• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
404 Категория: В мире - Published: 30/03 - 10:51

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алган Пакистандын президенти Ариф Алви COVID-19 жуктуруп алганын билдирди.

“Менин коронавирус боюнча тестимдин жыйынтыгы оң чыкты... Мага вакцинанын биринчи дозасы сайылган, бирок антителолор бир аптадан кийин жасала турчу экинчи дозадан кийин гана пайда боло баштайт. Этият болууңузду өтүнөм”, - деп жазды Алви Твиттердеги баракчасына.

Президент жана анын жубайы Самина Алви экөө Исламабадда Кытайдын “Sinopharm” компаниясы чыгарган вакцина менен эмдөөдөн өткөн. “Президент Ариф Алвинин белгилери жеңил, анын маанайы жакшы. Мен дагы коронавируска каршы текшерүүдөн өттүм, анын жыйынтыгы терс чыкты, мен карантиндемин. Биз вакцинанын биринчи дозасын алганбыз, бирок иммунитет пайда болуу үчүн убакыт керек. Мен баардыгынан эмдөөнү улантууну жана коронавирустан коргонуу үчүн стандарттуу операциялык процедураларды колдонууну суранам”, - деп жазды Пакистандын президентинин жубайы Твиттердеги билдирүүсүндө.

Буга чейин вакцинанын биринчи дозасын алган Пакистандын премьер-министри Имран Хан коронавируска чалдыккан. Пакистандын коргоо министри Первез Хаттак дагы коронавирус жуктуруп алганын Синд провинциясынын губернатору Имран Исмаил билдирген. Пакистанда коронавируска каршы эмдөө 3-февралда, Кытайдан “Sinopharm” вакцинасынын 500 миң дозасын алгандан эки күндөн кийин башталган. Бул вакцина инактивацияланган вирустан жасалган жана кеминде 16 мамлекетте жактырылган.

Булак: РИА Новости

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети