Палестиналык ХАМАС кыймылынын делегациясы 19-майда Тегеранда Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөлөрү Бассем Наим жана Усама Хамдан Иранга “Тегеран диалогу” форумуна катышуу үчүн келишкен.
Бул жолугушууда Газадагы учурдагы окуялар, өзгөчө израилдик режимдин кылмыштарынын жаңы айлампасы талкууланып, пикир алмашылды.
Палестинанын мурдагы саламаттыкты сактоо министри Бассем Наим Газа тилкесиндеги оор гуманитардык кырдаалга жана агрессивдүү режимдин Газа калкын жамааттык түрдө жазалоо үчүн суу менен тамак-ашты курал катары колдонуусуна токтолуп, Газа эли жана каршылык көрсөтүү топтору сионисттик режимдин кылмыштарына каршы турууну уланта беришерин кошумчалады.
“Израилдик режим ортомчу өлкөлөрдүн аракетине карабастан согушту токтотууну көздөбөй, сүйлөшүүлөрдү убакытты утуп алуу үчүн гана колдонууда жана согуш талаасында жетише албаган максаттарын сүйлөшүүлөрдө Палестина элине таңуулоого аракет кылууда”, – деди ал.
ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү, ар кандай сүйлөшүүлөрдө каршылык көрсөтүүнүн бирден-бир максаты Палестина элинин кызыкчылыктарын жана тынчсызданууларын кепилдөө, анын ичинде согушту толук токтотуу, Газа тилкесинен оккупациялоочу күчтөрдү чыгаруу жана Газага жасалган ырайымсыз блокаданы алып салуу экенин баса белгиледи.
Ал Палестинаны колдогон дос өлкөлөрдүн аракеттерине ыраазычылык билдирип, Иран Ислам Республикасынын элинин жана өкмөтүнүн Палестина элине көрсөткөн колдоосун жогору баалап, Газа тилкесинде уланып жаткан геноцидди токтотуу үчүн ислам өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн сионисттик режимге кысымын күчөтүүгө чакырды.
Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз кезегинде ХАМАСтын делегациясына “Тегеран диалогу” форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Израиль менен АКШнын ок атышууну токтотуу боюнча сунуштаган пландары Палестина элинин негизги кызыкчылыктарына жана талаптарына жооп бербей турганын билдирди.
Аракчи Иран Ислам Республикасынын Палестинанын каршылык көрсөтүүсүнө жана элине сионисттик режимдин кылмыштарына каршы, өзгөчө дипломатия тармагында жана аймактык жана эл аралык форумдарда колдоо көрсөтүүсүн улантарын баса белгиледи.
2025-жылдын 18-19-майында Тегеран шаарында Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Саясий жана эл аралык изилдөөлөр борбору тарабынан уюштурулган “Тегеран диалог форуму-2025” болуп өттү. Ага 53 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Форум аймактык кызматташтык, дипломатия жана глобалдык тынчтык маселелерин талкуулоого багытталган жана актуалдуу глобалдык жана аймактык маселелер боюнча диалогду өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын ачылышында Ирандын президенти Масуд Пезехиан жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи сөз сүйлөштү. Иш-чарада Ирандын жана Жакынкы Чыгыштын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү сөз сүйлөштү.















