• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
148 Категория: В мире - Published: 15/04 - 18:22

Улуу Британияда падышалык үй-бүлө Елизавета IIнин жубайы, ханзаада Филипптин жакындары менен түшкөн сейрек сүрөттөрүн жарыялады.

Бул тууралуу "Eurasia Today" агенттиги Падышалык үй-бүлөнүн Instagram баракчасындагы билдирүүгө шилтеме берип маалымдайт. 

Эдинбург герцогу өзүнүн неберелери жана чөбөрөлөрү менен: ханзаада Уильям менен Кейт Миддлтондун балдары - Жорж жана Луи, ханбийке Шарлотта, ошондой эле ханбийке Аннанын балдары: Айла Филлипс, Мия жана Лена Тиндалл менен сүрөткө түшкөн.

Ошондой эле Букингем сарайы Британия ханышасы Елизавета II жана анын жубайы Филипптин ханзаада Уильям жана Кейт Миддлтон жана алардын балдары - ханзаада Жорж жана ханбийке Шарлотта менен түшкөн сүрөтүн бөлүштү.

Мындан тышкары, жаш герцогдун ат үстүндөгү ак-кара түстөгү сүрөтү жарыяланды.
 

Эске салсак, Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин жубайы Эдинбург герцогу Филипп 9-апрелде 100 жашында дүйнө салган. Эдинбург герцогу 17-апрелде Виндзор сарайындагы Ыйык Георгий чиркөөсүндө жерге берилет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
102.46
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+17°C Алматы
+18°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+20°C Ташкент

Соцсети