Ливандык «Хезболла» кыймылы Иранга каршы кандай гана агрессиялык чабуул болбосун аны өзүнө каршы жасалган чабуул катары карай турганын билдирди.
Бул тууралуу Fars News агенттиги маалымдады.
Катарлык Аль-Араби аль-Жадид басылмасы Хезболла кыймылынын булактарына таянып маалымдагандай, АКШнын Иранга каршы мүмкүн болуучу чабуулу боюнча расмий позиция буга чейин кыйылдын баш катчысы Шейх Наим Касем тарабынан билдирилген жана азырынча жаңы өзгөрүү жок.
Булактардын айтымында, эгер чабуул жасалса, Шейх Наим Касем аскерий кийлигишүү тууралуу так чечим жарыялаган эмес. Ал бардык мүмкүн болгон варианттар каралып жатканын жана колдоонун ар кандай формалары болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Ошондой эле айрым күчтөр учурдагы кырдаалды пайдаланып, «Хезболлага» басым көрсөтүү жана коомчулукту алдын ала даярдалган маалыматтар аркылуу козутууга аракет кылып жатканы айтылды.
«Биз улуттук кызыкчылыктарды эске алабыз, бирок Иранга каршы кандай гана агрессия болбосун, аны “Хезболлага” каршы агрессия катары кабыл алабыз», – деп белгилешкен булактар.
Буга чейин Хезболланын башкы катчысы шейх Наим Касем бул жолу Иранга каршы согуш башталса, бүтүндөй аймак жалындай турганын айтып, кыймыл бейтарап болбой турганын эскерткен.
Ал АКШнын Иранга карата коркутуусун Хезболлага жасалган коркутуу деп эсептей турганын айткан.















