• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
179 Категория: В мире - Published: 29/04 - 14:44

БИШКЕК, 29-апрель. — Eurasia Today. Сауд Аравиясында шейшемби күнү болуп көрбөгөндөй жаан жаады.

Социалдык тармактарда Ыйык Мекке шаарында нөшөрлөп жаан жаап, көчөлөрдү суу каптап жатканын чагылдырган видеолор тарады.

Видеодон катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, көчөлөрдө унааларды агызып кетип жатканын көрүүгө болот.

Өткөн жума күнү жергиликтүү бийлик өлкөнүн жашоочуларына  нөшөрлөгөн жамгыр жаашы мүмкүн экенин жана суу каптап кетиши мүмкүн болгон жерлерден алыс болууну эскертип билдирүү жасаган.

Интернетте жарыяланган видеолордо Каабаны таваф кылып жаткандар катуу жамгырда жана мөндүрдө калып кетишкенин көрсөк болот.

Бул Сауд Аравиясында нөшөрлөп жааган жамгырдын биринчи учуру эмес. Өлкөдө бир айлап катуу жамгыр жаап, көптөгөн кишилердин өмүрүн алып кеткен учурлар дагы катталып келет. 2018-жылдын ноябрь айында бир ай бою жаан жаап, сел апааты жүрүп, ондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен жана кесепеттери оор болгон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети