• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
597 Категория: В мире - Published: 13/07 - 16:24

БИШКЕК, 13-июль. — Eurasia Today. Орусияда тыюу салынган радикалдуу Талибан кыймылынын мүчөлөрү Ооганстандагы бийликти сөзсүз басып алышат.

Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин Telegram каналына шилтеме берүү менен билдирди.

Саясатчынын айтымында, “АКШ советтик аскерлерге каршы күрөшүү үчүн талибанды өзү  жараткандыгын унутуп койду”.

“Бирок биздин аскерлер ал жактан чыгып кетишти, ал эми Талибан калды. Эми дүйнө аларды Ооганстандын өкмөтү катары таанышы керек”, - деди Жириновский.

Ал белгилегендей, Орусия мамлекеттин жаңы бийлигинин пикирин эске алышы керек.

“Биздин өлкө бул Ислам республикасын жетектей тургандар менен эсептешүүгө милдеттүү”, -  деди Жириновский.

Америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Кубул кулайт деген пикирди дүйнөлүк саясатчылар жана аскер эксперттери бир нече жолу билдиришти. Бирок, республиканын президенти Ашраф Гани, оор мезгилдерге карабастан, өлкө Талибандын чабуулун жеңе алат деп ишенет.

Эске салсак, Ооганстандан АКШ жана НАТОнун аскерлери чыгарыла баштаганда Талибан согушкерлери активдеше баштаган. Согушкерлер өлкөнүн провинциялары менен шаарларын басып алууну улантууда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети