• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
387 Категория: В мире - Published: 15/07 - 15:27

БИШКЕК, 15-июль. — Eurasia Today.  Ооган талибандары Пакистан менен чек арадагы маанилүү Спин-Болдак өткөрүү пунктун көзөмөлгө алгандыктарын билдиришти.

Талибан дал ушул коңшу мамлекеттен кошумча жардам алган. Согушкерлер Ооганстандын аймагында чабуулдарын күчөтүп, коңшу өлкөлөрдүн чек араларына чейин жетип, Тажикстан, Түркмөнстан жана Иран менен болгон чек араларды көзөмөлгө алды.

Ооган өкмөтүнүн көзөмөлүндө Кабулдан тышкары, бир нече аймак гана калды. Мындан улам, БУУ качкындардын санынын тез көбөйүшүнө чоң тынчсыздануусун билдирди.

“Качкындардын иши боюнча агенттик Ооганстан гуманитардык кризиске туш болушу мүмкүн экенин эскертет. Курчуп бараткан чыр-чатак адамдардын жапа чегүүсүнө алып келет. Тынчтык келишимине жетишип, зордук-зомбулукту токтото албасак, анда ооган качкындарынын саны өлкө ичинде дагы, коңшу мамлекеттерде дагы өсөт”, - деди БУУнун өкүлү Фархан Хак.

БУУнун маалыматы боюнча, ушул жылдын январь айынан бери Ооганстанда жер которгон адамдардын саны 270 миң адамга көбөйгөн, ошентип жалпы качкындардын саны учурда 3,5 миллиондон ашты.

Качкындар Талибан менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда аскердик кагылышуу болуп жаткан аймактарда дагы, Талибан басып алган ажерлерден да качып жатышат.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын чечими менен америкалык аскерлер Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетишет. Байден бул жөнүндө жарыялагандан кийин, Талибан чабуулдарын күчөттү.

Америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгары кетүү жөнүндө келишимди Талибан менен Дональд Трамптын администрациясы макулдашкан. Анын ордуна Талибан өзү көзөмөлдөгөн аймакта башка экстремисттик кыймылдардын пайда болушуна жол бербөөгө убада беришкен.

Ошол эле учурда Талибан өкмөттүк күчтөргө каршы күрөштү токтотуудан баш тартып, акыркы апталарда кеңири чабуулдарды жасашууда.

Талибан Ооганстандын провинцияларынын бир дагы административдик борборун өз көзөмөлүнө алууга жетише элек. Ошого карабастан, БУУнун маалыматы боюнча, алар июнь айында Ооганстандын ири шаарларынан тышкары аймагынын 50-70%ын жана райондук борборлордун 57%ын көзөмөлдөп турушкан.

Экстремисттик кыймылдын өкүлү кечээ, 14-июлда Спин-Болдак аймагын басып алгандан кийин Талибан өлкө аймагынын 80%ын көзөмөлдөп турат деп билдирди. Бирок көз карандысыз булактар муну тастыкташкан жок.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+32°C Дүйшөмбү
+37°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети