• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
193 Категория: В мире - Published: 17/04 - 13:33

Елизавета IIнин жубайы, ханзаада Филипп бүгүн Виндзор сарайындагы Ыйык Георгий чиркөөсүндө жерге берилет.

Бул тууралуу "Eurasia Today" агенттиги чет элдик басылмаларга шилтеме берип маалымдайт.

Маалыматка ылайык, коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу коштошуу зыйнатына 30 гана киши катышат. Алардын катарына, ал тургай премьер-министр Борис Жонсон да киргизилген жок. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кыскартылган форматта өтө турганына карабастан, ага падышалык армиянын жана флотунун жүздөгөн аскер кызматкерлери катышат.

Эдинбург герцогунун табыты Ыйык Георгий чиркөөсүнө атайын ылайыкташтырылган Land Rover унаасы менен жеткирилет. Жүрүштү мураскер ханзаада Чарльз жана анын карындашы, ханбийке Анна жетектейт.

Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин жубайы Эдинбург герцогу Филипп 9-апрелде 100 жашында дүйнө салган.

Эске салсак, ханзаада Филипп Эдинбург герцогунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров  Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Королевасы Елизавета IIге терең кайгыруу менен көңүл айткан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.71
-0.07
EUR
103.10
+0.62
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.15
+0.49
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+28°C Ашхабад
+21°C Ташкент

Соцсети