Палестиналык ХАМАС кыймылы шайлоо өткөнгө чейин Газа тилкесин башкаруу үчүн көз карандысыз ишмерлерден турган комитет түзүүгө макул болгонун жарыялады.
Мындай чечим кыймылдын делегациясы менен Египеттин чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынып, ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу келишиминин алкагында талкууланды.
ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, бул комитет улуттук шайлоолор, анын ичинде президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлгөнгө чейин Газаны башкарууга жооптуу болот.
ХАМАСтын күн мурун жасаган билдирүүсүнө караганда, кыймылдын Лидерлик кеңешинин төрагасы Мохаммед Дарвиш башында турган делегациясы Каирде Египеттин башкы чалгын кызматынын башчысы Хасан Рашад менен жолугуп, ок атышууну токтотуу келишиминин аткарылышы жана туткундардын алмашуусу талкууланды. Бул жолугушууда тараптар келишимдин жоболорун сактап, тез арада сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабын баштоо, өтмөктөрдү ачуу, гуманитардык жардамдын эч кандай чектөөсүз киришине шарт түзүү зарылдыгын белгилешти.
Палестиналык кыймыл Египеттин палестиналыктарды көчүрүү пландарына каршы туруу аракетин жогору баалап, Араб саммитинин жыйынтыктарын, өзгөчө Газаны кайра куруу планын жана Палестина элинин ажырагыс укуктарына басым жасоосун кубаттады.
Ал арада ХАМАСтын лидери Махмуд Мардави кыймыл Газада убактылуу ок атышпоого макул болду деген маалыматты четке какты. Ал ХАМАС азыркы келишимди ишке ашырууну жана макулдашылган алкактар боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабын баштоону талап кылууну улантып жатканын жана убактылуу ок атышпоону кабыл алуу тууралуу кабар жалган экенин баса белгиледи.
Израилдин премьер-министринин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман ХАМАС кыймылы менен туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Израиль дүйшөмбү күнү делегациясын Дохага жөнөтөрүн билдирди.
Талдоочулардын баамында, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кабинети Газадагы согушту токтотууну камтыган ок атышпоо келишиминин экинчи этабына кирүүдөн качууга аракет кылууда. Мына ушуга байланыштуу Тель-Авив Вашингтон менен кызматташтыкта согуштук аракеттерди толук токтотпостон, жөөт туткундардын эбегейсиз зор санын бошотуу жөнүндөгү келишимдин биринчи этабын узартууга умтулуп жатат.
Израилдик маалымат булактары Египет жана Катар баш болгон аймактык ортомчулар АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уитткофтун аймакка сапарын күтүп жатканын кабарлашты. Жакынкы күндөрдө болушу ыктымал болгон сапарда 10 израилдик туткундун бошотулушу үчүн ок атышпоону бир нече айга узартуу боюнча Вашингтондун жаңы сунушу камтылышы мүмкүн, бирок так мөөнөтү тактала элек.
Бул кабарларга караганда, бул сунуш боюнча сүйлөшүүлөр АКШ менен ХАМАСтын ортосунда түз жүрүп, ага Израил режими кийлигишпейт.
19-январдан 1-мартка чейин Газа тилкесинде Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы палестиналык туткундардын ордуна израилдик туткундарды бошотуу келишиминин биринчи этабынын алкагында ок атышпоо келишими күчүндө болчу. 2-мартка караган түнү Газа тилкесинде 42 күнгө созулган макулдашылган ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Израиль бийликтери АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Газадагы убактылуу элдешүүнү узартуу боюнча жаңы планды сунуштаганын, анткени азыркы учурда Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согушту толук токтотууга байланыштуу пикир келишпестиктерди жеңүү мүмкүн эмес экенин жарыялады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израил бул планга макул экенин, бирок ХАМАС макул эмес экенин баса белгиледи.
2-мартта Израиль Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тыюу салганын жарыялап, анклавдагы элдештирүү мөөнөтүн узартуу жана барымтадагы калгандарды бошотуу боюнча Американын жаңы планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн ХАМАСка дагы кысым көрсөтөбүз деп коркутту. Израил согуш бүтөөрүнө кепилдик бербестен бардык барымтадагыларды бошотуу үчүн келишимдин биринчи этабын улантууга кызыкдар. ХАМАС өз кезегинде Газа боюнча келишиминин экинчи этабына өтүүнү талап кылууда, анда согушту толук токтотуу жана анклавдан израилдик аскерлерди чыгаруу каралган.


















