📍 Палестиналык ХАМАС кыймылы Израилдин аскерлери Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында Палестинанын Кызыл жарым ай коому менен жарандык коргонуу кызматтарынын 14 кызматкерин өлтүрдү деп айыптады.
📢 ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу ХАМАС кыймылынын Telegram-каналында билдирүү жарыяланды.
«ХАМАС Израил армиясы Рафахтын Телль-эс-Султан районунда жасаган кылмышты катуу айыптайт. Ал жерде бир нече күн мурда байланышы үзүлгөн жарандык коргонуу кызматтарынын алты кызматкеринин жана Кызыл жарым ай коомунун сегиз медицина кызматкеринин сөөктөрү табылды», — деп айтылат билдирүүдө.
📌 Кыймылдын маалыматына караганда, каза болгондордун колдору байланган жана алар жалпы мүрзөгө көмүлгөн.















