БИШКЕК, 19-январь. — Eurasia Today. Ош шаарында жаратылыш газынын басымы азайып, абонеттердин дээрлик 45 пайызына жетпей жатат. Муну адистер Өзбекстандан келген басымдын азайганы менен түшүндүрүшөт.
Анткени кошуна мамлекетте электр энергиясынын 90 пайызы газга байланыштуу болгондуктан жана сууктун кесепетинен аларда да таңкыстык жаралган. Ошентип Кыргызстандагы көгүлтүр оттун азайышы - электр энергиясына болгон чыңалууга алып келүүдө. Ош шаарына газдын качан калыбына келээри белгисиз, бирок боолголосо болот.
"Газпром Кыргызстан" ишканасынын ОшГаз филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов шаардагы газга байланышкан абалды кенен түшүндүрдү.
- Мирбек мырза, саламатсызбы? Өзбекстандан газдын басымы азайгандан бери Ош шаарында кандай көйгөй пайда болду?
- Буга чейин Өзбекстандан 10 атмосфералык басым менен келсе, азыр ал 0,4кө чейин түшүп кетти. Мындан улам көйгөй жаралып, шаардын көпчүлүк аймактарына жетпей атат. Дээрлик 45 пайыз аймактагы абоненттерибизге газ жеткире албай калдык. Мисалы: Ак-Тилек, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Амир-Темур, Курманжан-Датка аймактарына жеткирүү көйгөй жаратууда. Алардын көпчүлүгү жеке секторлор.
- Өзбекстан келишим боюнча жеткириле турган газдын азайып кеткенин эмне деп түшүндүрүштү?
- Келишим боюнча азыркыдан көбүрөөк бериш керек болчу. Бирок жаратылыш газынын басымы төмөндөшү мүмкүндүгүн айтып, бизге бир жума башта кат беришкен. Анткени аларда да сууктан улам керектөө көбөйүп кеткендиктен, силер да туура түшүнгүлө деп, басымдын төмөндөшүн алдын ала кабарлашкан. Алардын электр энергиясы газга көз каранды, себеби электр энергиянын 90 пайызын газдан алышкандыктан, таңкыстык жаралыптыр. Ошондуктан Ташкентте, Фергана облусунда газ көйгөйү пайда болуп, анын кесепети бизге да жетип атат. Алардын газ бассейиндеринде да аз чыгып калыптыр. Андан сырткары, автоунааларга газ сатылбай калды. Башкача айтканда, Өзбекстанда социалдык чыңалуу болуп атат. Анан өздөрүндө жок болгондуктан, бизге да бере албай атышат.
- Газдын басымы качан ордуна келет? Коңшулар менен сүйлөштүңүздөрбү?
-Алар анык жооп берише элек. Бирок биз ойлоп атабыз, күн жылыса, аларда да басым калыбына келет. Анан бизге да жаратылыш газын жеткирүү жолго коюлат деп ойлойбуз. Былтыры ноярь, декабрь айларындагы күн сууктап кеткенине да газдын басымы азайган. Анда азыркыдай түшкөн эмес, бирок анда деле бир топ ыңгайсыздыктар жаралган.
- Ошто газ керектөө акыркы 5 жылда болжол менен канча пайызга өстү?
- Акыркы беш жылда Ош шаарында жалпы газ керектөө дээрлик 50 пайызга өстү деп айтсак болот. Жеке сектордун колдонуусу өстү. Бирок коммерциялык багытта иш алып барган өндүрүштүк ишканалардыкы өскөн жок. Эмне үчүн элдин колдонуусу өскөнү боюнча айта кетсек, көпчүлүгү газ мештерди коюп алышкан, алар басымдын жакшы болгон учурунда жакшы пайдаланышат.
- Газды керектөө мынчалык өскөнү Ош шаарынын четиндеги айылдар газдаштырылгандыктан болуп атабы?
- Жок. Бизде Бишкектегидей жаңы конуштарды газдаштырган инвестициялык прогармма жок. Бир гана Жапалак аймагында гана болгон. Бирок өлкөнүн түштүгүндө инвестициялык долбоор менен масштабдуу газдаштыруу боло элек. Анан эгер жашоочулар өздөрү арыз жазып, кайрыла турган болушса, ошонун негизинде биз улап беребиз. Бирок "ГазПром Кыргызстан" ишканасы тарабынан азырынча түштүк облустарында газдаштыруу боюнча инвестициялык долбоорлор карала элек. Анткени Өзбекстанда ресурстук база азайып жатканына байланыштуу жана газдын басымы мынтип түшүп кетип жаткан учурда - токтоп турат десек болот. Эгер башка альтернативалык булактар табылып, өзүбүздөн чыккан газды сатып кала турган болсок, ошондо кеңейүү болот.
- Кечээ, 18-январда, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов, Ошто бир жумадан бери газ жок экенин айтып, Өзбекстан 2025-жылга чейин жаратылыш газын экспорттоодон баш тартышы мүмкүндүгүн эскертти. Ошол үчүн алдын алуу чарасын көрүп, Жалал-Абаддагы чоң көлөмдү газ кенин ачып, иштетүү керектигин айтты. Буга кандай кошумча айтасыз?
- Жалал-Абад облусу "КыргызНефтГаздын" газын жай мезгилинде ошол жактан алат, кышында Өзбекстандын газын пайдаланат. Себеби дегенде, алардыкы өзүнөн ашпай, Жалал-Абадга бере албай калат. Элдар Нурланович ошол жердеги газ боюнча айтты окшойт. Эми Жалал-Абадда өндүрүштү көбөйтсө, газ куурларын ишке салса, албетте жакшы болот. Анткени ал жерде запас көп деген чалгын маалыматтар бар.
- Рахмат маегиңизге.
Маектешкен Асанбек Пазыл
Валюта курсу
Аба ырайы