• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
31 Категория: В мире - Published: 19/04 - 15:18

Сирияда президенттик шайлоо 26-майда өтөт.

Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, 26-майда өтө турган Сирия президенттигине талапкерлерди көрсөтүү 19-апрелде башталмакчы.

Тийиштүү чечим Араб Республикасынын Элдик Кеңеши (Парламент) тарабынан кабыл алынды.

Берилген маалыматтарга караштуу, Сириядагы жарандар үчүн президенттик шайлоо 26-май, шаршемби күнү өтсө, Сириянын чегинен тышкары жүргөн сириялык жарандар үчүн шайлоо дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагында 20-майда өтөт.

Ал эми талапкерлерди каттоо дүйшөмбү күнү, 19-апрелде башталат жана он күнгө созулат - деп айтылат парламенттин отурумунда жарыяланган чечимде.

Эске салсак, буга чейинки Сириядагы президенттик шайлоо 2014-жылы альтернативдик негизде өткөн. Добуш берүүгө өлкөнүн жарандарынын 73,5%ы катышкан. Андан кийин  Араб Социалисттик Кайра Жаралуу партиясынын лидери Башар Асад жеңип, аны шайлоочулардын 88,7%ы колдогону аныкталган.

Сириянын кабыл алынган 2012-жылкы Конституциясы президенттик кызматты эки жыл катары менен эки жылдык мөөнөткө чектейт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.71
-0.07
EUR
103.10
+0.62
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.15
+0.49
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+28°C Ашхабад
+21°C Ташкент

Соцсети