1825 Категория: Мнение эксперта - Published: 16/05 - 17:14

БИШКЕК, 16-май. — Eurasia Today.  Учурда Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган казино тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкууланууда. Ал тургай депутат А. Малиев  кумар оюнун Куранга байланыштырып жиберди. Биз Ыйык китепте арак, казино, дегеле кумар оюндары тууралуу кандай айтылгандыгы боюнча теолог Иманбек Азизилла уулуна кайрылдык.

Сөздү пайдадан зыяны көп спирттик ичимдиктерден баштасак, аракка байланыштуу 4 аят түшкөн. Мас кылуучу ичимдиктер хижраттын 4-жылы арам кылынган. Ага чейин мединалык мусулмандар кадимкидей мас кылуучу ичимдиктерди ичишкен. Пайгамбарыбыздан арактын өкүмү суралган учурда айтылуу сахаба Аз. Умар (р.а.) Алла Тааладан арак боюнча ачык баян кылышын тилеп дуба кылат. Көп өтпөй төмөнкү аят түшүрүлгөн:

«Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө чоң күнөө бар. Бирок адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак...»

(Бакара, 219).

Ушул аят түшкөнгө чейин арабдар арак жана кумардын зыян жактарына көңүл бурбай, пайдаларына гана басым жасап туруп алышкан. «Пайда» дегенде көңүл ачуу, ырахаттануу, келгендерге сый тамак берүү, анча-мынча бей-бечарага жардам берүү сыяктуу көрүнүштөр жөнүндө сөз болууда. Мындагы «пайда» материалдык пайда экенин айткандар да бар. Ыйык Курандын жогорку аятында арак жана кумардын пайдадан зыяны көп экени ачык билдирилген. Ушундан соң айрым мусулмандар аракты таштаса, калгандары иче берген.

Деген менен кээ бир жагымсыз көрүнүштөр улана берген. Айталы, асхабдан (сахабалардан) бири шарап ичкендиктен шам намазы убагында кыраат жана маани бузула турганчалык жаңылыш окууга жол берет. Бирок али абсолюттуу тыюу келе элек болчу. Азирети Умар (р.а.) жогорку дуба-тилегин кайрадан кайталайт. Ошондо төмөнкү аят түшүрүлөт:

«Эй ыйман келтиргендер! Силер мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! Ошондой эле булганыч абалыңарда да жуунганга чейин (намаз окубагыла)!..»

(Ниса, 43)

Кудай таала кээ бир маселелерди себептүү, кээ бирлерин себеп көрсөтпөй туруп арам-адал деп белгилеген. Ал себеп көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Милдеттүү болгон биз – пенделербиз. Жогорку аят түшкөндө мас кылуучу ичимдик ичкендер, «Эй Алланын Элчиси, биз намаз жакындаганда арак ичпейбиз», – дешти. Пайгамбарыбыз унчуккан жок. Намаз жакындаганда мастар намазга келбесин деп катуу айтылды. Ушуга карабай кээ бир адамдар мас абалында намазга келишти. Даңазалуу сахаба аз. Умар (р.а.) кайрадан аракка ачык тыюу тилеп, дуба кылды. Ошондо:

«Эй момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутуларсыңар. Чындыгында шайтан аракта, кумарда ортоңорго душмандык же кек салып, Алланы эстөөдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?»

(Маида, 90-91)

– деген маанидеги буйрук түшөт. Ошондогу алтын муундун ыйман-ыкласынын тереңдигин караңыз, тыюу түшөр менен бүткүл идиштердеги арактарды төгүп жиберишкенде Мединанын көчөлөрүндө сел болуп аккан деп рабаят кылынат. Үчүнчү этаптагы (сафхадагы) жогорку аят ага чейинки аяттардын күчүн токтотуу (мансух) менен бирге арак жана кумардын абсолюттуу түрдө арам экенин билдирген чекит болуп саналат.

Аяттарды түшүнүү үчүн жетиштүү диний билим же маалымат талап кылынат. Даярдыгы жок эле көрүнгөн адам Куранды чечмелесе адашууга кириптер болуп калышы мүмкүн. Иттин уулу байгарадан бери чечмелеп, фатва берип же өкүм чыгара бергидей шарият жана дин илимдери оюнчук эмес. Бул тармакта жаштыгын жана өмүрүнүн бир бөлүгүн арнаган атайын адистер бар. Алар менен кеңешүү керек. Эгерде Кыргызстан калкынын (90 %) мусулман эл катары ислам ааламында орду бар экенин эске алсак, мамлекеттик деңгээлдеги аудиторияларда Ыйык Куранды фальсификациялоо сыяктуу аракеттерге жол берилиши – биздин өлкөнүн кадыр-баркына ачык шек келтирет.

Жогоруда арак менен бир катарда кумар жөнүндө да сөз кылынып, анын арам экени ачык билдирилген. Мындан сырткары Ниса сүрөсүнүн 29-аятында «Эй ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү арам жолдор менен жебегиле...» деп ачык буйрулган. Демек, момундар бири-биринин мал-мүлкүн адал болбогон коррупция, уурулук, сүткорлук, шылуундук, каракчылык же кумарпоздук жолу менен жеши арам болуп саналат. Бул шарият талабы. Азыркы учурда күн тартибиндеги кумаркана ачуу сыяктуу демилге да шарият эрежелерине туура келбей калат. Бул биринчи кезекте адал эмес. Адал болбогон оокатта береке болбойт. Адал эмес оокатты оозанган муун моралдык жактан аксап калышы мүмкүн. Казино сыяктуу кумарканаларда шайтандар шапар тээп, адеп-ахлак чөгөрү белгилүү. Кылмыш-кырсык, кандуу конфликттер жана сойкулук күчөйт. Үй-бүлөлөр кыйрап, ал жерге кирген жарандар бар дүйнөсүнөн ажырап калуу ыктымалдуулугу жогору. Кумарканаларга мусулман кыргыздар кирбейт деген жүйөө келтирилсе да диний жагынан актоо кыйын болуп эсептелет. Аяттар менен ачык тыюу салынган маселелерде этият болгон жакшы.

Мамлекетибиз оор жагдайда калды, зарылдык (зарураат) себептүү кумаркана ачса болот деген жүйөө да жетиштүү боло албайт. Себеби, кумарканалар ачылган күндө деле бюджеттин киреше бөлүгү эки жыл ичинде 2 миллиард сомго (25 миллион АКШ долларына) гана жетет экен. Бюджетти толтуруунун башка альнернативалык механизмдерин карап, мындан да көп киреше түшө турган (адал) каналдар каралса жакшы болор эле. Кыскасы, бул маселенин материалдык жагы эле эмес, руханий жагы да эске алынууга тийиш болчу. Эки күн мурдагы биринчи окууда колдоо тапкан мыйзамды эл жакшылары кайрадан көздөн өткөрүп, пайда-зыянын анализдеп, чечкиндүү кадамдарга барса эл алдында да, тарых алдында да жүзү жарык болот деп ойлойм.             

Кайрадан арак жөнүндөгү сөзүбүздү улантсак, бизде мазхаб деген институт бар. Арак биздин мазхабда да, башка үч сунний мазхабда да абсолюттуу түрдө арам делет. Ушул маселеде мазхабды тебелеген жана классикалык методологияны дүңүнөн четке каккан салттуу эмес багыттардын өкүлдөрү дин эрежелеринде көпчүлүктү бириктирип турган мазхабдын артыкчылык-пазилетин даана сезип калгысы бардыр. Биринчи этаптагы «пайда» деген сөздү жетик түшүнбөй, арак жана кумардын пайдасы да бар, демек боло берет деп жыйынтык чыгаргандар адашкандар болуп саналат. Эгерде карасанатайлык менен аятты бурмалап, кара мүртөздүк менен арамды адалдаштырууга бел байлаган тараптар болсо, ага Жазалоочу (аль-Каххар) Өзү жетиштүү. Ал Өз Китебин кыяматка чейин коргоп алуучу. Да бир эске алчу маанилүү жагдай, VII кылымдагы шарапка караганда азыркы күндөгү технологиясы күмөндүү спирттик ичимдиктердин канчалык коркунучтуу экенин; организмдерди уулап, адам өлтүрүү сыяктуу кылмыш-кырсыктарды кескин көбөйтүп, үй-бүлөлөрдү кыйратып жатканын эске алсак, анда Алла Тааланын канчалык даанышман Зат экени жана 15 кылым илгери эле жашообузду идеалдуу тартипке салып койгону маалым болот деп ойлойм.

Жыйынтыктап айтканда акыл-эстүү адам чоң китептин бир жеринен «арактын биртке пайдасы» деген сөздү көрө калып алтын тапкандан бетер чуулдабай, ошол контекст Курандын бүтүндүгүнө туура келеби-жокпу, пайгамбарыбыз арак тууралуу эмне деген, улуу аалымдар кандай жыйынтык (ижтихад) чыгарган деп анализ кылышы керек. Эгер ага илим-билими жана потенциалы жетишсиз болсо ишенимдүү адистерге кайрылып, кеп-кеңеш сурашы кажет. Болбосо шарият да, дин да бузулууга дуушар болот. Куран түшүрүлгөн жана аны эң жетик түшүнгөн пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) арак боюнча айткан сөздөрүн эске салуу максатка ылайык болор.  

Арак жана кесепеттери тууралуу хадистер

 «Бардык мас кылуучу нерсе – арак жана бардык мас кылуучу ичимдиктер – арам» (Сахихайн);

«Ким дүйнөдө дайыма арак ичсе жана тообо кылбастан өлсө, ал киши акырет шербетин иче албайт» (Муслим, 5:100);

«Арактан сактангыла, анткени арак бардык жамандыктын ачкычы» (Хаким, Мустадрак, 4:14);

 «Алла аракты, аны ичкенди, ичиргенди, сатканды, сатып алганды, жасаганды, жасатканды, ташыганды, ташытканды, акчасын алганды каргыштады» (Абу Дауд, Сунан, 2:292);

«Арак бардык ыпластыктын, жамандыктардын энеси» (Даракутни, Сунан, 4:247);

«Көбү мас кылган нерсенин азы да арам» (Абу Дауд, Сунан, 2:294) ж.б.

 

Теги: