• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
189 Категория: В мире - Published: 22/04 - 16:36

БИШКЕК, 22-апрель. — Eurasia Today. Түркияда коронавирус эпидемиясынын жайылышына байланыштуу жума күндөн жекшембиге чейин 24 сааттык коменданттык саат киргизилет.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Өткөн жумада бир суткада вирус жуктуруп алуунун рекорддук саны катталса, кечээ күнү эң көп өлүм-житим – 346 учур катталды.

"23-апрель – мамлекттик майрам Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнү болгондуктан, ушул жумада сыртка чыгууга чектөө 22-апрелде саат 19: 00дө башталып, 26-апрелде саат 05: 00дө аяктайт", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

 Коменданттык сааттын жүрүшүндө жарандар өз үйлөрүнөн азык-түлүк дүкөндөрүнө жана дарыканаларга саат 10: 00дөн 17: 00гө чейин, дарыгерлерге кайрылуу жана иттерди сейилдетүү үчүн гана чыга алышат.

Эске салсак, буга чейин Орусия Түркиядагы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу, 15-апрелден 1-июнга чейин бул өлкө менен аба каттамын чектеген.

Марттын аягында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн 81 провинциясынын 58инде, анын ичинде Стамбул, Анкара, Анталья, Мугле шаарыларында вирус жуктуруунун учурлары көбөйгөндүгүнө байланыштуу, дем алыш күндөрү жума күнү саат 21:00дөн дүйшөмбү саат 05:00гө чейин коменданттык саат кайрадан киргизилгенин айткан.

Мындан тышкары, мусулмандардын ыйык Орозо айында, 13-апрелден 12-майга чейин, өлкө боюнча кафе-ресторандар жеткирүү жана алып кетүү режиминде гана иштешет.

Кийинчерээк Эрдоган чектөө чаралары күчөтүлгөнүн, атап айтканда шаар аралык маршрутка чектөө киргизилип, күнүмдүк коменданттык сааттын узактыгы көбөйгөнүн жарыялаган - эми ал саат 19:00дөн 05:00гө чейин созулат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
81.57
0.00
EUR
79.55
0.00
KZT
0.17
0.00
RUB
1.36
0.00
TJS
7.92
0.00
TMT
23.16
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+10°C Москва
+14°C Астана
+16°C Бишкек
+13°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети