Кечээ Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынына катышты.
Министр жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан жана Түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилигинин катышуусу менен “Бактылуу үй-бүлө – бакубат мамлекет” аттуу Форумду уюштуруу жана өткөрүүнү сунуштап, «Биз Түрк тилдүү мамлекеттердин келечек муундары үчүн бирдиктүү фонд түзүүнү зарыл деп эсептейбиз, ал балдардын жана жаштардын руханий, физикалык, чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде бизнес – демилгелерди, стартаптарды каржылоого, ошондой эле үй-бүлө, ата-эне жана бала институтун чыңдоо жана өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлорду, иш-чараларды колдоо болуп эсептелет – деди.
Ал, мындан тышкары дагы бир топ маанилүү маселелерди белгилеп, Социалдык коргоо 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын негизи болуп саналат жана бул КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан майыптыгы бар адамдарды коомдук турмушка максималдуу киргизүү милдети коюлганын белгиледи.
Эскерте кетсек, бул жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев да катышты.


















