Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Газада ачкадан каза болгондордун саны 180ге жетти. Алардын 93ү балдар

  • Батыш Азия, Дүйнө, Коом
  • 05.08.2025 12:17

Loading

Газа тилкесинде ачкачылыктан кеминде 180 адам, анын ичинде 93 бала каза болду.

Бул тууралуу Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Telegram каналында билдирди.

“Акыркы 24 сааттын ичинде Газадагы ооруканаларда ачарчылыктан жана жетишсиз тамактануунун кесепетинен каза болгон беш адам катталды”, — деп билдирди министрлик.

Тема боюнча

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

13.11.2026

Ошентип, ачкачылыктан каза болгондордун жалпы саны 180ге жетти, анын ичинде 93 жашы жете элек бала бар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, анклавда 2023-жылдын октябрынан бери күчөгөн жаңжалдын курмандыктарынын жалпы саны 60 430га жетип, 148 000ден ашуун адам жаракат алган.

2025-жылдын 2-мартынан бери Газа тилкесине эл аралык гуманитардык жардам кирбей жатат. Израил мамлекетинин бийликтеринин чечими менен бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары жабык бойдон калууда жана азык-түлүк бөлүштүрүү Израил-Америка башкарган “Газага гуманитардык жардам” фондунун (GHF)  пункттарынын системасы аркылуу ишке ашырылууда.

Бирок Израилдин аскерлери жардам пункттарына келген адамдарга ок чыгаган учурлар бир нече жолу катталган. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 27-майдан тартып GHF уюму иштей баштагандан бери 1054 адам гуманитардык жардам алууга аракет кылып жатып окко учкан же тебеленип каза болгон.

Анын ичинен 766 адам GHF пункттарынын жанында, 288и БУУ жана башка уюмдардын пункттары менен колонналарынын жанында мерт болгон.

Март айында Израилдин армиясы январь айында түзүлгөн ок атышпоо келишимин бузуп, анклавда согушту кайра баштаган. Египет, Катар жана АКШнын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасында жаңжалдын тараптары жаңы келишимдин шарттары боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.

Учурда гуманитардык жана адам укуктарын коргоо уюмдары Газа секторунда жапырт ачарчылык жайылып жатат деп коңгуроо кагышууда.

Израил эл аралык коомчулуктун басымынан кийин 26-июлдан баштап Газага абадан гуманитардык жардам таштоого макулдук берип, БУУнун агенттиктери жана башка эл аралык уюмдардан гуманитардык жүк ташыган 200дөй жүк ташуучу унааны Газа тилкесине киргизди. Андан бери бир катар араб жана Европа өлкөлөрү асмандан Газага бир нече таңгак гумжардам ташташты.

Газа тарап Израиль жарыялаган жеңилдиктерге карабай гуманитардык абал начар экенин, келген жардам дагы эле 2,4 миллион тургунга жетпей турганын билдиришти.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ачарчылыкГаза
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

14.11.2026
БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

13.11.2026
Иран парламентинин депутаты Израиль басып алган аймактар бир саатка жетпеген убакытта жашоого жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин эскертти

Иран парламентинин депутаты Израиль басып алган аймактар бир саатка жетпеген убакытта жашоого жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин эскертти

27.10.2026
Газада каза болгон израилдик туткундун энеси Нетаньяхуга кайрылды: «Сен менин уулумду өлтүрдүң»

Газада каза болгон израилдик туткундун энеси Нетаньяхуга кайрылды: «Сен менин уулумду өлтүрдүң»

15.10.2026
8 араб жана ислам өлкөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсү: Израилдин агрессиясы Газадагы ок атышпоо келишимин бузду

8 араб жана ислам өлкөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсү: Израилдин агрессиясы Газадагы ок атышпоо келишимин бузду

07.08.2026
Адам укуктары боюнча борбор: Израиль Газадагы жайкын тургундарга каршы чабуулдарын системалуу түрдө күчөтүүдө

Адам укуктары боюнча борбор: Израиль Газадагы жайкын тургундарга каршы чабуулдарын системалуу түрдө күчөтүүдө

01.08.2026
ХАМАС кыймылы Халил аль-Хайяны жаңы лидери кылып шайлады

ХАМАС кыймылы Халил аль-Хайяны жаңы лидери кылып шайлады

21.07.2026
Суданда 200 миң адам холера, кызамык жана азык-түлүк кризисинен улам коркунуч алдында

Суданда 200 миң адам холера, кызамык жана азык-түлүк кризисинен улам коркунуч алдында

06.07.2026
Газа секторундагы согуштан кийин Израилдин каржылык чыгымдары 205 миллиард долларга жакындады

Газа секторундагы согуштан кийин Израилдин каржылык чыгымдары 205 миллиард долларга жакындады

25.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.