БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирустан каза болгондордун саны 13 пайызга өскөнүн жарыялады.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, 26-декабрдан 22-январга чейинки аралыкта 11 миллиондон ашык адам коронавирус жуктуруп, 55 миңден ашуун адам каза болгон.
Уюм COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны мурунку 28 күнгө салыштырмалуу 25 пайызга азайганын билдирди.
16-январдан 22-январга чейинки аралыкта вирус жуктуруунун эң көп учурлары Япония (672 526 адам) жана АКШда (323 721) аныкталган.
25-январга карата ДССУга пандемия башталгандан бери 664 873 023 коронавирус инфекциясы жана 6 724 248 адам каза болгону катталган.
Белгилей кетсек, буга чейин россиялык инфекционист Евгений Тимаков коронавирустук пандемия бир-эки жылдан кийин бүтөрүн айтып, аны токтотуу мөөнөтүн белгилеген.
Анын айтымында, вирус адаптацияланышы үчүн төрт-беш жыл керек. Ал кошумчалагандай, эгер адамдын иммундук системасы начар болсо, коронавирустун жаңы линиялары пайда болот.
Буга чейин дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус COVID-19дун пандемия макамы 2023-жылы жоюла турганын айткан.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустун биринчи учуру 2020-жылдын 18-мартында катталган.
2022-жылы жана 2023-жылдын 22 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 843 учуру катталып, анын ичинен 19 832 (90,7%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2011и (9,3%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.
Валюта курсу
Аба ырайы