзөмөлүнө түшүп калып атышат. А күч органдары аны каттоого алып коюп атат. Ушул нерсени биз жаштардын арасында түшүндүрүп, үгүт катары профилактика жүргүзүшүбүз керек деп ойлойм.
- Ушул жумада Кыргызстанда тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний уюмунун Жалал-Абаддагы 4 мүчөсү ал топтон чыкканын билдиргенин атайын кызмат жарыялады. Демек, бул топтун мүчөлөрүнүн арасындагылардын түшүнүгү өзгөрүп, алардын идеясы мамлекеттик түзүлүшкө каршы келээрине көздөрү жетип, аң-сезими көтөрүлдү десек болобу?
- Ооба, чынын айтканда "Йакын-Инкар" негизи Кыргызстанда болуп, бизден таралды. Алар "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыгып, радикалдуу топ деп аныктама берилген үчүн аларга тыюу салынды. Бирок алардын ичиндеги көпчүлүгү түшүнбөстөн анан толук маалыматы жок жаштар дагы кирип калганы эч кимге жашыруун эмес. Маалыматы, билим жок жигиттер Йакын-Инкардын өкүлдөрүнө ишенип, сүйлөгөн сөздөрүнө, баяндарына ишенип кирип калгандар да бар. Аны туура түшүнүш керек. Анан биздин Уламалар кеңеши ушул жаатта бир топ иш-чараларды жүргүзүп жатышкандыктан, адашып кирип алган балдар кайра чыгып атышат. Негизи Йакын-Инкар мындай караганда мурдагыдай күчтүү уюм болбой калган. Чынын айтыш керек. Көпчүлүк мүчөлөрү аркага кайтты, түшүнүп, андан чыгып кетишти. Анан алардан эл арасында жүрүп, үгүт катары мечиттерге баргандар кем болуп калды. Бар бирок, анчалык эмес, мурдагыдай эмес.
Бул жерде биринчиден, биздин муфтияттын иштегени, экинчиден, күч органдарынын иштегенин айтса болот. Алардын үгүт катары, профилактика катары иштеп атышканын белгилесек болот. Үчүнчүдөн, буларды кармап, абакка киргизип койсо, ал жакта андан да көбүрөөк радикалдашып кетип атышат. Ошол үчүн алар менен профилактика иштерин туура жүргүзүп, туура түшүндүрүп, Уламалар менен бирге сүйлөшүп, дискуссияларды өткөргөндө, алардын көпчүлүгү аркага кайтат. Себебин айтып атпайымбы, көпчүлүгү, аларга маалыматы менен билими жок жарандарыбыз кирип калган. Алардын аракетине каршы көп тараптуу критикалык ой жүгүртүү менен мамиле кылып күч органдары, Уламалар кеңеши жакшы иш-чараларды жасап жатышат. Андыктан Йакын-Инкар анчалык күчтүү уюм эмес, баштагыдай коркунуч алып келе турган топ болбой калган.
- Дегеле өлкөдөгү тыюу салынган диний уюмдарды нейтралдаштыруу үчүн эмне жетишпей турат деп ойлойсуз?
- Биринчиден, бизде тыюу салынган уюмдардын жок болушу үчүн толук маалымат эмес, толук профилактикалык иш жүргүзүш керек. Ал деген эмне? Ал ошол эле социалдык тармактарды, интернетти толук көзөмөлгө алышыбыз керек. Туура, баарын көзөмөлгө ала албайсың, бирок тыюу салынган уюмдар өзүнүн иш-чарасын жүргүзүп атпайбы, жаштарды башын айландырып, аларга туура эмес маалымат берип, ушул нерселерди катуураак көзөмөлгө алыш керек. Мүмкүнчүлүк болсо алага такыр тыюу салыш керек.
Экинчиден социалдык тармактарга контрнарратив эмес, альтернативалык материалдарды ташташ керек. Ошондо көрүп аткан жаштар айырмалап калышат. Башкача айтканда, бир аз тандоо пайда болот. Жаштар арасында ушундай нерсе болуш керек.
Ал эми күчкө салып, күч пайдалансак, биз туура эмес кылып калабыз. Эмне дегенде күчкө күч пайда болуп калат. Эмнеге радикалдар пайда болуп атат? Анткени биз күч жумшап атабыз. Анын ордуна, бир аз түшүндүрүү иштерин, профилактикалык иш-чараларды өткөрсөк, ушул нерселер жок болот деп ойлойм.
- Ар бир адам экстремисттик уюмдардын курмандыгы болуп калбаш үчүн кандай кеңештерди бересиз?
- Чынын айтканда, тыюу салынган уюмдардын катарына кирип калам же кирбейм деген маселеде, эч кимдин кепилдиги жок. Ал деген психологиялык, социалдык же экономикалык жактан, анан ошол эле билим берүү тармагынан ар түрдүү себеп болуп калышы мүмкүн. Биздин жарандардын экстремисттик-террористтик уюмдардын катарына кирип калышынын себептери көп. Ар бирин каттоого алып, баарын көзөмөлгө алып, иштеш өтө кыйын.
Биринчиден: азыр биздин жаштардын канчасы Кесиптик техникалык окуу жайларда, канчасы колледжде же ЖОЖдо жүрүшөт, алар негизинен эмне менен алек, ушуларды көзөмөлгө алышыбыз керек да. Алар сөзсүз бир нерсе менен алек болушу керек.
Экинчиден: чынын айтканда, социалдык тармактарда тарап аткан материалдардын баарын көзөмөлгө алышыбыз керек. Айла болсо IT адистердин атайын командасы иштеш керек. Алар мындай терс маанайдагы маалыматтарды блоктоп, соттук териштирүүсүз эле жаап туруш керек.
Туура эмес маалыматтар берилип жатабы, жаштардын башын айландырып атабы, маалыматтын курамында экстремисттик-терористтик уюм барбы, тыюу салынган сөздөр, тополоңго-козголоңго, фитнага чакырып аткан сөздөр айтылып жатабы, андай уюмдардын баарынын маалыматтарына тоскоол кылып, жаап туруш керек. Себеби алар бир жолу чыктыбы, кийин экинчи жолу же үчүнчү, төртүнчү жолу чыгара беришет.
Биз ошондой нерселерге чара көрүшүбүз керек жана албетте, бул жерде мектептерде, ЖОЖдордо, мүмкүн болсо мечит-медреселерде кичине профилактикалык иштерди жасашыбыз керек.
- Рахмат маегиңизге
Маектешкен: Асанбек Пазыл
Валюта курсу
Аба ырайы