Россиялык “Газпром” ишканасынын делегациясы газ тармагындагы кызматташтыкты талкуулоо үчүн Иранга сапары менен барды, деп айтылат холдингдин билдирүүсүндө.
“Тегеранда Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер Ирандын президенти Масуд Пезешкян жана мунай министри Мохсен Пакнежад менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү. Тараптар соода-экономикалык, анын ичинде газ тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ирандын улуттук газ компаниясынын башкы директору Саид Таваколи менен да жолугушуу болду.
2024-жылдын июнь айынын аягында “Газпром” менен Ирандын улуттук газ компаниясы россиялык газдын Иранга жеткирилишин уюштурууну өнүктүрүү боюнча стратегиялык меморандумга кол коюшкан. Тараптар ошондой эле меморандумду ишке ашыруунун артыкчылыктуу кадамдарын жана энергетика тармагындагы кызматташуунун башка багыттарын талкуулашты.
2024-жылдын июнь айынын аягында “Газпром” менен Ирандын “National Iranian Gas Company” россиялык газдын Иранга жеткирилишин уюштурууну өнүктүрүү боюнча стратегиялык меморандумга кол коюшкан. Тараптар ошондой эле меморандумду ишке ашыруунун артыкчылыктуу кадамдарын жана энергетика тармагындагы кызматташуунун башка багыттарын талкуулашты.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев Москва менен Тегеран Азербайжан аркылуу Иранга газ куурунун маршруту боюнча макулдашканын, сүйлөшүүлөр жеткирүү баасын макулдашуунун акыркы баскычында экенин билдирген. Алгачкы жеткирүүлөрдүн көлөмү 2 миллиард куб метрге чейин жетиши мүмкүн, кийин бул көрсөткүч 55 миллиард куб метрге чейин жеткирилет.















