• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
65 Категория: В мире - Published: 04/05 - 13:55

БИШКЕК, 4-май. — Eurasia Today. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Билл Гейтс жубайы менен ажырашты.

Ал бул тууралуу Твиттерде жарыялаганын «BBC» маалымдады.
«Көптөгөн кеңешүүлөрдөн жана мамилелердин үстүнөн иштөөдөн кийин, биз никебизди токтотуу чечимин кабыл алдык», - деп жазган Гейтс билдирүүсүндө.

Ошондой эле, жубайлар чогу жашабаса да, дүйнө жүзү боюнча адамдардын чың ден-соолукта жана жемиштүү жашашына жардам берүү үчүн биргеликте түзгөн кайрымдуулук фондунда чогуу иштей беришерин билдирген.

Билл Гейтс жана жубайы Мелинда 27 жыл бирге түтүн булатып, үч баланы чогуу тарбиялашкан.

Гейтс жубайы менен 1980-жылдардын аягында, Мелинда Microsoft компаниясына ишке киргенде таанышкан.

Forbes журналынын маалыматына караганда, Билл Гейтсти бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча эң бай беш адамдын катарында турат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети