• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
84 Категория: В мире - Published: 19/04 - 16:34

Дүйнөдө коронавирус илдетинен көз жумган адамдардын саны 3 003 794төн ашты.

Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө шилтеме берип маалымдайт.

Уюмдун маалыматына караганда, коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпысынан 140 322 903 адам вируска чалдыкса, 79 840 908 бейтап сакайды.

ДССУнун статистикасы вирус жуктуруп алгандар жана каза болгондор жөнүндө мамлекеттер тарабынан берилген расмий тастыкталган маалыматты гана эске алат.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнө жүзүндө вируска чалдыккандардын жана курмандыктардын саны тездик менен көбөйүп жатканын айткан. Ал дүйнөдө акыркы эки айда бир жумада катталган коронавирус жуктуруунун жаңы учурларынын саны дээрлик эки эсеге көбөйгөнүн билдирген. 

Коронавирус жуктурган жана андан көз жумган адамдардын көптүгү жагынан АКШ биринчи орунда турат. Ал жерде 31,5 миллиондон ашык учур катталган. Кийинки орунда Индия (14,5 миллиондон ашык) жана Бразилия (13,8 миллиондон ашык) турат.

Кыргызстанда 19-апрелге карата бир сутка ичинде вирус жуктуруунун 221 учуру аныкталып, жалпы ооругандардын саны 92 095ге жетти. Ошол эле учурда COVID-19 илдетинен  пневмонияны эсепке алганда жалпы 87 056 киши сакайды. Сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 бейтап каза болуп, жалпы курмандыктын саны 1555ке жетти.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
102.46
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+23°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+27°C Ташкент

Соцсети