Жекшемби күнү Парижде француздар Израилдин Ливан жана Газага жасаган кылмыштуу чабуулдарына каршы митингге чыгышты. Алар Израилдин Газадагы жана Ливандагы аба чабуулдарын токтотууну талап кылышты. Митингдин катышуучулары ошондой эле Франциянын Израилге колдоосун айыпташты.
NBC News маалымдагандай, “Республика” аянтына чогулган демонстранттар колдоруна Ливандын желектерин жана “Ок атууну азур токтоткула”, “Ливандан колунарды тарткыла”, “Газадагы геноцид токтотулсун” жана “Израилге бойкот жарыялагыла” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Митингге «Багынбаган Франция» солчул партиясынын өкүлдөрү да катышты.

Былтыр октябрда Газа тилкесинде согуш башталгандан бери Израиль менен ливандык “Хезболла” кыймылы дээрлик күн сайын бири-биринин аймагына сокку урууда.
Акыркы жумаларда Израиль Ливандагы аба соккуларын күчөтүп, андан бери дегенде эле 1000ден ашуун адам өлүп, 6,3 миңден ашууну жарадар болду. 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө максаттуу аба соккулары жасалып, анын натыйжасында “Хезболла” кыймылынын жогорку даражалуу командирлери, анын ичинде кыймылдын көп жылдардан берки лидери Хасан Насрулла жок кылынды. Кыймыл 28-сентябрда Насрулланын өлүмүн расмий тастыктады.
Израилдик чабуулдары андан кийинки күдөрү да улантылып, натыйжада акыркы суткада эле кеминде 105 киши набыт болуп, 300дөн ашууну жаракат алганын Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Израилдин Ливандагы аба соккулары башталгандан кийин 100 миңдей ливандык жана сириялык Сирияга кетүүгө аргасыз болгонун БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары билдирди. Жер которгондордун 60%га жакыны сириялыктар, 40%ы ливандыктар.
Андан мурда Ливандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Нажиб Микатини Израилдин Ливанга массалык соккулары башталгандан кийин өлкө ичинде жер кторгон адамдардын саны миллионго жеткенин билдирген.


















