• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1181 Категория: Интервью - Published: 27/01 - 15:44

БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык байланыштар жакшыргандыктан, соода-экономикалык кызматташуулар 2016-жылдан бери жаңы форматта өнүгө баштады.

Анын ичинде, айыл-чарба, тоо-кен тармактары да өрүш алууда. Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш-чапары менен келип, президент Садыр Жапаров менен жолукту. Анда эки өлкөнүн тыгыз байланыштарын андан ары жакшыртып, достук мамилеги чыңдоого кол алышты.

Расмий визиттин алкагында “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму уюштурулуп, анын жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду.

Ынтымакты бекемдеген мындай жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын фонунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштар тууралуу кеп кылуу үчүн экономикалык серепчилерге микрофон сундук.

Биздин суроолорго ОшМУнун Бизнес Паркынын директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, экономикалык серепчи Эрлан Камалов жооп берди.

- Эрлан мырза, саламатсызбы? Алгач Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын аспекттери тууралуу сөз кылсак. Негизинен эки өлкө экономикалык кайсы багыттар менен көбүрөөк кызматташып жатат?

- Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык байланыштарынын өзөгүн - негизинен бир канча багыттарга бөлүп карасак болот. Алардын биринчиси катары: бул, жеңил өнөр-жайынын кошуналарда акыркы учурда аябай тездик менен өнүгүшү. Экинчиси: чек аралардын ачылышы менен Кыргызстандагы текстиль өнөр-жайы менен атаандашууга алып келди. Ал эми үчүнчүсү: азыркы учурда өзүнүн төмөн өздүк наркы менен Өзбекстандын жеңил өнөр жайы биздин базарларда өзүнүн позициясын ээлей баштады. Тактап айтканда, Борбордук Азиядагы чоң базарлардан болгон Дордой жана Кара-Суу базарларында Өзбекстандын текстиль өнөр-жайынан чыккан товарлар кескин көбөйдү. Ошондуктан Кыргызстан кошуналардын бардык тармактары боюнча атаандаштыкка туруштук бериш керек.

- Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылганда сөзсүз түрдө айыл-чарба продукциялары, анын ичинде жашылча-жемиштер жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Анткени алар бизге ушул багытта көп азыктарды экспорт кылат эмеспи. Ал эми мындан ары биздин дыйкандарда аларга эмне экспорттогонго мүмкүнчүлүк бар?

- Туура, соода байланыштардын динамикалуу өнүгүп аткандыгынын дагы бир мисалы катары ошол эле - айыл чарба продукцияларынын эки өлкө ортосунда чоң көлөмдө жүгүртүүсү болуп эсептелет. Негизи айыл чарба өндүрүмдөрү Өзбекстандын климатына ылайык, Кыргызстанга караганда эртерээк бышып-жетилет да, ошого жараша алар бизге көбүрөөк экспорттоп келишет. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан аларга жүгөрү менен картошканы экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде биздин фермерлердин дагы экономикалык абалын жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн эске алышыбыз керек. Кандайдыр бир деңгээлде биздин фермерлер Өзбекстан республикасынын айыл чарбасына реалдуу атаандаштык кыла албай калышы мүмкүн деген коркунуч бар.

- Биз Өзбекстанга көмүр менен цементти да көп экспорт кылып келебиз. Тоо-кен тармагы боюнча кызматташтык кандай?

- Соода-экономикалык байланыштардын өзөгүн түзгөн дагы бир тармак тоо-кен өнөр жайынын продукциясынын Өзбекстанга экспорттолушу деп айтсак болот. Ооба, биринчи кезекте Кыргызстан тараптан таш көмүрдүн экспорту, ошол эле учурда биздин мамлекетте чыгып аткан негизги курулуш материалы болгон аки таш менен цементтин Өзбекстанга экспорттолушу болсо, ал эми Өзбекстан тараптан Кыргызстанга жаратылыш газы, күйүүчү жана майлооочу майлардын импорту болуп саналат. Акыркы учурда бул тармак жаңы деңгээлге чыкты деп айтсак жарашат. Жалпылап айтканда, эки өлкөнүн ортосунда ушул жаатта иштеше турган көптөгөн экспорттук жана импорттук потенциал бар. Аны келечекте ишке ашырат деген терең ишеничтемин.

- Билим берүү тармагында сөз кылалы. Мисалы биздин мамлекетке өзбекстандык жаштар көп келип окуп кетишет. Сиз иштеген окуу жай дагы, билим берүү тармагында бир канча ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырды. Ушул жаатта кыскача ой бөлүшсөңүз?

- Баарыбызга маалым, маданий-гуманитардык багытты эске ала турган болсок, билим берүү, илим, маданиятты өнүктүрүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу да  акыркы жылдары жакшы жанданып келе жатат. Тагыраак айткандай, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы Билим берүү мекемелерин реконструкциялоо, куруу, маданий борборлорду реконструкциялоо иштери жакшы жолго коюлуп баратат.

Мисалы, Ош шаарындагы Өзбек драм театры менен Навои орто мектебин толук куруу жөнүндө биргелешкен долбоорлорун айтса болот. Бул коңшу өлкөнүн биздин мамлекетке гуманитардык колдоосу катары эсептесек, биз мамлекеттин аларга колдоосу катары баса белгилеп кете турчу дагы бир жагдай бар. Ал - өзбекстандык жаштарга Кыргызстандын билимин экспорттоону айтса жарашат. Мисалы, 2016-жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү боюнча мамилелер дагы бир топ жогорку деңгээлде чыкты. Себеби, Өзбекстандын миңдеген жаштары КР Жогорку окуу жайларында билим алып жатышат.

Ошентип билим экспортунун өсүшүнө, эки өлкөнүн Билим берүү жана илим тармагында өз ара тажрыйба алмашуусуна кеңири жол ачууда.

Мындан сырткары, мен дагы бир нерсени кошумчалап кетейин, эл аралык миграциялык процесстердин алкагында Өзбекстан Борбордук Азиядагы жумушчу күчүн чоң көлөмдө экспорттоочу мамлекет катары таанымал. Ошондуктан бул жагынан алганда, бул өлкөдөн Кыргызстанга чыгып эмгектенип аткан эмгек мигранттарынын ар түрдүү тейлөө, курулуш тармактарында активдүү иштеп жаткандыгы да, эки өлкө ортосундагы жакшы активдешкен экономикалык байланыштардан кабар берет.

- Өзбекстан менен ири долбоорлорду баштаганы жатпайбызбы, ошол эле "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга алар да катышканы атат. Бул багытта иштешүү башталгандыктан, Кыргызстан кандай кызыкчылыктарын коргош керек?

- Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарынын дагы бир көрсөткүчү катары жакында ишке ашат деп кол коюлуп жаткан чоң инвестициялык долбоорлорду айтсак болот. Бул Өзбекстан республикасынын авто-концерндеринин Кыргызстанда машина куруучу заводдун ишин баштоо жөнүндөгү келишимдерди айтсак болот.

Ошол эле учурда гидро-энергетикалык станцияларды, тактап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу жөнүндөгү өз ара мемарандум Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көлөмдүү долбоорлордун ишке ашышынан кабар берип турат. Бирок жыйынтыктап айтканда, ушундай чоң инраструктуралык жана чоң инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда биринчи кезекте КР улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктары биринчи кезекте эске алынышы керек деп ойлойм. Кээ бир учурда стратегиялык мааниси бар обьекттерди курууда биз өтө астейдил, этияттык менен мамиле кылып, келечегин эске алып, анан мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы биринчи орунда болуш керек деп ойлойм.

- Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: Асанбек Пазыл

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети