• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
158 Категория: В мире - Published: 21/07 - 11:47

БИШКЕК, 21-июль. — Eurasia Today. Кытай бийлиги үй-бүлөдө төрөлгөн үчүнчү бала үчүн салынган айып пулду жойду.

Бул тууралуу Xinhua агенттигине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындан ары Кытайда үй-бүлөдө үчүнчү бала төрөлсө, ага айып пул төлөнбөйт. Өлкө бийлиги социалдык камсыздоо үчүн төлөмдөр жана башка чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алды.
31-майда Кытайдын бийлиги жарандарына үчүнчү балалуу болууга уруксат берүү чечимин кабыл алганы кабарланган. Бул өлкөнүн картайып бара жаткан калкынын курамында жаштардын санын көбөйтүү үчүн жасалып жаткан кадамы.
Кытайдын мамлекеттик кеңеши 2025-жылы өкмөттүн балдардын төрөлүүсүнө түрткү бере турган атайын социалдык система иштеп чыгууга чечим кабыл алганын билдирди.
Экерте кетсек, акыркы жылдарда Кытайда калктын санынын өсүүсү жайлаган. Кытай бийлиги 2021-жылга карата эл каттоонун жыйынтыктарын жарыялап, акыркы он жылда калктын саны 72 миллионго көбөйүп, жалпы 1 млрд. 412 млн. кишиге жеткенин маалымдаган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети