22-апрелде Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Жогорку даражалуу мейманды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле бир катар маданий иш-чараларга баруулары пландалган.
С. Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Г. Бердымухамедов 22-апрелде анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев комплекстин аймагында кыскача экскурсия жасатып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин жаралуу тарыхы тууралуу айтып берди.
Ардактуу коноктор борбордун аймагында сейилдөө учурунда улуттук музыкалык аспап формасында жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга комуз чертүү чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко кыргыздын музыкалык маданиятынын символу болгон комузду тартуу кылды.
Мындан кийин Президент жана Төрага улуттук даамдарды тартуулоо учурунда куурма чайдан ооз тийишти.
Кийинчерээк алар комплекстин жанында жайгашкан радон булагына жөнөштү.
Анда Президент С. Жапаров суунун дарылык касиетине токтолуп, ден соолукка тийгизген пайдалуу таасири менен белгилүү болгон мындай булактар Ысык-Көл облусунда миңдеп саналарын баса белгиледи.




















