• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
352 Категория: В мире - Published: 10/03 - 11:08

БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Беларуста мамлекетке чыккынчылык кылган аткаминерлер же аскер кызматкерлери өлүм жазасына тартылат.

“Кылмыш жоопкерчилиги маселелери боюнча кодекстерди өзгөртүү жөнүндө” мыйзамга өлкө президенти Александр Лукашенко кол койду. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам боюнча мамлекетке чыккынчылык кылууга, бийликти басып алуу максатында кутумга барууга, тыңчылык кызмат көрсөтүүгө шектелген кишилерди камакта кармоо мөөнөтү үч суткадан он суткага чейин жогорулайт. Шектүүгө айып тагуу мөөнөтү 20 суткага чейин көбөйөт.

Документте терроризмди үгүттөө жана Куралдуу Күчтөрдү дискредитациялоо үчүн да жоопкерчилик каралган.

Бул арада диверсия жасоого даярдык көргөн, бирок кийин ниетинен баш тарткан жана бул сыяктуу кылмыштарды бөгөттөөгө көмөк көрсөткөн кишилер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Буга чейин Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоору деструктивдүү элементтерге бөгөт коюу жана мамлекетке чыккынчылык кылууга каршы чечкиндүү күрөшүү үчүн керек экенин белгилеген.

Эске салсак, 2022-жылдын майында Лукашенко теракттарды ишке ашыруу аракети үчүн өлүм жазасын колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койгон.

Беларус Европада өлүм жазасы колдонулган жалгыз өлкө бойдон калууда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети