Вашингтон европалык товарларга алым (пошлина) киргизсе, Евробиримдик АКШга чечкиндүү жооп кайтарат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
“Эгерде бизге каршы пошлина адилетсиз түрдө салынса, Евробиримдик чечкиндүү түрдө жооп берет” — деген фон дер Ляйен 3-февралда Брюсселде Евробиримдиктин бейформал саммитинен кийинки басма сөз жыйынында.
Ал кошумчалагандай, Евробиримдик үчүн прагматик болуу, тез реакция кылуу, зарыл болгон учурда талкууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү.
Мындан тышкары, биримдиктин башчысы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана өндүрүмдүүлүктү күчөтүшү керек экенин белгиледи.
Январь айында АКШ президенти Дональд Трамп Евробиримдиктен келген товарларга импорттук бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. Ал өз чечимин европалыктардын АКШга болгон жаман мамилеси менен түшүндүргөн. Атап айтканда, Ак үйдүн башчысы Евробиримдикте америкалык автоунааларга, айыл чарба продукцияларына жана башка товарларга суроо-талап жок деп ырастаган.
Буга жооп катары Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШнын президенти Дональд Трамптын Евробиримдиктен импорттолгон товарларга бажы алымын киргизем деген билдирүүсүн айыптап, анын дүйнөлүк соодага тийгизе турган таасири тууралуу эскертти.
Германиянын вице-канцлери Роберт Хабек Трамп Евробиримдиктен келген товарларга бажы алымын киргизсе, Европа өлкөлөрү да АКШга бажы алымдарын киргизүүгө даяр экенин билдирген.
2024-жылдын декабрь айында АКШ президенти Европа Биримдиги өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып алууну көбөйтпөсө, тарифтердин кымбатташына туш болорун айткан. Трамп шайлоо алдында да душман да, дос өлкөлөргө да 10 же 20% тарифтерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн айткан.
Буга чейин АКШ Мексика, Канада жана Кытайга бажы алымдарын киргизген. Алар 1-февралдан тарта күчүнө кирген.
Трамп ошондой эле Даниянын автономиялуу аймагы Гренландияны көзөмөлгө алам деп коркуткан. Бул аракеттер АКШнын өнөктөштөрүндө Трамптын трансатлантикалык мамилелерди сактап калуу милдеттенмесинен күмөн санашына себеп болду.
Трамптын коркутууларынан жана Европанын тынчсызданууларынан кийин Евробиримдиктин лидерлери 3-февралда Брюсселде жыйын өткөрүшүп, АКШнын тарифтери эң маанилүү темалардын бири болду.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон дүйшөмбү күнү эгер АКШ президенти бажы тарифтери боюнча коркутууларын аткарса, Евробиримдик өзүнүн күчүн көрсөтүшү керек деди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц трансатлантикалык кызматташтык баарына пайдалуу экенин, ал эми соода согушу Америка менен Европага зыян келтирерин билдирди.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск да соода согушун жаратуу аракетин толук жаңылыштык деп атады.
Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Кая Каллас соода согуштарынын жеңүүчүлөрү жок экенин айтып, бизге Америка керек, ал эми америкалыктар бизге керекбиз деп билдирди.
















