• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
187 Категория: В мире - Published: 27/04 - 12:28

БИШКЕК, 27-апрель. — Eurasia Today. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган COVID-19га байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин локдаун жарыялады.

Бул тууралуу чел элдик басылмалар маалымдашты.

Түркияда 16-апрелде коронавирус жуктургандардын саны пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүчкө жетип, вирус 63 082 адамдан аныкталган. Ал эми 21-апрелде бир суткада 362 адам көз жумган.

Эпидемиялык оор кырдаалга байланыштуу Орусия 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия менен аба каттамын чектеди.

“Көрүлгөн чаралардын натыйжасында биз жыйынтыктарды ала баштадык. Рамазан айынан кийин кадимки жашоого кайтып келишибиз үчүн, жаңы учурлардын санын суткасына беш миңге чейин түшүрүшүбүз керек. Болбосо, туристтик ишмердүүлүккө кайтып келе албайбыз”, - деди Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынынан кийин жасаган телекайрылуусунда.

Президенттин айтымында, шаар арасында барып-келүүлөр уруксат менен гана мүмкүн  жана локдаун мейманканаларга да тиешелүү болот.
“Бардык кеңселер жабылат, процесс токтогонго болбой турган абдан зарыл кызматтар менен өндүрүш гана иштейт”, - деди Эрдоган.

Марттын аягында, Түркиянын 81 провинциясынын 58инде, анын ичинде Стамбул, Анкара, Анталья, Мугле шаарыларында вирус жуктуруунун учурлары көбөйгөндүгүнө байланыштуу, дем алыш күндөрү жума күнү саат 21:00дөн дүйшөмбү саат 05:00гө чейин коменданттык саат кайрадан киргизилген. Мындан тышкары, мусулмандардын ыйык Орозо айында, 13-апрелден 12-майга чейин, өлкө боюнча кафе-ресторандар жеткирүү жана алып кетүү режиминде гана иштешет.

Кийинчерээк Эрдоган чектөө чаралары күчөтүлгөнүн, атап айтканда шаар аралык маршрутка чектөө киргизилип, күнүмдүк коменданттык сааттын узактыгы көбөйгөнүн - эми ал саат 19:00дөн 05:00гө чейин созуларын жарыялаган.

Түркияда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруунун 4,6 миллион учуру аныкталып, 38 миңден ашуун адам каза болду.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети